Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Кыргыз-тажик чек арасы: жоготуулар жана курмандыктар


Кыргызстандын Баткен облусунун картасы. Базалык көрсөткүч Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтынан алынып, кошумчаланды. Белгилер болжолдуу коюлду. Жылдызча белги чыр чыккан "Башкы" ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайы, кызыл чекитчелер жабыр тарткан кыргыз айылдары.
Кыргызстандын Баткен облусунун картасы. Базалык көрсөткүч Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтынан алынып, кошумчаланды. Белгилер болжолдуу коюлду. Жылдызча белги чыр чыккан "Башкы" ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайы, кызыл чекитчелер жабыр тарткан кыргыз айылдары.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы чыр-чатактан улам Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылы жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү, 30дан ашуун киши мерт болду. 150дөн көп адам жараат алды. Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши эвакуацияланды.

Кыргызстанда 2021-жылдын 1-2-май күндөрү жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-майда кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болгону айтылат. Андан жергиликтүү тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө материалдык зыян да келгени белгиленген. Жапаров курман болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтуу менен эки күндү катар менен улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялаганы жазылган.

Жарлыкка ылайык, бул күндөрү өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлөт.

Маданий мекемелер жана телерадиокомпанияларда көңүл ачуучу программалар берилбейт.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийликтер жалпы чыгымдын жана курмандыктардын баштапкы маалыматтарын ачыкка чыгарышты. Сандарды эсептөө дале уланууда. “Азаттык” жоготууларды учкай системалаштырды, бирок маалыматтардын такталышы менен сандар улам өзгөрүп турушу мүмкүн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун саны расмий 34 адамга жетти, алардын арасында жаш бала бар. 178 адам жарадар болду.

Бул тууралуу 1-майда өткөн брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Каза болгон мекендештердин жана аскер кызматкерлеринин тизмеси:

Аскерлер:

1. Эсентур Кубанычбеков, аскер, 1991-жылы туулган

2. Бекзат Юлдашев, аскер, 1991-жылы туулган

3. Нурсултан Манасбек уулу, аскер, 1992-жылы туулган


Баткен облусунун жашоочулары:


1. Махамадрасул Сайдаров, 1985-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

2. Мадина Рахматжанова, 2008-жылы туулган, Кулунду айылынын тургуну;

3. Баяман Абдрахманов, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

4. Сагын Каратаев, 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;

5. Сүйүн Тагаев, 1969-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

6. Алтынбек Каработоев, 1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын тургуну;

7. Рашид Үсөн уулу, 1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

8. Жамшит Ганиев, 1990-жылы туулган, Чет-Булак айылынын тургуну;

9. Дастан Нурумбаев, 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын жашоочусу;

10. Мидин Махмадали уулу, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

11. Уланбек Мусаев, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

12. Чыңгыз Темирбаев, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

13. Салим Бактияров, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну;

14. Тынчтыкбек Эргешали уулу, 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

15. Турдубай Саттаров, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

16. Медербек Камчиев, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;

17. Жаркынбек Аманов, 1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

18. Мурзабек Абдурахманов, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

19. Султанбек Абдывахап уулу, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;

20. Өмүрбек Бахридем уулу, 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;

21. Мооланбек Тажибаев, 1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айылынын тургуну;

22. Алижан Тагайбаев, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

23. Доолатбек Жигитали уулу, 1998-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

24. Тойчубек Исманов, 1958-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;

25. Шухратбек Зикиров, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну;

26. Шумкарбек Арыпбай уулу;

27. Аманидин Асанов, 1972-жылы туулган.

Солтонбекованын айтымында, калгандарынын өздүгү тактала элек.

Тажикстан тараптагы жоготуулар

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 15 каза болгонун билдирүүдө

"Азаттыктын" тажик кызматы "Озоди" 15 жараны каза болгонун, 90 адам жарадар болгонун жазды. Тажик бийлиги бул маалыматты бышыктай элек. Буга чейин тажик тараптан 28-29-апрелдеги кагылыштары учурунда тогуз адам жараат алганы кабарланган.

Чыр чыккан аймак Баткен районунда болгону үчүн эң чоң жоготуулар ушул райондо катталды. Азыр бардыгы эсептелип бүтө элек, ошентсе да колго тийгендерин айтып туралы. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Демек, жергиликтүү бийликтер "Азаттыктын"ошол жерде жүргөн кабарчысына маалымат берип, Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары жабыркаганын билдирген. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Ак-Сайдан 10, Достуктан 1 үй өрттөнгөнү такталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде Баткен району боюнча 9 үй, 10 май куюучу бекет, 2 ресторан, 8 дүкөн, 1 чек ара заставасы өрттөлдү. Ак-Сай айылында 1 өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.

Баткен районун акиминин орун басары Абдыбек Набиев учурда бардык өртөнгөн имараттардын саны такталып жатканын билдирди.

“Азыр баарын эсептеп, тактап жатабыз. Айылдардагы өрттөлгөн имараттарды болжолдуу эмес, тактап туруп берели деп жатабыз”, - деди ал.

Чек ара тозотторунун бешөөнө ок тийип, өрт чыккан. «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук», «Кожогар», «Тамдык» жана «Булак-Башы». «Достук» заставасынын имараты толугу менен күйүп кеткени мурдараак видеодон көрүнгөн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен бейтарап аймакта жолугуп келгенин билдирди.

“Ошондой эле өрттөнүп кеткен үйлөр мамлекеттик же тажик тараптын эсебинен калыбына келтирилерин убада кылам”, - деген Ташиев "Kaktus Media" басылмасынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып.

Расмий органдардын кабарына ылайык, Баткен районунан 7 миң адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Тажикстанга чектеш айылдардын тургундары коопсуз жерлерге чыгып кетүүгө аргасыз болууда.

Баткендин тургуну Сапаргүл Шарипова “Азаттыктын” кабарчысына үч баласы менен Кызыл-Жол айылынан Каз айылына баратканын айтты.

«Кызыл жолдон келе жатабыз. Эркектер калып, аялдарды кетирип жатат. Таң эрте ок атылганын угуп, баары кетип жатат. Менин күйөөм калды. Азыр Казга баратабыз», - деди Шарипова.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчыларынын соңку маалыматына караганда, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен шаарындагы алты мектепте убактылуу жай ачылып иштеп жатат.

Мындан тышкары, тургундар жакындарынын үйлөрүнө кетип жатышат. Аларды кээ бир жеке мейманканалар да кабыл алууда.

Лейлектеги сандар

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланды. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

“Азаттык” радиосу Баткендин Лейлек районунун акимчилигинен кошумча маалымат алган учурда, Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат айылында 15, Интернационал айылында 2, Сада аймагында 1 үй өрттөнүп кеткенин тактады.

Райондун Жаңы-Жер айыл өкмөтү боюнча, 6 май куюучу бекет, 1 чоң мейманкана, 2 дарыкана, 1 тойкана, 1 жеке менчик медициналык борбор, 30дан ашык дүкөн, Борбордук айылында 1 үй, Арка айылында 1 үй өрттөнүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек районунун Кулунду айылында 2 үй, Максат айылында 10 үй жана 1 мектеп күйүп кеткенин маалымдады.

3-майда Тажикстандын өкмөтү Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарлаган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Райондун Жаңы-Жер айыл округунун Арка айылынын тургуну Абдисаттар Абдухамидов “Азаттыкка” буларды айтты:

“Аялдар, балдар толугу менен Маргун, Бешкент айыл өкмөттөрү жакка чыгарылды. Айылдын ичинде эл калган эмес, жаштар, эркектер тоо жакта, айылды алыстан карап турабыз. Айыл ичинде тажиктер кирип келген. Аскерлери, БТР техникалары борбордук көчөлөрдү ээлеп турушат. Жакыныраак барып келгендер айтышты, көчөдөгү дүкөндөр, май куюучу бекеттер жана башка объекттер толук өрттөндү. Үйлөр да күйүп кетти деп жатат, бирок санын так билбейбиз”.

Жаңы-Жер айыл округуна Арка айылынан сырткары Борбордук, Достук жана Жаштык айылдары да карайт. Айыл аймактын башчысы Исманали Райымбердиев бул маалыматтарды кошумчалады:

“Элдин баарын эвакуациялаганбыз. Азыр айылдарда абал кооптуу бойдон калууда. Өзгөчө Борбордук жана Арка деген айылдарда өтө оор болуп жатат. 30дан ашык соода түйүндөр, дүкөндөр бүт таланып-тонолду, талкаланды, өрттөндү. Кызмат көрсөтүүчү фойе жана башкалар да тегизделип калыптыр. Эки мейманкана, эки дарыкана, алты май куючу, тойкана бекет өрттөндү. Үйлөр да өрттөнгөн, бирок алардын акыркы санын айта албайм. Калган маалыматтарды кийин тактагандан кийин дагы айтабыз”, - деди ал.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты билдиргендей, Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13,5 миң адам коопсуз жайга чыгарылды.

Жергиликтүү тургундардан алган кабарларга ылайык, Лейлек районунун борборунда көпүрө жардырылган. Натыйжада дарыянын эки тарабына каттоо татаалдашкан.

Бул арада Ош шаарындагы тургундар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылуу жолдоп, чек арада калган жердештеринин коопсуздугуна өтө тынчсызданып жатканын, тез арада кагылышууну токтотуп, кооптуу зонада калган айылдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кыларын жазышты. “Согуш апаатынан жабыр тарткан, үй-жайы өрттөнгөн, жарадар болгон, жер которуп качып чыккан жарандарга чукул арада жардам көрсөтүүнү, чыр-чатакка күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартууну суранабыз”, - деп айтылат кайрылууда.

Коомдун мүчөсү, журналист Тургунбай Алдакулов “Фейсбуктагы” баракчасына кошумча мындай маалыматтарды калтырды:

“Лейлек, Баткен райондорунун Тажикстан менен чектеш ушул аймактарында согуш болуп атат. Айрыкча Баткен облусунун борбору менен байланышы үзүлүп калган. Лейлекте абал оор. Достук, Жаштык, Арка, 60 жылдык, Максат, Интернационал жана Кулунду айылдарында кырдаал өтө курч. Айыл тургундары Исфана тарапка эвакуацияланганы менен бир тобунун үйлөрү өрттөнүп кетти. Интернационал айылынын башчысы Мурзабек Жумабаев 4-5 бала менен өрттөнгөн үйдөн өлүктөрдү чыгарууга барган учурда тажик тарап кармап кеткени айтылууда”.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткен районундагы Ак-Суу дарыясындагы "Башкы" же эл оозунда “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайда “тажик тарап камера орното баштаган, негизги чыр ошондо башталган” деп кабарлап жатат. Тажикстандын тиешелүү органдары окуянын түпкү себебин так айтпаганы менен, "чырды кыргыз тарап баштаган" деп билдирүүдө.

Баткен облустук милициясы 30-апрелде ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG