Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

Токон Мамытов вице-премьер кызматын калыбына келтирүүнү сунуштады


Токон Мамытов, Кыргызстандын акыйкатчысы.
Токон Мамытов, Кыргызстандын акыйкатчысы.

Акыйкатчы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын чыгышына адистердин сапатсыз иши жана жоопкерчиликтин бир кишиге жүктөлбөгөндүгү да кедергисин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу акыйкатчы, чек ара маселелери боюнча адис “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

- Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга комиссиялардын, адистердин иштериндеги өксүктөр таасир эткен жокпу?

- Баарын өкмөттөр аралык комиссияга жүктөгөн да туура эмес. Ошол комиссиялардын алдында адистерден куралган жумушчу топ жериндеги негизги ишти аткарат. Кырдаалдын курчуп кетишине кыргыз, тажик тараптын тең жумушчу топторунун күнөөсү барбы деп ойлойм. Талаачылык изилдөө иштерин сапаттуу жүргүзүп, комиссияга так, сапаттуу ишти бериши керек.

- Иштин сапатына комиссиялардын биздеги тез-тез алмашуусу таасир этпейби?

- КМШ мамлекеттеринин ичинен өкмөтү баш-аягы жок, эң көп алмашкан - кыргыз мамлекети. Ар бир жаңы бийлик алмашканда жөнөкөй эксперттен баштап жумуштан айдалат. Ордуна өзүнүн тааныштарын алып келип отургузуп коюшат. Алар тамга тааныбайт же ишти билбейт. Натыйжада чала даярдалган ишти өкмөткө сунуштап жатат. Жаңы келген өкмөт дагы адистик көз карашта даярдалбаган чала ишти көп түшүнө бербей ката кетирген учурлар көп болду.

- Бул жерде президенттин, өкмөт башчынын жоопкерчилиги барбы?

- Баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар. Мүмкүн айрым учурда саясий системаны өзгөртүшүбүз керек. Бирок, коопсуздук, коргоо, чек ара, дин, улут аралык маселелер, дипломатия маселеси боюнча адистер иштеш керек. “Парашютисттер” эмес, кесипти билген, түшүнгөн, тарыхты билген адистер иштеш керек.

- Бизде ошондой адистердин таңсыктыгы жокпу?

- Адистер бар, бирок аларды кетирип салган да. Жаңы келгендердин же тажрыйбасы, же билими жетпейт, же мурдагы окуяларды билбейт.

Негизи чек ара маселесин өкмөт чечиши керек. Дүйнөлүк практика ошондой. Аким, губернатор, парламент, президент эмес, башкы ролдо өкмөт турушу керек. Биз вице-премьерлик кызматты жоюп салып ката кетирдикпи деп ойлойм. Мурда чек ара боюнча вице-премьер бар эле. Көп жыл ойлонуп, айлабыз кеткенде Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан болуп кеңешип, министрдин, бөлүм башчынын деңгээлинде комиссия болбойт экен, вице-премьердин деңгээлине көтөрөлү деп чечкенбиз. Төрт-беш жыл сүрүшүп келатып, түз жолго чыгып калганбыз.

Азыр Баткенде абал оор. Муну чечүү министрдин колунан келбейт. Азыр сүйлөшүүгө же вице-премьер же министр барышы керек.

- Президент кийлигишүүсү керекпи?

- Президент маалымдар болуп турушу керек. Өкмөт президент, парламент менен тактиканы бирге иштеп чыгуусу керек. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы чек ара маселесинин жоопкерчилигин бир кишиге - вице-премьер- министрге жүктөп туура кылган. Азыр деле Кыргыз Республикасынын президенти менен парламентине тез арада ушул маселени кабыргасынан коюп, вице-премьер кызматын кайра киргизүүнү сунуштайт элем. Кыскартуу кыскартуу менен, бирок чек арада эң көп маселелер бар: саясий, коргоо, коопсуздук, аткезчилик, социалдык-экономикалык маселелер, чек арадагы элдин жашоо-турмушу, жумушсуздук. Ошого жооп бересиз деп укукту ошол вице-премьер-министрге бериш керек.

Токон Мамытов: Чек ара сүйлөшүүсүн нөлдөн баштоо керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:45 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG