Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:43

Чек ара: эксперттер байкаган табышмактуу жагдайлар


29-апрель, 2021-жыл. Баткен

Эл аралык эксперттер таңга жуук чагылгандай кол салып, аскер учактарын абага көтөрүп, олуттуу аскер куралдарынан калктуу конуштарды аткылаган жагдайлар Баткендеги кандуу окуянын жөн эле чек ара чыры эмес, "алдын ала даярдалган ири согуш аракети" экенинен кабар берет деген тыянак чыгарышууда.

Дүйшөмбүнүн мындай чечкиндүү аракетке барышын чөлкөмдө геосаясий кызыкчылыгы чоң Кремлдин буга көз жуумп, тымызын макулдугу менен байланыштыргандар арбын.

Конокторго коюлган "сырдуу белек"

Көз карандысыз эксперттик коомчулук кыргыз-тажик чек ара чатагынын алдында бир топ түшүнүксүз жана табышмактуу жагдайларды байкашкан.

Маселен, Орусия башында турган ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары аяктай электе кыргыз-тажик чек ара жаңжалы чыкты. Анткени андагы коргоо министрлеринин жыйыны 27-апрелде аяктаса, Коопсуздук кеңешинин катчыларынын отуруму кырдаал кескин курчуп, Тажикстандын армиясы чабуулга өткөн маалда уланып жаткан.

Буга чейин орусиялык эксперт Аркадий Дубнов тажик президенти Эмомали Рахмонго жеңишти камсыздай турган чакан согуш керек болгонун, ошондуктан ал аскер күчтөрүн Кыргызстан менен чектеш тилкелерге жиберип, күч менен андагы талаштуу маселелерди биротоло чечип, зоболосун көтөрүүгө бел байлаганын маегинде билдирген.

Вашингтондогу Улуттук коргоо университетинин профессору Мария Омеличева Москва бул сценарийди ачык колдобогону менен Дүйшөмбү анын алдын ала кийлигишпөөсүнө жетише алды деген ойдо.

“Бул чыр-чатак өзүнө ар түрдүү ички жана тышкы катышуучуларды тарткан татаал сценарий. Кырдаал ушунчалык тез жана ири масштабда курчуганы, албетте, мурда болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Буга бир нече негиздер болду. Тажик тарап кыргыз тарапка басым жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калгысы келди. Анткени жаңы шайланган президент менен чек ара боюнча жаңы сүйлөшүүлөр өтүп жаткан. Тажик өкмөтүнүн көзү менен караганда бул кырдаалды күчөтүү үчүн ыңгайлуу учур болду. Анткени Орусия соңку мезгилде Тажикстан менен достук мамилесин бекемдегиси келип жатат. Тажик тарап мындай абалда Москва Кыргызстанга болушпайт деп ойлоду. Кырдаалды катуу курчутса дагы жазасыз калуу кепилдиги бар деген ишеним турду. Менимче, Рахмондун алган эсеби ушундай жөнөкөй эле болгон”, - деди коопсуздук боюнча эл аралык эксперт Мария Омеличева.

Ошентип, Дүйшөмбү ЖККУнун алкагында келген конокторун улагасынан узатпай жатып, Орусиядан алган тик учактарын кыргыз чек арасын көздөй учуруп, минемотттор менен олуттуу куралданган негизги аскер күчтөрүн киргизип, кыргыз чек арачылары менен кагылышып, "согуш чеберчилигин" көргөздү.

Азыр расмий так эсептер чыга электигине карабастан, бир катар эл аралык эксперттер бул баскынчылыкта кыргыз тараптын жайкын калкы менен чек ара аскерлеринин арасында адам курмандыктары менен жоготуулары бир топ көп экенин белгилешүүдө.

Тажик аскерлери жана куралчан жарандык топтор бастырып кирген кыштактардагы турак жайлар, дүкөндөр, май куюучу жайлар, чек ара тозоттору жана социалдык объектилер өрттөнүп, бузулганын эске алганда кыргыз тарапка келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү дагы чоң экени болжолдонууда.

Рахмон менен Москванын байланышы

Мына ушундай оор жарака кетирген ЖККУ бир саясий-аскердик союзга кирген эки кошунаны согуштуруп, карап турган бул уюмдун өзүндө чоң маселе бар экенин каңкуулайт дешет саясат талдоочулар.

“Эмомали Рахмон көп жагынан Орусия менен байланышкан. Аларды ажырагыс кылып кармап турган өтө таасирдүү жана өтө чоң байланыштар бар. Эгерде баштапкы таржымалын карай турган болсок, Рахмонду Тажикстандын бийлигине алып келген, аны жөлөп таяган бирден бир күч - бул Орусия. Ал эч убакта Москванын башын аттап, өзгөчөлөнгөн же болбосо такыр эле Кремлдин жалпы кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди өз алдынча кабыл албайт. Рахмон менен Путин - бир линиядагы адамдар. Бири-бирисиз жашай албайт. Орусия азыр аябай чоң кризиске кептелип, Путин режиминин таянычы тайып баратканын сезип, бул абалдан чыгып кетүү амалын издеп жаткан учур. Мындай шарттар ал режим түзгөн ЖККУ сыяктуу уюмдар дагы чирип баратканын көргөздү. Ал өзүнүн миссиясын аткара албай, эң башкысы аты айтып турган коопсуздукту анын мүчөлөрүнө камсыздап бере албады”, – деди аналитик Азамат Аматов.

"Бул чыр эмес, кадимки согуш"

Бул иш кокустук эмес деген эксперттер мындан Кремлдин үн катпай макул болгонун тымызын колдоо катары көрүштү. Алар буга негиз берчү бир топ жүйөлөрдү тизмектешти.

Дүйшөмбүдө өткөн ЖККУ жыйындары куралдуу чек ара чатагы чыккан учурга дал келип, анын мурда болуп көрбөгөндөй масштабы согуштук аракеттерге барабар экени белгиленди:

“Мен бул чыныгы согуштук аракеттер дегенге макулмун. Ошондой эле биз жакында бул согуштук операцияда чек арадагы кыштактарды басып алып, жайкын тургундарга каршы аскер техникасын колдонгон учурларды териштирүү үчүн тиешелүү иликтөөлөр жүрө турганына ишенебиз. Мына ушунун бардыгы бул окуя жөнөкөй эле чек ара чатагы эмес, Тажикстандын согуштук агрессиясы болгонун көргөзүп турат. Менимче, эл аралык коомчулук дагы бул тажик өкмөтүнүн агрессиялык жүрүшү дегенге макул болот болуш керек”, – дейт профессор Мария Омеличева.

Кремлдин Дүйшөмбүгө берген "жашыл" жарыгы

Аналитиктердин айтымында, Дүйшөмбүнүн коңшусуна капыстан жана ири масштабда кол салышы алдын ала даярдыксыз жана Кремлдин макулдугусуз болмок эмес.

Буга себеп Патрушев, Шойгу баш болгон орусиялык аскер жетекчилери соңку мезгилде Дүйшөмбүгө байма-бай каттап, өз ара кызматташтыгын күчөтүп жаткан жайы бар. Ал эми Тажикстандын коргоо министри мындан ай мурун эле Иранга иш сапары менен барып, аскердик кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу сүйлөшүп келген.

Баткендеги соңку кандуу окуяга Москванын тиешеси бар деп кесе айтууга далилдер болбогон менен окуянын масштабы жана буга карата Кремлдин баштапкы мамилеси бир топ шек саноолорго түрткү берди.

Тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаал 28-апрелде курчуп, 29-апрелдин таңында тажик тараптан курал-жаракчан жарандык калк менен армиянын бирдей жапырт көтөрүлүшү ондогон адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн кишини жарадар кылды.

Бул маалда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “кырдаалга көз салып жатканын” айтуу менен гана чектелди. Андан бир күн өтүп, чыңалуу басаңдай түшкөндө орус президенти Владимир Путин кыргыз-тажик жаңжалын чечүүгө арачы болууга даяр экени жарыяланды.

Борбор Азия боюнча эксперт, Лондондогу Тышкы саясат борборунун изилдөөчүсү Франциско Олмос тараптар чырды сырткы арачылардын кийлигишүүсүз чечип алууга жетишкени оң дейт:

“Эки тараптын ортосундагы карама-каршылыктын бир нече сааттын ичинде эле Тажикстан менен Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн атышуусуна чейин жетишине чынында эмне себеп болгонун азырынча айтуу кыйын. Менимче, кырдаал соңку мезгилде акырындык менен чыңалып жаткан. Бир нече жылдардан бери топтолгон маселелер акыркы айларда курчуп кетти десек болот. Минемоттордон ок атышууга чейин жетти. Көп суроолорго жооп табыла элек. Эки тарап бирин-бири гана күнөөлөп жатат. Бул чырдын ырбап кетиши эч кайсы тарапка пайдасы жок. Эки тарап тең тынчтык келишимине келүүнү көздөп турат деп үмүттөнөм. Бул маселеде негизги жоопкерчилик Кыргызстан менен Тажикстандын расмий бийлик жетекчилеринин моюнунда болушу керек. Эгерде алар өз ара тил табыша албай, башка өлкөлөрдү арачы болууга чакыра турган болсо, анда ал ролду ким аткарышы мүмкүн экени маанилүү. Бирок мен арачыларга муктаждык болбой, чатакташкан тараптар өз ара мунаса табат деп ишенем".

"Күкүрт чакса жарылчудай чыңалган кырдаал"

Орусия башында турган ЖККУ бул кандуу окуя тууралуу бир топтон кийин үн катты.

Атышуу басаңдагандан бир күн өткөндөн кийин түзүлгөн курч кырдаалга камтамачылыгын билдирди. Бирок ЖККУ мындай чатактарды басууга жарамсыз экенин көргөзгөнүн мисал келтиргендер болду.

Ал эми айрым эксперттер отту тутантууга кызыкдар күчтөр болбогон күндө деле чек ара чыры эбак бышып, жетилип калганын байкашкан.

Москвадагы Карнеги борборунун өкүлү Темур Умаров мындай деди.

“Бул сюрприз деле эмес. Буга окшогон чек ара чырлары Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда дайыма болуп турат. Мына ошол жактагы жер талаштары эки өлкөнүн саясий күчтөрүнүн ортосунда чечилмейинче, буга окшогон чатактар кайталана бериши мүмкүн”.

Калк эң эле жыш жайгашкан Фергана өрөөнүндөгү жер-суу талаштарынын курчушу, аларды курчтууга тамызгы болуп, геосаясий таасирин арттырууну көздөгөн тышкы күчтөрдүн шыкагын жокко чыгарууга болбойт деген пикирлер да үстөмдүк кылат.

Бирок кыргызстандык конфликтолог Роберт Абазбеков чек ара чырынын тамыры тереңде экенин айтып, көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй акыры бир күнү жарылмак деген ойдо:

“Үчүнчү күчтөр тарабынан болду деген ар кандай сөздөр болуп жатат. Бирок эми аны тактоо үчүн анализ керек. Биздин талдообуз боюнча негизги эле чырдын чыгышына себеп бул – “Головной” суу капкасындагы сууга ээлик кылуу. Анан “Ворух” анклавына коридор ачуу максаты болду. Белгилей турган нерсе, мурда ушундай чек ара чатактары кайсы бир конкреттүү жерде, кайсы бир конкреттүү талаш маселе боюнча локалдык конфликт болуп келген. Бул жолу андай эмес, масштабдуу түрдө, Баткенден баштап, Лейлекке чейинки чек аралаш айылдардын бардыгында от алды. Мына ушундай айырмачылык болду. Атайын даярдыктар болгон деп айтуу кыйын. Бирок мүмкүн кандайдыр бир даярдыктар болсо керек".

Азыркы учурда кыргыз-тажик чек ара жаңжалын толук жөнгө салуу жана окуянын себептерин эл аралык комиссия тарабынан көз карандысыз иликтөөлөрдү баштоо сыяктуу талаптар айтыла баштады. Мында эки тараптан турган комиссия түзүлүп, абалды турукташтыруу чаралары көрүлө турганы жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG