Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:11

Бишкек-Дүйшөмбү: Чек араны чечүү айласы


Кыргызстандын атайын кызматынын башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

9-майга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 112 километр чек ара сызыгы аныкталмай болду. Бул тууралуу чек араны тактоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Азырынча тажик тарап бул тууралуу маалымат жарыялай элек.

Жаңы протоколдун мазмуну, эки элдин кызыкчылыгы

2-майда Камчыбек Ташиев Баткендин Максат айылында жергиликтүү эл менен жолугушуусунда 9-майга чейин кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги 112 чакырымды чийип, тактап чыгуу тапшырмасы берилгенин жарыялады.

Камчыбек Ташиев. Баткен. 2-май.
Камчыбек Ташиев. Баткен. 2-май.

“Кол коюлган протокол боюнча 112 чакырым жерди чийүүгө бердик. 5-9-май күндөрү чийилип бүтөт. Ал жерди келишимге киргизип, президенттер кол коюп, ратификациялангандан кийин демаркация ишин баштайбыз. Бул Кулундуга чейин келди. Кийинки баскыч менен бул жакка чейин келет. Бардык жерди эки элдин кызыкчылыгына жараша чечебиз”, - деди Ташиев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

30-апрелде президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшүп, чек ара жаңжалын талкуулаган. Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашканы айтылган.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын чек ара чатагынан кийин, 1-майдын түнү болгон жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлган. Анын алдында ок атышууну токтотуу, аскерлерди чыгарып кетүү боюнча да протокол кабыл алынган. Буга кыргыз тараптан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандан кесиптеши Саймумин Ятимов кол койгон.

2-майда Саймумин Ятимов, транспорт министри Азим Иброгим жана Согд облусунун жетекчиси Ражоббай Ахмадзода Кыргызстандын ичиндеги 40 миң чамалуу тургуну бар Ворух анклавында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда тажик атайын кызматынын башчысы Ятимов кол коюлган келишимдин пункттарын аткаруу керектигин билдирген.

"Биздин башкы максатыбыз - адамдарды тынчтыкта жашоого чакыруу. Буга чейин болгондор өттү, кетти. Биз бүгүн адамдар тынчтыкта жашагандай шарт түзүшүбүз керек. Азыр аскерлерди чек арадан чыгардык. Куралдуу жаңжал аяктады. Биз эми кол коюлган келишимдин пункттарын кадам-кадамы менен аткарып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара көйгөйүнө чекит коюшубуз керек”.

Жапаровдун кайрылуусу, коомчулуктун реакциясы

2-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча кенен кайрылуу жасады. Анда өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч элдин бейпилдиги бузулганы белгиленген. Ошол эле кезде Жапаров Тажикстандын атын атаган эмес. Президент чоң жоготуулардын алдын алуу үчүн куралдуу күчтөргө биринчи болуп ок атпоого буйрук бергенин билдирди.

“Куралдуу күчтөрүбүздүн чектеш мамлекеттин айыл-кыштактарын басып алып жана тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоосуна эч качан жол бербейбиз. Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим. Себеби, чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк. Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлойм. Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук. Кагылышуу дагы канча убакытка уланмак, бир Жараткан билет. Куралдуу кагылышуунун уланып кетишине эки тарап тең жол бербеши керек!”, - деди Жапаров.

Коомчулукта 36 адамдын өмүрүн алып, айылдар талкаланган чатакты иликтөөгө кыргыз бийлиги батыл чараларды көрүшү керек деген талаптар айтылып жатат.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев кыргыз бийлиги катаал сыноого кабылганын белгилейт. Биринчиси – Кыргызстан тажик бийлигин адам курмандыктары үчүн эл аралык коомчулук алдында расмий айыптап чыгуусу. Бирок мында чек араны тактоо татаалдашат. Экинчиси - ушул учурда сүйлөшүү жолу менен делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин эртелетип чечип алуу. Теңизбаев кыргыз бийлиги сүйлөшүү жолуна ыктаганын белгилеп, анын жоопкерчилигине токтолду.

“Эми бул тандоо менен бүтүн жоопкерчилик Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мойнуна жүктөлдү. Эгерде бул кадамдары оң натыйжа берсе, алардын саясий жолу узарат. Эң кооптуусу - чек ара чечилбей ошол эле бойдон калса, элдин нааразычылыгы күч алат”, - деди эксперт.

Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Жамин Акималиев чек ара жаңжалы боюнча бийликтин акыркы аракеттерин кубаттайт. Ал учурда коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин кескин билдирүүлөрдөн карманып турганын эп көрөт.

“Азырынча президенттин айтканын колдойм. Сабырдуулук менен баарын калыбына келтирип алышыбыз керек. Кызуу кандуулукка алдырбай элди тынчыталы. Андан кийин окуяны иликтеп, кандай болгонун аныктап коюшубуз керек. Бирок азыр тынчтык керек”.

Тараптардын айыптоосу

Ал арада кыргызстандык юристтер жарандык коомдун атынан Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылуу даярдап жатканы маалым болду. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жарандык коомдун эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, кандуу окуя боюнча иликтөө жүргүзүүгө үндөп жатканын колдойт.

“Биз бүжүрөгөндү ташташыбыз керек. Эреже бузулду. Биз ойлоп тапкан эреже эмес. Жарандык коом туура кылып жатат. Маселе курчуду, мындан артык эмне болуш керек? Жарандарды миномет менен аткылап жатат. Бул - аскердик кылмыш, мунун баарынын документин чогултуш керек. Согуштун өзүнүн эрежеси бар. 12 жаштагы кыздын өлүмүнө ким жооп берет? Бийлик өз ишин кыла берсин, жарандык коом адам укугун коргой берет”, - деди Молдалиев.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда чек арадагы жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына кылмыш иши козголгонун жарыялады. Коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы кыргызстандыктар чек арада куралдуу күч колдонду деп айыптап, окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү. Тажик бийлиги бир канча берене менен тергөө баштады.

Тажикстан соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Ал эми Кыргызстанда чек ара жаңжалынан 200 жакын адам жараат алып, 36 адам каза тапкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 25 адам Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгон деп билдирип, чек ара жаңжалы боюнча жалпы 11 кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон жок.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү. 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен. Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 50 миңден ашкан.

Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) жана Сомониён айылдарына барган журналисттер өрттөлгөн жана бузулган үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты. Алардын маалыматына караганда, кеминде 20дай үй, административдик имараттар катуу жабыркаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG