Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

HRW: Чек арада аскер мыйзамдары бузулганы иликтенсин


Чек арадагы Көк-Таш айылында өрттөлгөн үй, 1-май, 2021-жыл.
Чек арадагы Көк-Таш айылында өрттөлгөн үй, 1-май, 2021-жыл.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелден бери кыргыз-тажик чек арасында уланып жаткан куралдуу кагылышта карапайым эл жабыркаганын белгиледи. (Уюмдун соңку баяндамасынын кыргызча котормосу).

Чек арадагы куралдуу кагылыштарда эки тараптан кеминде 40тан ашуун кишинин, анын ичинде карапайым адамдардын, миномёттун огунан жеткинчек кыздын өмүрү кыйылды. Тажикстан менен чектешкен Баткен жана Лейлек райондорунун ондогон айылы жабыр тартты.

Медиа каражаттары Баткендин Көк-Терек айылындагы 17 үй тең өрттөлгөнүн, ал эми Лейлек районундагы бир нече айылда тургундардын үй-жайы өрттөлгөнүн кабарлашты.

Кыргыз бийлиги мектеп да өрттөлгөнүн, калган алты мектепте жаңжалдан качып чыккандар убактылуу баш калкалап турганын билдирди. Тажик маалымат каражаты кеминде бир айылдан карапайым тургундар эвакуацияланганын кабарлады.

Маалыматтарга караганда, чек арада кагылыш Ворухка чукул жердеги суу бөлүштүрүүчү пунктка көзөмөл камераларын орнотуудан улам башталып, зордук-зомбулук менен коштолгон, ага эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү тартылган.

29-апрелдин кечинде жетишилген ок атышпоо тууралуу макулдашуу 30-апрелде эле кайра бузулгандай.

Бейшембиден тарта социалдык медиада тарап, "Хьюман Райтс Вотчтун" колуна тийген видеодо жөнөкөй кийимчен, куралданган тажиктер өрттөнүп жаткан үйлөрдү айланып басып жүргөнү жана бульдозер дубалды сүзүп, бузуп жатканы көрүнөт. Ары жакта тажик аскерлери турат. Эки видео тең Кыргызстандын аймагында тартылганы айтылат.

Миномёттор, артиллерия жана ракеталар атылганда анын радиусу так болбогондуктан, же бир нече курал бир колдонулгандыктан, ок алыска чачырап жатат.

Эки тарап тең аскердик операцияны улантса эл жашаган аймактарга зыянын тийгизип, огу алыска чачырай турган куралдарды колдонуудан баш тартуусу керек.

Чек арада кагылыш чыкканда колдонулчу аскер мыйзамдары бутага алынган атайын жайлар менен жарандык объектилерди, анын ичинде турак жай, мектеп жана медициналык жайларды так ажыратууну эки тараптан тең талап кылат.

Башаламан жана ашыкча чабуулга өтүүгө тыюу салынат.

Эки өлкөнүн тең коопсуздук күчтөрү чек аралаш аймактарда жарандарга жана алардын жеке мүлкүнө каршы кылмыштарды болтурбоонун аракетин көрүүсү керек.

Кыргызстан менен Тажикстан ондогон үй-жайдын өрттөлгөнү жана алыска чачырай турган куралдардын колдонулганы тууралуу маалыматтарды ыкчам иликтеп, карапайым тургундардын жана алардын канча мүлкү талкаланганын аныкташы керек. Аскер мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, карапайым жарандарга укуктук жактан коргонууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы:

30-апрелде Нью-Йоркто Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева дүйнөлүк уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушту.

Молдоисаева кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле уюмдан жаңжалда качып чыккан тургундардын үй-жайына кайтып келүүсүнө, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Йенча эл аралык уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирип, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле БУУ Тынчтык орнотуу фондунун алкагында жаңжалдан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арада ок атышпоо тууралуу макулдашканын «туура кадам» деп баалаган. Бул тууралуу ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид «Твиттердеги» баракчасына жазган.

“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кооптуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылганы трагедия. Ок атышпоо тууралуу кечээги макулдашуу туура кадам. Мен ЕККУнун алдындагы милдеттемелерди так аткарууга жана такай сүйлөшүүлөр аркылуу кырдаалды жөнгө салууга чакырам”, -деген Хельга Шмидт.

Кыргызстандагы улуттук аза күтүүгө байланыштуу Түрк тилдүү мамлекеттеринин Кеңешинин штаб-квартирасынын ( Стамбул) алдындагы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын мамлекеттик желектери түшүрүлдү.


Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын тышкы байланыштар кызматы да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттаган.

Европа Биримдиги: Эки коңшу чек араны тынч жол менен жөнгө салсын
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Жамааттык коопсуздук жана келишим уюму (ЖККУ) Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чырын тынч жол менен чечүүгө чакырды. Уюмдун баш катчысы Станислав Зась "чек арадагы жаңжал басылып, кырдаалды тынч жол менен жөндөө керек" - деп билдирди.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак дүйнөлүк уюм Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

“Биз акыркы кабарларды көрдүк, тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Эки тарап, Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкени тууралуу кабарыбыз бар. Эгер ушундай болсо, аны кубатташыбыз керек. Биз эки тарапты тең кандай гана чечилбеген маселе болбосун түз сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен чечүүгө чакырабыз”, - деди.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 34кө жетти, жараат алгандар 163 болду.

Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты.

Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылы жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазып, алардын аты-жөнүн жарыялады. ​Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG