Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргыз-казак алакасы бапестөөгө муктаж


Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев, Астана. 2021-жыл, 2-март.
Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев, Астана. 2021-жыл, 2-март.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эки күндүк мамлекеттик сапар менен Казакстанда жүрөт. Ушул окуяга байланыштуу эки мамлекеттин алака-катыштарынын оош-кыйыштары эксперттер арасында көп талкууланып келатат. Эң талуу маселелердин бири - бул чек ара жана отун-суу алакасы.

Талкууга Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Акбар Рыскулов, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова жана Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев катышты.

“Азаттык”: Акыркы расмий маалыматтарга караганда президент Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жети документ кабыл алынды. Мындан тышкары эки президент кызматташтыктын көп кырдуу өңүттөрүн талкуулаганы да кабарланды. Бүгүнкү кырдаалда эки мамлекет ортосундагы кызматташтыктын эң маанилүү өңүттөрү кайсылар деп эсептейсиздер?

Акбар Рыскулов: Эки боордош элдин калыптанып калган салттары бар. Эң негизгиси ошолорду сактап калуу керек. Тилекке каршы биздеги туруксуздук ушул маселелерге да таасирин тийгизди. Билебиз да, бийликте турган адамдар ойлонулбаган нерсени айтып коюп, машинелер (жүк ташуучу автоунаалар-ред.) бир нече чакырымга кезекке туруп калган учурлар болгон.

Бактыгүл Каламбекова: Элчи айткандай, калыптанган нерселер бар. Бирок, биздин мамлекетте, чөлкөмдө, дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болуп атат. Ошого жараша эл аралык мамилелер да жаңыланып, жаңы талаптар коюлуп турат. Бүгүн кол коюлуп жаткан документтер эл аралык 150гө жакын документтерди толуктайт. Буга чейин негизги документтерге кол коюлган. Алардын негизгиси - 2003-жылы кол коюлган Түбөлүк достук жөнүндө келишим. Экинчиси - Союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишим. Ушул узак мөөнөттүү ири келишимдердин маанисин тереңдетүү, толуктоо, жаңы дем берүү үчүн ушундай визиттер керек. Менин түшүнүгүмдө мамлекеттик деңгээлдеги биринчи сапар болуп атат.

Абдувахаб Нурбаев: Президент таанышуу иретинде барды. Биздин ар бир жаңы шайланган президент сапарын кошуна мамлекеттерден Орусия, Казакстан, Өзбекстандан баштайт. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда эки чоң көйгөйлүү маселе бар. Алардын бири - чек ара маселеси. Биздин жүктөрүбүз, техникаларыбыз Орусияга, башка жактарга Казакстан аркылуу чыгып атпайбы. Экинчи маселе - электр энергиясы. Быйыл биздин Токтогул суу сактагычында суу өтө аз. Быйыл күздө суу, энергетика кризиси болушу мүмкүн. Быйыл жылдын башында эртерээк сүйлөшүп, келишим түзүү зарыл.

“Азаттык”: Мурдагы бийликтердин тушунда чек аралардан товар өтпөй, бири-бирин айыптоолор байма-бай катталды. Казак бийлиги Кыргызстанды аткезчилик үчүн айыптады, Кыргызстан Казакстандын ЕАЭБ алкагында берчү 100 млн. долларынан баш тартканга чейин барды. Ушундай жагдайлар жаңы бийликтин келиши менен кайталанбайт деген кепилдик барбы?

Акбар Рыскулов: Кепилдикти ошол кол койгон тараптар бериши керек. Касым- Жоомарт Кемел уулу (Токаев-ред.) - нукура дипломат. Төмөнкү дипломатиялык кызматтардан баштап тышкы иштер министрине чейин жеткен. Ошол кезде элчи болуп иштеп калып, жакшы билем. Айрыкча келишим маселесине келгенде ал киши каталык кетирбейт. Бизден да ката кетпеши керек. 1998-жылы Казакстан борборун көчүрүп жаткан кезде биринчи барган элчилик биздин элчилик болгон. Сарарка жергесине казактын көк туусу менен кыргыздын кызыл туусу бир күндө көтөрүлгөн. Калган элчиликтер жарым жыл- бир жылда барды.

Бактыгүл Каламбекова: Канчалык күчтүү болсо да аркасында тирек керек. Бул жагынан биз марттык көрсөтүп келатабыз. Бирок, биз дагы мамилелерибизди башка коңшуларга салыштырмалуу өйдөрөөк коюшубуз керек. Чек арадагы эки өткөрмө пункт - Кыргызстан үчүн көптөгөн базарларга, башка дүйнөгө чыгуучу жол. Ошондуктан, биз күндөлүк нерсени коюп, Казакстан менен жакшы иштешибиз керек. Эки өткөрмө пункт Кыргызстандын Казакстанга карата аярлуу, назик жери. Ал эми Казакстан үчүн Кыргызстанга карата рычаг, керек маалда тартып коё турган, керек маалда марттык көрсөтүп коё турган аймак.

Эл аралык мамилелерде муундан муунга өтүп туруу принциби бар. Президент таанышкандан кийин чек арадан тартып электр энергиясына чейин бардык маселелерди койду деп ойлойм. Мындайда адатта бардык маселелер столдун үстүнө төгүлөт. Ушул жагынан бул визит өтө маанилүү.

Абдувахаб Нурбаев: Президент ал жерде ишкерлер менен жолугат деп атат. Орток бизнес долбоорлорду түзүп, инвестициялык шарт түзүп бериши керек болот. Бул эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамилеге эң чоң өбөлгө түзөт. Орток долбоорлор биздин экономиканын жакшырышына кызыкдар болот.

Бактыгүл Каламбекова: Биз Казакстанга эмне бере алабыз, алар бизге эмне бере алат? Азыркы шартта ушуну ойлонушубуз керек. Себеби, эки жылдан бери дүйнөлүк шарт өзгөрүп кетти да. Баарыбыз отуруп калдык. Мисалы, казактарга биз суу, тигилген кийим, айыл чарба өнүмдөрү, тамак-аш жагынан керекпиз. Биз ун, мунай азыктарын алат экенбиз.

Бирок, ачылбаган мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Казакстан аймагында кыргыз капиталы аралашкан 300гө жакын кошмо ишкана, ал эми Кыргызстанда казак капиталы аралашкан 450гө жакын кошмо ишкана бар экен. Мына ушулардын тажрыйбасын карап чыгыш керек. Бул жерде соода-өндүрүш палатасы бар. Мындайда бизнес форумдар маанилүү. Казакстан глобалдык маселелер боюнча көптөгөн аянтчаларды ачып койду. Ага дүйнөнүн түрдүү чөлкөмдөрүнөн аналитиктер, политтехнологдор, саясатчылар келип атат. Бул - мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги.

Биз суу беребиз-бербейбиз, көмүр алабыз-албайбыз дегенди эле эмес, бул жагын да карашыбыз керек. Казакстан эски Жибек жолун калыбына келтирүү долбоорлорун эбак ишке ашырып койгон. Казакстандын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушубуз керек. Кыскасы байыркы боордоштук мамилени дагы бапестеп, өстүрүп турушубуз керек.

Акбар Рыскулов: Сан менен эсептелбей турган дагы көңүл бурчу жагдайларыбыз бар. Бул – руханий-маданий байланышыбыз. Бир кездердеги Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдей болуп казактын киностудияларында көркөм фильмдерди тартыш керек. Абайдын мааракеси өттү. Кыргызча китеби чыкты. Бир жыл мурда Магжан Жумабаевдин 150 жылдыгы өттү. Мен котордум десем дагы бир акындар которгон экен. Мааракесине эки китепти эки күлүк тартуулагандай кылып алып бардык. Ушундай байланыштарды күчөтүү керек. Сексен жылдык тарыхы бар композиторлор, сүрөтчүлөр, жазуучулар союздары бар. Аларды чыңдаш керек. Алар да теңата болуп сүйлөшүүсү керек да.

Абдувахаб Нурбаев: Эки жыл мурда Казакстандан келген коноктордун бири Чыңгыз Айтматовду казак деп жүрүптүр, кыргыз экенин эки жыл мурда билди дейт. Азыр Казакстан билим берүүнү алдыга жылдырып атат. Назарбаев университетин ачты эле. Аны азыр дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттин катарына кошуу аракетин көрүп жатышат. Университет билим берүү тармагын реформалоо боюнча Финляндия менен келишим түзүп, азыр комиссия иштеп атыптыр. Ал комиссияны университетте иштеген кыргыз жигитибиз Дүйшөн Шаматов жетектеп атат. Биздин Билим берүү министрлиги келишим түзүп, ушул өңдүү тажрыйбаларды колдонуш керек. Укканыма караганда казактар кыргыздарга билим берүү квотасын көбөйтүп атыптыр.

Талкуунун толук вариантынын видео версиясы төмөндө:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG