Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Актөбөдөгү мектептердин жоолук чыры


Актөбө
Актөбө

Казакстандын Актөбө облусундагы орто мектептин айрым окуучулары бирдиктүү формадан баш тарткандыгы үчүн кийинки класска көчпөй калды. Ушундай төрт окуучунун ата-энесине болсо мектеп жетекчилиги административдик айыппул салды.

Актөбө облусунун Шалкар шаарындагы №5 орто мектебинин 7-классынын окуучусу Жансай - бирдиктүү формадан баш тартып, классынан көчпөй калган окуучулардын бири. Ал мектептин ички тартибине макул болгон эмес. Анын атасы Сандибек Индебаев кызы мектепте жакшы окугандардын катарында экенин айтты:

- Төртүнчү чейректин башталышында кызымды жоолук салынганы үчүн мектепке киргизбей коюшту. Ал эми окуу жылынын аягында болсо мектеп жетекчилиги мага кызымды башка, акы төлөнүүчү мектепке которуп кетишимди сунуш кылды. Бирок менин ага мүмкүнчүлүгүм жетпейт. Өткөн окуу жылында жоолук салынуу боюнча мектепте, билим берүү бөлүмүндө, акимчиликте бир канча жолу жыйналыш болгон. Алар бизге орой мамиле кылышты. 10-15 киши ар тараптан талады. Биз үчүн аябай оор болду.

Сандибек Индебаев – беш баланын атасы. Жансай – балдардын улуусу. Экинчи кызы Айша 4-класста окуйт. Ал да жакында жоолук салынууга өткөн.

Биз кыздарыбызга тогуз жаштан өткөндөн кийин жоолук салынууга милдеттендиребиз.

- Эгер менин кызым окуудан жетишпей, жаман окугандыгы үчүн классынан көчпөй калса, таарынбайт болчумун. Бирок андай болгон жок. Ал жоолук салынганы үчүн көчпөй калды. Биз кыздарыбызга тогуз жаштан өткөндөн кийин жоолук салынууга милдеттендиребиз. Төртүнчү класста окуган экинчи кызым Айша жакында эле тогузга чыкты. Эми бул окуу жылында Айшага да жоолук салынгандыгы үчүн кыйынчылык жаралат окшойт. Мындай болбошу керек эле да! Эгер мен өзүм жашаган өлкөдө, өзүмдүн динимди коргой албасам, бул эмне дегенди түшүндүрөт? Мен дагы да болсо маселебиз оң жагына чечилет деп үмүттөнүп турам, - деди кыздардын атасы.

Сандибек Индебаевдин кесиби слесарь. Анын бир айлык кирешеси 80 миң теңге. Анын айтымында, кызы Жансай былтыр Актөбөдөгү жеке менчик «Исма» окуу борборунан билим алган.

- Мен кызымды окутуу үчүн айлыгымдын жарымын короттум. Быйыл менде андай мүмкүнчүлүк болбойт, - дейт ал.

Мектептердеги жоолук маселесине арналган жыйындардын бири. Актөбө, 3-февраль, 2018-жыл.
Мектептердеги жоолук маселесине арналган жыйындардын бири. Актөбө, 3-февраль, 2018-жыл.

Индебаевдин кызы Жансай өткөн окуу жылынын үч чейрегинде сабак калтырган эмес жана 7-класстын программасын толук өздөштүргөн. Бирок ага билим берүү бөлүмүндөгүлөр «Исма» окуу борбору берген сертификат мамлекеттик жалпы билим берүү талаптарына жооп бербейт, бул кийинки класска көчүрүүгө негиз боло албайт" деп айтышкан. Казакстандын мыйзамына ылайык, окуу борборлору билим берүү мекемелерине кирбейт. Алардын тиешелүү лицензиясы болушу зарыл.

Актөбө облусунун билим берүү тармагын көзөмөлдөө департаментинин өкүлдөрү мектептин ички тартибин сактабаган төрт окуучунун ата-энесине административдик айыппул салынганын «Азаттыкка» билдиришти. Эгер алар бул көрүнүштү бир жыл ичинде кайталаса, кайра жоопкерчиликке тартыларын эскертишкен.

Актөбө облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлназ Сулайманованын айтымында, 2017-2018 окуу жылында мектепке жоолук салынып келген 340 окуучу аныкталган. “Анын ичинен төрт окуучунун гана кийинки класска көчпөй калышы - жоолукчандарга карата түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлгөндүгү", - деди ал:

Гүлназ Сулайманова.
Гүлназ Сулайманова.

​- Мектептеги бирдиктүү форманы кийбеген окуучуларга биз 25-майга чейин убакыт бергенбиз. Окуу жылынын аягында жоолук салынган 12 окуучу гана калган. Биз алардын ата-энелери менен чогулуш өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Мындай кошумча сабактар 20-июнга чейин болду. Жыйынтыгында төрт окуучунун ата-энеси бирдиктүү форма кийүүгө караманча каршы болуп койду. Министрлик бул маалымат менен кабардар.

Жоолук салынгандардын укугун коргоо боюнча иш алып барган адвокат Агысбек Тулегенов андай окуучулардын ата-энесине айыппул салып, өздөрүн класстан класска көчүрбөй койгон көрүнүш Казакстандын Конституциясына каршы келет деп эсептейт:

Агысбек Түлегенов.
Агысбек Түлегенов.

- Балким мектепке жоолук салынып барган кыздар азайгандыр, мен аны билбейм. Бирок алар адам укугун тебелегенден башка эмне табышты? Мындай көрүнүштөн улам канчалаган үй-бүлө Чымкент менен Алматыга жер которуп кетишти. Балдары үчүн ата -энелер туулуп-өскөн жерин таштап кетип жатышат. Балдары болсо коомдо өзүн басмырлангандай сезип жатышат. Юрист катары мага бул көрүнүш кооптуу абалдай туюлат. Бирок биз колду жайып отуруп албашыбыз керек. Шаардык сот биздин апелляциялык арызыбызды канааттандырган жок. Эми ал төрт окуучунун ата-энеси Жогорку сотко кайрылышы керек.

Ал эми Актөбө облусунун дин иштери боюнча департаментинин жетекчиси Жолдас Калмагамбетова ата-энелер балдарынын келечеги үчүн мектептин тартибине көнүшү керек деп эсептейт:

- Мектеп формасынан баш тарткан окуучулар окубай калышты. Жоолук салынуу маселеси динчил ата-энелер менен байланыштуу. Азыр бул кырдаал жөнгө салына баштады. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү токтоп калган жок. Жоолук алынган окуучу кыздардын саны 340 болчу. Азыр болгону төртөө калды. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептебейм. Ата-энелер балдарынын келечегин ойлоп, ушундай кадамга барышты. Алар балдары билим алышы керек экенин түшүнүштү.

Акыркы жылдары Казакстанда радикализмдин алдын алыш үчүн “салттуу дин баалуулуктарын” эл ичинде кеңири жайылтуу кызуу жүрүп жатат. Ал эми жоолук салынган окуучулардын ата-энелери мектепке жоолук салып келгендерге айыппул салуу Актөбөнүн билим берүү тармагындагы гана эрежелер экенин белгилеп, административдик айыппул салуу өлкөнүн башка облустарында жок экенин белгилешет.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин “Орто билим берүү мекемелериндеги бирдиктүү форма кийүү жөнүндө" жарлыгы 2016-жылы кабыл алынган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Бирок соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG