Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Францияда “Казакгейт” жаңжалы тутанууда


Наразбаев менен Саркози Астанадагы жолугушууда. 6-октябрь, 2009-жыл
Наразбаев менен Саркози Астанадагы жолугушууда. 6-октябрь, 2009-жыл

Le Monde гезитинин жаңы санында жарык көргөн маалыматка ылайык, Казакстанга 45 тик учак сатуу боюнча келишим үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин өтүнүчү боюнча Франциянын ошол кездеги мамлекет башчысы Николя Саркози казакстандык белгилүү бизнесмендерди Бельгиянын сотунан куткарууга кол кабыш кылган деп шектелүүдө.

Француз маалымат каражаттары ал чуулгандуу ишке мурдагы президент Николя Саркозинин жакын адамдары аралашкан деп шектелип жатканын жазышат.

Le Monde гезитиндеги макалада айтылгандай, Франциянын финансы министрлигиндеги арам акчаны адалдоого каршы мекеме ошол кездеги президенттин кеңешчисинин эсебине 300 миң евро акча түшкөнү тууралуу маалыматты Париж шаарынын прокуратурасына жиберет. Ошондон бери “уюшулган топ тарабынан арам акчаны адалдоо”, “чет өлкөлүк жогорку кызматкерге пара берүү, “кылмышты жашыруу” фактылары өтө жашыруун түрдө иликтенет. Жана ал каражаттын 2010-жылы Казакстан менен дээрлик 2 миллиард еврого түзүлгөн келишимге байланышы бар экени аныкталат. Саркозинин 2009-жылдын 6-октябрында Казакстанга жасаган мамлекеттик визити маалында макулдашылган келишимге ылайык, Астана Eurocopter компаниясына заказ берип, 45 тик учакты сатып алмакчы болот.

Тергөөчүлөр ошол сапарды ийне жибине чейин иликтеп чыгып, казак президенти Нурсултан Назарбаев ошол контракт үчүн Саркозиден Бельгияда сот жообуна тартылышы мүмкүн болгон казакстандык 3 оллигархтын ишинде кол кабыш кылууну сураган деген версияны айтып чыгышты.

Чындап эле ал бизнесмендер кийин Бельгия парламенти шашылыш кабыл алган жобого ылайык боштулган.

Казакстанда “үчилтик” деген каймана атка конгон Патох Шодиев, Александр Машкевич жана Алижан Ибрагимов Назарбаевге жакын адамдар катары белгилүү. Маалыматка караганда, алар 2011-жылга чейин Бельгияда “арам акчаны адалдоо”, “жалган документ жасоо” боюнча айыпталып келген.

Бирок 2011-жылдын июнь айында Брюсселдин прокуратурасы менен сүйлөшүүдөн кийин 23 миллион евро айып пулга аларга артылган доо алынып, үчөө кое берилген.

Көп узабай, 27-июнда Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун Париждеги сапары учурунда бир катар келишимдерге, анын ичинде тик учактар боюнча контрактка кол коюлган.

Француз полициясы жогоруда сөз болгон мыйзамды кабыл алууда Бельгия Сенатынын ошол кездеги вице-президенти, адвокат Арман де Декер негизги роль ойногонун аныктаган. Казакстандык бизнесмен Патох Шодиев болсо адвокаттын кардары болчу.

Де Декер мыйзам бузбаганын айтып, ошол эле маалда Шодиевдин франциялык адвокаты жана Саркозинин кеңешчиси менен жолугушуп, Назарбаевдин досторунун сот ишин талкуулашканын моюнга алды.

Казакстандык байкоочу Расул Жумалынын айтымында, мындай күдүк ойлордун алдын алуу үчүн эл аралык практикада бул өңдүү келишимдер ачык айкын түзүлөт.

Ал эми Казакстан тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы биздин кабрчыбызга бул иш боюнча маалыматын жоктугун айтты.

XS
SM
MD
LG