Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Акордого жакын миллиардер Токмокто жерге берилди


Алижан Ибрагимов
Алижан Ибрагимов

Белгилүү казакстандык ишкер жана миллиардер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимовдун сөөгү 4-февралда Токмок шаарында жерге берилди. "Форбс" журналынын рейтинги боюнча Ибрагимов Казакстандагы байлардын тизмесинде 5-орунда.

Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Динара Исаева, Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, парламенттин мурдагы депутаттары Садык Шер-Нияз, Өмүрбек Бабанов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана башкалар барган.

Маркумга топурак салып келген Садык Шер-Нияз Ибрагимовду мындай деп эскерди:

"Алижан Ибрагимов раматылык Болот Шер агам менен жакын дос эле. Бир-эки жолу көрүп калгам. Аябай кичи пейил, түшүнүктүү, акылы зирек, укканын бат кабыл алган адам болчу. Эл аралык Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) беш жылдык каражатын көтөрүп, жетектеп жүргөндөн кийин төрагалыкты өткөрүп берейин дегем. Ошондо Ибрагимов уулун сунуштаган. Ал киши маданият тармагына да жардам берип келген".

Мындан тышкары тажияга Казакстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү келип, казак президенти Касым-Жоомарт Токаевдин, Мажилистин спикери Нурлан Нигматулиндин жана мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин көңүл айтуу каты окулган.

Ошондой эле коштошуу зыйнатына маркумдун ишкер өнөктөштөрү - миллиардерлер Патох Шодиев, Александр Машкевич, Казакстандын мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлери келгени белгилүү болду.

Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында тартылган сүрөт.
Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатында тартылган сүрөт.

Казакстанда түптөлгөн капитал

Ибрагимов 1953-жылы Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн, кийин Кыргызстандын Токмок шаарына көчүп келген. Ачык маалыматтарда ал жогорку окуу жайын Москвадан бүтүрүп келгенден кийин, 1974-1989-жылдары Токмок шаарында иштегени айтылат. Ал эми ишкерликти 1989-жылдан кийин Казакстанда баштаган жана ишкер катары Казакстанда калыптанган. Ал Александр Машкевич, Патох Шодиев менен биргеликте дүйнөнүн 14 өлкөсүндө тоо-кен тармагы боюнча иш алып барган “Eurasian Resources Group” (ERG) компаниясына ээлик кылган. Аталган компаниянын акцияларынын 20% Ибрагимовго таандык. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Санат Урналиев мындай деди:

“Анын ысымы көп учурда Патох Шодиев жана Александр Машкевич менен бирге айтылып келет. Бул үч миллиардер “Eurasian Resources Group” компаниясына ээлик кылат. Аталган компания Казакстандын аймагында аллюминий, темир, хром, марганец казган кендерге тиешеси бар жана мамлекет менен тыгыз байланышта. Анткени анын акциясынын 40% Казакстан мамлекетине таандык. Бир сөз менен айтканда, “Eurasian Resources Group” – Казакстандын болгон кен байлыктарын дүйнөгө сатууда менеджерлик кылат. Алижан Ибрагимовдун Нурсултан Назарбаев менен мамилеси да жакшы болгон. Ал өзү журналисттер үчүн жабык адам эле. Атын ири алып-сатууларда эле угуп калчубуз".

Ибрагимовдун кен байлыктардан тышкары башка тармактарда да бизнестери көп. 2019-жылы “Forbes” журналы Ибрагимовдун байлыгы 2,3 миллиард доллар экенин жазган. Ибрагимовдун Кыргызстандагы байлыгы жана ишкерлиги туурасында так маалыматтар жок. Токсонунчу жылдары Токмоктогу токтоп калган бир катар өнөр жай ишканаларын менчиктештиргени айтылат.

Буга чейин “Токмоктук графтын” бейнесине кайрылып жүргөн Айбек Шамшыкеев мындай дейт:

Айбек Шамшыкеев
Айбек Шамшыкеев

“Алижан Ибрагимов талаштуу пикир жараткан инсан. Ал Кыргызстандагы завод-фабрикаларды менчиктештиргени, ошол эле учурда карапайым элге жардам бергени айтылып келет. Мындан 7-8 жыл мурда Жерүй алтын кени боюнча маселе көтөрүлүп жатканда “Жерүйдү Муса Бажаев жалгыз алган жок. Алижан Ибрагимов, Муса Бажаев, Өмүрбек Бабанов баштаган бир нече адам бар” деп жазганбыз. Аталган алтын кен беш миллиард доллар турганы менен, 100 миллион долларга сатылып кеткен. Ушундан кийин кыргыз журналисттери “Графтын” басып өткөн жолуна кызыга баштаган эле”.

Журналист Ибрагимов алгачкы миллионун Кыргызстанда жасаганы тууралуу маалыматтар да бар экенин кошумчалады.

“Графтын” айтылып жүргөн иштери

Токмок шаарынын тургундары Ибрагимовду карапайым адамдарга жардам берген меценат катары сыпатташат. Казакстандык олигарх өзү чоңойгон калаанын көчөлөрүнө асфальт төшөтүп, мечит салган. Ал коронавирус пандемиясы учурунда дем алдыруучу аппарат, "Тез жардам" унаасын алып берген.

Жарандык активист Марат Абдраев Ибрагимов жөнүндө мындай маалыматтары менен бөлүштү:

“Токмоктогу базарга алып барган жолдун бир бөлүгүн Ибрагимов жасатып берген. Мындан тышкары соңку 4-5 жылдан бери эмгектин ардагерлерине 500 доллар, согуштун ардагерлерине болсо 1000 доллардан берип турчу. Анын үйүнө барып же кат менен кайрылып жардам сурагандар да көп болгон. Анын көмөгү менен көп киши байып кетти”.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов Ибрагимовдун Казакстанда жумушсуз калган кыргызстандыктарга жардам берген окуясын эскерди. Анын айтымында, “Граф” кайрымдуулук иштерин жарыялаганды жакшы көрчү эмес.

“2004-жылдары Казакстандагы биз иштеген компания жабылып калып, 100гө жакын кыргызстандык жумушсуз калганбыз. Ошондо Ибрагимовдун телефон номерин таап, андан жардам сурадык. Ибрагимов Бельгияда экенин, бир жумадан кийин Казакстанга келгенде жумуш таап бере турганын айткан. Айткандай эле 100гө жакын балага иш таап берген. Кийин ал киши менен телефон аркылуу байланышып турдук”.

Ибрагимов Кыргызстанга эмнеге инвестиция салган эмес? Акжолтой Тукунов бул суроону Ибрагимовдун өзүнө узатканын, буга бийлик менен болгон мамиле себеп болгонун кошумчалады.

Ибрагимовдун Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын саясий чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен байланышы тууралуу да айтылып келчү.

67 жаштагы Алижан Ибрагимов коронавирус жуктуруп алып, Бельгияда дарыланып жатканы жеринен 3-февралда көз жумганы белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG