Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

"Жай тургундарды бутага алган болбойт"


Чек ара жаңжалында жер которууга аргасыз болгондор, Баткен, 30-апрель 2021-жыл.
Чек ара жаңжалында жер которууга аргасыз болгондор, Баткен, 30-апрель 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдын сабактары тууралуу Борбор Азиядагы адам укуктарына көз салып келе жаткан эксперт, адвокат Стив Свердлов "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргыз-тажик чек арасында мурда деле утур-утур чыр-чатактар чыгып келген. Өзгөчө жаз, жай айларында суу, жер маселелеринен улам жергиликтүү эл жаңжалдашкан учурлар болгон. Бирок соңку чатактын курчуп кетишине, ондогон адамдардын өлүмүнө алып келишине эмне себеп болду?

- Мен алгач эки тарапты тең эл аралык гуманитардык мыйзамдардын алкагындагы милдеттенмелерин урматтоого чакырып кетким келет. Ички же эл аралык жаңжалдар болобу, анын негизги бир принциби бар: жөн-жай тургундарды, мектептерди, ооруканаларды, суу жана электр менен камсыз кылуучу инфраструктуралык жайларды бутага албаш керек. Тажик тарап да, кыргыз тарап да бул милдеттенмелерди аткарышы зарыл.

Себептерине келсек, биз соңку бир канча жылдан бери карама-каршылык күчөп келе жатканын билебиз. Биз бул жолу тик учактар жана оор курал-жарактар колдонулганын көрдүк. Жалпысынан биз милитаризацияга күбө болдук. Бул маселеде бир нече факторлор бар.

Биринчиден, суу жана жер бир улуттун ким экенин аныктаган символдордун бири катары каралып келет. 30 жылдан бери бул маселе так аныкталбай, чек ара сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталбай келди. Тилекке каршы, бул убакыт ичинде эки тараптын ортосунда бири-биринен коркуу жана бири-бирин күнөөлөгөн риторика көбөйдү. Дүйшөмбү менен Бишкектин саясий чечимдери да кырдаалды жөнгө салууга жардамын тийгизе алган жок.

Борбор Азия боюнча эксперт, адвокат Стив Свердлов.
Борбор Азия боюнча эксперт, адвокат Стив Свердлов.

Бир жагынан Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин позициясы да тең салмактоочу фактор боло албады. Анын үстүнө Кыргызстанда октябрь айынан бери болуп жаткан окуялар өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жана бийликтеги улутчул маанай тууралуу тынчсызданууларга себеп болгонун билебиз.

Андыктан бир жагынан Бишкектин тону маселе жаратты. Экинчи жагынан жыл сайын Эмомали Рахмондун бийлиги күчтөнүп баратканын билебиз. Андыктан Тажикстандын түндүгүндөгү, Согд облусундагы жарандык коомдун жана чек арадагы элдин рационалдуу пикирлери бийликке жетпей калып жатат.

Натыйжада чек ара аймактары эки өлкөнүн баш калаасынын көз жаздымында калган. Мындан улам жергиликтүү элдин ортосунда ишеним азая берди. Бири-бирин айыптоо күчөдү.

Мисалы 2019-жылдын декабрь айында тажик тараптан кыргыз тарапка өтүп бара жаткан бир тажик аял окко учкан. Мындай окуялар жергиликтүү элдин ортосунда коркууну күчөттү. Саясий эрктин жетишсиздиги менен коштолгон экономикалык кыйын абал да соңку чыңалууга жана жайкын тургундардын өлүмүнө алып келди.

- Эки тараптан 40тан ашуун адам мерт болду. Ондогон адамдар жараат алышты. Борбор Азиядагы адам укуктарына көз салып келе жаткан адис катары айтсаңыз, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда кандай укук бузууларга жол берилди?

- Адам укуктарына байланыштуу көп маселелер бар. Башында айтып өткөнүмдөй, жөн-жай тургундарды коргоо – бул гуманитардык мыйзамдардын негизги жобосу. Мектептердин, ооруканалардын бутага алынышы, жайкын тургундардын жер которушу, кыргыз тарапта алардын саны 20 миңдей экенин (30-апрель) угуп жатабыз, өтө тынчсыздандыра турган жагдай. Бул бардык эл аралык оюнчулардын, анын ичинде эки тараптын көңүл буруусун талап кылган жагдай.

Мындан тышкары адам укуктарына байланыштуу башка негизги маселелер да бар. Кыргызстан да, Тажикстан да Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык келишимге кол койгон. Бул документ жарандардын сууга, жерге, жашоо стандарттарына жана билим берүүгө болгон укугун камсыз кылат. Жергиликтүү элдин бул укуктарга байланыштуу тынчсыздануулары бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда этникалык жана географиялык жактан бири-бирине чырмалышкан аймактар бар. Эки эл өз ара байланышып жашап келген. Дайыма ошондой боло берет. Андыктан алардын суу жана жерге болгон укуктарын сыйлоо менен маселени чечүүнүн жаратман жолдорун табуу керек. Курал-жарак, танка жана тик учактарды колдонуунун ордуна туура башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу абзел.

- Сиз учкай токтолуп өткөндөй, Кыргызстандын жаңы бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн көп өтпөй кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу пайда болгон эле. Кыргыз бийлиги бул чыңалууга учурунда жетиштүү көңүл буруп, чек арадагы кырдаалды убагында турукташтырып калууга аракет жасадыбы? Тажик өкмөтү да маселени тынч жол менен чечүүгө кызыкдар болдубу?

- Албетте, бул татаал маселе. Кыргыз тарап сүйлөшүүгө барууга аракет кылганын байкадык. Алдыда айтканымдай, бул маселеде улутчул билдирүүлөр жардам бербейт. Алар токтошу керек.

Экинчи жагынан, мурда да байкалгандай, тажик тарап ачык-айкын болгон жок. Маселен биз тажик тараптан өлгөн адамдардын учурдагы санын билбейбиз. Мындай басып кирүүгө тажик күчтөрү канчалык деңгээлде даярданган же даярданбаганын да так айта алайбыз. Учурда жоопторго караганда суроолор көбүрөөк.

Рахмон да тез арада сүйлөшүүлөр үстөлүнө отуруп, Садыр Жапаров менен жолугушканы оң. Ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашып коюу жетишсиз. Себеби мындай макулдашуулар аткарылбай калган учурлар көп.

Андыктан Рахмон да, Жапаров да эки тараптын кызыкчылыктарын жана адамдардын жерге жана сууга болгон укуктарын, алардын өзгөчөлүгүн тааный турганын так белгилеши керек.

Мындай карама-каршылыктар Советтер доорунда да болгон. 1936-, 1960-, 1989-жылдары да катталган. Анда албетте кырдаалды советтик армия көзөмөлдөп турган. Ошол эле учурда эки тараптын ортосунда орток бир иденттүүлүк, сүйлөшүү үчүн орток тил же орус тили бар эле. Мындай орток баалуулуктар убакыттын өтүшү менен азайды. Анын ордун чек аралар жана аскердик чечимдер басты. Бул көңүл бурууну талап кылган трагедия.

- Айрым эксперттер чек ара жаңжалы Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өтүп жаткан учурда күчөгөнүнө көңүл бурушууда. Эгер ЖККУ мүчө мамлекеттердин жана алардын жарандарынын коопсуздугун камсыз кыла албаса, анда анын миссиясын кантип түшүндүрсө болот?

- Бул жаңылык деле эмес. Теория жүзүндө ЖККУ коопсуздукту жана тынчтыкты камсыз кылууга салым кошушу керек. Бирок биз расмий билдирүүлөрдөн башка эч нерсе көрбөй келебиз. Албетте, Орусия кырдаалга тынчсызданып турса керек деп ойлойм.

Бирок мен Европадагы коопсуздук жана кызматташтыгы уюмунун же ЕККУнун ролу тууралуу сөз кылгым келет. Бул уюмдун Бишкекте да, Дүйшөмбүдө да кеңселери бар. Чек ара аймактарында узак убакыттан бери иш алып барып келет. ЕККУ эки тараптагы чек арачыларды да машыгуудан өткөргөн.

Андыктан ЕККУнун жана Бириккен Улуттар Уюмунун институттары тараптарды бири-бирине жакындатууга аракет кылып, диалогдун түзүлүшүнө катышканы абзел. Кыргыз-тажик күчтөрүнүн аймактагы кырдаалды биргелешип көзөмөлдөөсүнө шарт түзүү кажет.

Ушул тапта эки тарап тең ок атышууну токтотуу макулдашуусун сактап, адам өлүмүнө алып келген курал-жарактарды колдонууну токтотушу керек.

- Кайсы бир эксперттер Кремлдин Тажикстандын жана АКШнын Ооганстан маселесинде болжолдуу кызматташуусун алдын алгысы келерин айтып жатышат. “The New York Times” гезити Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп жаткан шартта Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжал аймактагы туруксуздукту көңүл борборуна чыгарып койгонун жазды. Кыргыз-тажик чегиндеги кандуу окуя региондогу геосаясатка кандай таасирин тийгизиши ыктымал?

- Ушул тапта бул окуя регионду туруксуздаштырып койгону бышык. Албетте, биз божомолдоп жатабыз, бирок АКШнын жана НАТОнун Ооганстандан аскерлерин жана материалдарын чыгарып кетүү планы Дүйшөмбү же Бишкек менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин каңкуулайт. Кандайдыр бир кызматташуу же кайсы бир күчтөрдү көчүрүп келүү тууралуу сөз болушу ыктымал.

Бул сыяктуу ар бир чыңалуу логистикалык маселелерге алып келет. Чек аралар жабылат. Аба мейкиндиги аркылуу учуу кооптуу болуп калат. Так айтыш кыйын.

Бирок жайкын тургундардын үй-жайына кайтып келишин камсыз кылуу – АКШнын да, Орусиянын да жана бардык тараптардын да кызыкчылыгына төп келген маселе.

Суунун өйдө жагында же ылдый жагында болосуңбу, тажиксиңби же кыргызсыңбы, айтор, ар бир адамдын фундаменталдуу укуктары бар экенин таанышыбыз керек. Ар кимдин сууга, жерге жана жумуш менен камсыз болууга укугу бар экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Узак мөөнөттүк чечимдерди кабыл алуу үчүн экономикалык маселелерди да чечүү зарыл.

Мен Согд облусунда да, Баткен облусунда да болгом. Узак мөөнөттүк тынчтыкты камсыз кылуу үчүн биз жергиликтүү элге жумуш орундарын түзүү абзел.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын уюшкан кылмыштуу топтордун таасиринен, баңгизат менен шугулдангандардан же террорчулардан коргоого кызыкдар деп ойлойм.

Бирок ошону менен бирге алар адамдардын коопсуздугун да камсыз кылышы кажет жана чек арада демилитаризация жараяны жүрүшү керек. Себеби маселелерди коопсуздук күчтөрү же чек арачылар эмес, жергиликтүү коомчулук же жергиликтүү бийлик жакшыраак чече алат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG