Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Саатбек Эгембердиев: Аркада абал оор


Лейлек районунун Арка айылында адырга качкан жергиликтүүлөр. Баткен облусу. (Сүрөт Саатбек Эгембердиевге таандык).
Лейлек районунун Арка айылында адырга качкан жергиликтүүлөр. Баткен облусу. (Сүрөт Саатбек Эгембердиевге таандык).

Лейлек районундагы эң четки айыл өкмөтү Жаңы-Жерде ок атуулар али да уланып жатат. Аймактагы май куюучу бекеттер, дүкөн-кампалар өрттөлүп, таланып-тонолгонун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, мурдагы айыл өкмөт башчысы, журналист Саатбек Эгембердиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Саатбек мырза, сиз жашаган Лейлек районундагы Арка айыл аймагында кырдаал тынч эмес деген маалыматтар бар? Ушул тапта абал кандай?

Саатбек Эгембердиев: Арка, Достук, Жаштык жана Борбордук айылдары Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө карайт. Кырдаал чынында эле оор. Кечээ "ок чыгаруу токтойт" дегени менен эртең менен азандан кийин эле кайра башташкан. Жол боюндагы май куюучу бекеттер, дүкөндөр өрттөлдү. Үйлөр күйгөнү тууралуу да маалыматтар бар. Мектепти минемот менен аткылашыптыр деп уктук. Биз да азыр талаада, адырда жүрөбүз. Айылга эртең менен барып келгенбиз. Саат сегиздерде Кыргызстан тараптан он чакты аскер техникасы келип, айылдарга кирип кетишти деп айтышты.

"Азаттык": Айылдын эли кайда? Эвакуация болду беле?

Саатбек Эгембердиев: Төрт айылдагы кары-картаң, аялдарды, балдарды, бардыгын кечээ эле алысыраак, тынчыраак жактарга, коңшулаш Маргун айылына жибергенбиз. Аларды жеткирип, эркектер кайтып келген элек. Белгилеп, айтып коюучу нерсе: Маргунда эл чогулуп, бизди күтүп алышты. Өтө жакшы уюштуруп коюшуптур. Бизди тосуп алып, "жатак жайыңар, бара турган жериңер барбы?" деп сурап, баргандардын курсактарын тойгузушту.

"Азаттык": Жаңы-Жерде көп улуттардын өкүлдөрү жашайт. Тажиктер да аралаш эле. Алардын абалы кантти?

Саатбек Эгембердиев: Ооба, бизде Борбордук айылында тажиктер көп жашайт. Алар деле тынч жактарга эвакуация болуп кетишти окшойт. Мындай кырдаалда ар ким коопсуз жактардагы өз тууганын, тааныштарын издешет. Мында деле ушундай болду. Тажиктер деле коопсуз жактардагы тааныш-туугандарыныкына кетишсе керек. Караңгыда байкай албадым.

"Азаттык": Арка аймагы Кыргызстандын эң четки, Тажикстан менен ортосун бир жол бөлүп турган айыл. Жол боюндагы май куюучу бекеттер, дүкөндөр өрттөлдү, талап-тонолду деп кабарланып жатат. Чыныгы акыбал кандай?


Саатбек Эгембердиев: Ок атуулар эл эвакуация болуп кеткенден кийин, караңгы түшкөндө күчөдү. Октор атылып жатканы кадимкидей эле угулуп жатты. Аркада май бекеттер, кампалар, дүкөндөр өрттөндү. Тажикстан тараптан жарандык кийимчен адамдар аскер унаалары менен келип, дүкөндөрдү тоноп, тиричилик техникаларды жүктөп кетишкенин көргөндөр айтышты. Адамдар мечиттин алдында турганда анын жанындагы Бурхан Набиев атындагы мектепке минемот менен атышыптыр. Азырынча мектептин канча зыян тартканы белгисиз. Үйлөр биздин айылда өрттөнгөн жок. Бирок азырынча келтирилген зыянды да айтуу кыйын.

"Азаттык": Ушул тапта абал кандай?

Саатбек Эгембердиев: Биз азыр адырдабыз. Ок атуулар дагы деле угулуп жатат. Ким, кайсы тарап аткылап жатканы азырынча түшүнүксүз.

Чек арадагы жаңжал: 14 бейтаптын абалы орто
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG