Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Казак-орус чек арасында жерден улам нааразылык чыкты


Казакстандын Орусия менен чектеш Атырау облусундагы Көптогай айылынын тургундары калктуу конуштун жака-белиндеги жер тилкелери Орусияга мыйзамсыз өтүп кетип жатканын айтып чыгышты.

Өткөн дем алышта Көптогайдын тургундары алардын үйлөрүнүн так алдына казак чек арачылары зым тартып, тосмо орнотуп жатканына нааразы болушкан. Социалдык тармактарга жарыяланган тасмалардан айылдыктар буга чейин мал сугарып жүргөн өзөнгө бара албай калышканын айтып жатканын көрүүгө болот.

Анткен менен көп өтпөй бул зымдар кайра алынган. Көптогай айылынын тургуну Дамир Аймашев жергиликтүүлөрдүн талаптарын айтып берди.

"Кечээ күнү тосулган зымдар алынып баштады. Биздин талабыбыз - Казакстандын жерин өзүбүзгө алуу".

Казак-орус чек арасы.
Казак-орус чек арасы.

Ал эми Казакстандын Орусия менен чектеш Курмангазы районун акими Марат Мурзиев буга чейин зымдар эмне себептен тартылганын, кайра эмнеге алынып салынганынан кабары жок экенин айтат.

"Буга чейин 2009-жылы коюлган зымдар турган. Ал аймак Орусияга тийиштүү болгондуктан, эми биздин чек арачылар жаңы деморкация сызыгын белгилешти. Ошондо иштеп жатканда бир аз айыл аймагына өтүп кетишкен. Айрым жерлерде 20 метр, айрым жерлерде 70 метр. Бирок белгиленген сызыктар айылдын аймагына кирген эмес, сыртында калган. Эми чек арачылар мурун коюлган зымдарды атайын чечим менен алып баштады",-деди Мурзиев.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Айдар Аймурзин окуя тууралуу түшүндүрмө берди.

Айдар Аймурзин. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары
Айдар Аймурзин. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары

"2008-жылы “мал Орусиянын аймагына кирип кетип жатат” деп Көптогай айылынын жашоочулары өздөрү тосмо орнотууну суранышкан. Азыр биз ошол тосмону бери жылдыралы дегенбиз, анткени ал Орусиянын аймагына кирип кеткен. Биз орус тарапка эч кандай жер берген жокпуз. Жергиликтүү тургундар үчүн Кигач өзөнүндөгү сууга бара турган жол ачык болот", - деди Аймурзин.

2005-жылдагы Казакстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге ылайык, чек ара тосмолору Казакстандын аймагына өтүшү керек экени жазылган. Чек аранын узундугу болжол менен бир жарым чакырымду түзөт. Бирок өлкөнүн Коопсуздук кызматы чек аранын деморкация маселеси эмне себептен узакка созулганын түшүндүргөн эмес.

Казакстандык жарандык активист Уалихан Кайсар негизинен чек ара келишимдери үч жыл аралыгында жыйынтыкталышы керек экенин баса белгилейт.

"Убагында Нурсултан Назарбаев "биздин Орусия, Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстан менен чек ара маселебиз жок" деп айткан. Ошондо 500 чарчы метр жер Кытайга кеткен. Бирок эми бул чек ара маселеси кайдан чыкты белгисиз. Анткени мындай болбошу керек эле. Эгер 2005-жылдан кийин чыккан көйгөй болсо анда бул Назарбаевдин калпы болуп калат".

Уалихан Кайсар.
Уалихан Кайсар.

Казакстанда чек аралаш аймактардагы жерге, сууга байланыштуу маселе-көйгөй чыгып турат. 2016-жылы Атырауда миңдеген адамдар жерди менчиктештирүү жана чет өлкөлүктөргө ижарага берүү тууралуу мыйзамга каршы митингге чыккан. Мындан улам бийлик жер сатууга беш жылга мараторий жарыялаган. Быйыл бул мараторийдин убакыты бүткөндүктөн Казакстанда жер маселеси кайрадан көтөрүлө баштады.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG