Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Казакстанда дары издеген бейтаптар көбөйдү


Дарыканадан чыгып келаткан аял. Алматы, 18-март, 2020-жыл.
Дарыканадан чыгып келаткан аял. Алматы, 18-март, 2020-жыл.

Казакстанда калкан бези сезгенген бейтаптарга дары-дармек жетишпей жатат. Карантин учурунда туруктуу ичип жүргөн дарысы түгөнгөндөр аны сатып ала албай жүдөй башташты.

Дары ташыган компаниялар бардык аймактарга дары жетишерлик өлчөмдө жеткирилип жатканын билдирүүдө.

Алматы шаарынын 52 жаштагы тургуну Айгүл Басен калкан безинин дартынан көп жылдан бери дары ичип турат. Алгач «L-тироксин» ичсе, азыр эндокринологдордун сунушу менен «Эутирокс» дарысына өткөн.

"Калкан бези жакшы иштебегендиктен керектүү гормондор жетишерлик өлчөмдө чыкпай калат. Анын айынан организм өзгөрүүлөргө учурайт. Кошумча оору пайда болот. Бул оору организмди алсыратат. Уйкуну келтирет. Семиртет. Өнөкөткө айланып кетсе, тукумсуздукка алып барат, богок оорусун пайда кылат. Ошондуктан калкан бези ооруган адамдар дарыны өз убагында үзбөй ичип туруш керек".

Айгүлдүн айтымында, учурда керектүү дарылар табылбай жатат.

"Мен кабыл алып турган дарылар жок болуп калды. Мурда эч качан мындай болгон эмес. Менде болгону үч гана таблетка калды. Ошондуктан бул тууралуу социалдык тармактарга жазууга аргасыз болдум. Мага окшоп, дарыга муктаж адамдар көп болуп чыкты. Тааныштарымдын жардамы менен эки айга жете турган дары топтодум. Бирок бизге окшогондордун көбү ал дарыларды таппай жатат".

Казакстандагы интернет колдонуучулары арасында акыркы учурларда дарылардын кайсы бир түрүн бири-биринен сураштырган көрүнүш күч алган. Мисалы Кызыл-Ордо облусунун тургуну Гулим Абылкасымова өзүнүн "Facebook" баракчасына шаардан «Эутирокс» аттуу дарыны таба албай жатканын жазган.

Ал жарыялаган посттун астына элүүдөн ашык адам пикир калтырган. Көпчүлүгү бул дары көптөн бери сатыкта жок экенин жазышкан. Айрымдары өзүнөн ашкан дарыларды бекер эле бере турганын билдиришкен. Дагы бир казакстандык интернет колдонуучу Ольга Турдиева «Эутирокс» же «L-тироксин» аттуу дарыларды шаардан табууга мүмкүн болбой жатканына капа.

«Дары-дармек менен камсыздоо деген ушулбу? Бул дары саат сайын ыргытылып, утуру жаңысын тага турган беткап эмес го. Дары кантип жок болуп калсын? Бир аптадан бери дары таппай жүрөм. Буга ким күнөлүү?, - деди Ольга Турдиева.

Сөз болуп жаткан дарылар учурда Казакстандын башка аймактарында да жок болуп жатканы айтыла баштады. Актөбөлүк фармацевт Артур Геттингдин айтымында, гормондор үчүн керектүү дарылар акыркы үч-төрт аптадан бери дарыканаларга келбей жатат.

«"Эутирокс" жана "L-тироксин" дарыларын биринин ордуна бирин колдонсо боло берет. Азыр сатыкта экөө тең жок. Элдер адеп сурап жатышат. Биз өзүбүз тапканга аракет кылдык. Бирок бир да кампада бул дарылар жок экен».

Фармацевттин айтымында, дары таңкыстыгынын бир нече себеби бар. Ал дарылар мурда Орусиядан ташылып келчү. Коронавируска байланыштуу кирген карантиндин айынан чек аралар жабылган. Ошондуктан дары-дармек ташуу да токтогон. Маселен, сөз болуп жаткан дарылар Чымкентке келе электигине төрт-беш ай болуп калган. «Азаттыктын» кабарчылары ал дарыларды борбор калаадан да таба албай коюшкан.

Бирок өлкөнү акысыз дары менен камсыз кылуучу «СК-Фармация» деп аталган негизги компания аталган дарылар өлкө боюнча таңкыс толуп жатканын четке какты. Аталган мекеменин өкүлү Инкар Мирьякупова буларды айтты:

«"Эутирокс" алты доза менен сатыла турган дарылардын тизмесине кирет. Аталган дары графикке ылайык негизги кампаларга келип түшкөн. Медициналык уюмдардын сураганына жараша аймактарга таратылып жатат».

«Эутирокс» Казакстанда акысыз берилүүчү дарылардын тизмесине кирет. Өлкөдө калкан бези ооруп, бул дарыга көз каранды болуп жашаган 51 миңден ашык жаран бар. Анын ичинен төрт миңден ашыгы балдар. Сөз болуп жаткан дарылар Кыргызстанда да кымбаттаган. Мисалы 50-60 сомдон сатылган «L-тироксин» дарысы азыр 90-100 сомго чыкканын Ош шаарынан кабарлашты.

Кыргызстанда ошол эле маалда өнөкөт оорусу бар дайыма анализ тапшырып, догдурдун көзөмөлүндө болуп турууга тийиш адамдар да кыйналып жатканы байма-бай айтылууда.

20-апрелде Эл акыны Элмирбек Иманалиевди Бишкектин ооруканалары карантинге байланыштуу бир сааттай кабыл албай койгон. Кант диабетинен жабыркап жүргөн акындын сөөгү 22-апрелде жерге берилди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG