Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

Казакстанда cоодагерлер бийликти сестентти


Актөбөнүн борбордук базарынын алдына чогулгандар, 25-май, 2020
Актөбөнүн борбордук базарынын алдына чогулгандар, 25-май, 2020

Казакстандын Орол шаарындагы соодагерлер базарды ачууну талап кылып, эбегейсиз зыянга учураганын айтып чыгышты. Ал арада Тажикстандагы "Хулбуктун" соодагерлери базар ачык болсо да "соода солгун" экенине капа.

Казакстандын Орол шаарындагы "Московский" базары 18-майда эле ачылмак. Бирок карантин улам узартыла бергендиктен, ондогон адам базардын ачылышын талап кылып, Товардын жана тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө департаменитинин алдына чогулушту.

Андагы соодагерлердин бири Аслан Утепов соодага салынган тыюунун айынан ири зыянга учураганын айтты. "​Базардын директору миллион теңге зыян тартты. Ал сыяктуу эле ар бир соодагер 1.5-2 миллионго чейин зыянга учурады. Анткени тез бузулуучу, жайкы товарларды алып келип алган элек. Товар сатылбай кампада туруп, бузулуп кетти. Биз баарыбыз күйдүк. Биз эми ал акчаны чыгара албайбыз. Анткени сооданын маалы өтүп кетти", - деп тызылдады.

Базардын ачылышын талап кылып чогулган соодагерлерди полиция сырттан көзөмөлдөп турду. Бир аз убакыттан кийин шаардын башкы санитардык дарыгери Мадениет Танауов чогулгандарга чыгып, базар эки күндөн кийин ачыларын билдирди.

"Шаардагы бардык соода жайларын изилдеп чыгабыз. Биз бул жумушту бир-эки сутка ичинде бүтүрөбүз. Мына ошондон кийин базар атайын талаптардын негизинде ачылат" - деди башкы санитардык дарыгер.

Мындай жоопту уккан соодагерлер убада аткарылбаса, облус акимине даттанарын эскертип, анан тарап кетишти. 600гө жакын соодагер эмгектенген "Московский" базарын шаар акимияты бир апта мурун текшерип чыгып, "санитардык талаптарга жооп берет" деген корутунду чыгарган. Шаарда болсо карантин режими 15-июнге чейин узартылган.

Учурда Казакстандын башка шаарларында да ушундай эле абал уланууда. Мисалы Алматыдагы автоунаа тетиктерин сатуучу "Сar City" базары алигиче ачыла элек. Ал жерде жайма базар пайда болуп, тээ 1990-жылдардагыдай башаламан соода жанданды. Соодагерлер тетиктерди машиналарында отуруп сатууга өтүшкөн. Ушундай эле көрүнүш "Жибек-Жолу "базарында орун алган.

Бар товарын жол боюна тизип отурган соодагерлердин бири ыйлап жиберди. "​Жөлөк пул эмнеге жетет. Эки айдан бери үйдө жатабыз. Соодага чыккандан башка айлам калган жок. Базардын жетекчилиги урушуп атат. Полиция кубалайт. Алар келгенде качабыз, тарап кетебиз?", - деди жайма базарда отурууга мажбур болгон сатуучу.

Актөбө облусундагы “Ортолуктун” соодагерлери да базарды ачууну талап кылып чогулушту. Шаардын башкы санитардык дарыгери Аманжол Утегалиев азырынча базар качан ачылары белгисиз экенин айтты.

"Коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өскөнүнө байланыштуу карантин мөөнөтү узартылган. Мурда илдеттин жугуу ыктымалдыгы 15% болсо, азыр 25% өсүп кетти. Өлкөнүн башкы врачынын жобосуна ылайык, илдеттин жайылышынын көрсөткүчү 7% ашса, адамдар көп чогулуучу жайларды ачууга болбойт", - деп чечмеледи.

Тажикстан: базар ачык, соода солгун

Ал эми Тажикстанда абал бир аз башкача. Базарлар ачык болгону менен барган кардар аз. Маселен, Хатлон облусундагы эң ири «Хулбук» базарында соодагерлердин иши жүрүшпөй турат. Адатта, адамдын көптүгүнөн быкпырдай кайнаган базар ээн турат. Андагы соодагерлердин бири Амриддин Рахмон аларман күтүп, маанайсыз отурат.

"Жергиликтүү тегирменде тартылган ун 210 самони, 2-сорттогу ун 235 сомони, 1-сорт 245 самони. Ошентсе да аларман жок", - деп үшкүрүнөт Рахмон.

Ошол эле маалда пандемиядан улам "Хулбук" базарында "баа көтөрүлүп, кымбатчылык өкүм сүрүп жатат" дегендер да четтен чыгат. Бул аймактагы автоунаа базарында да соода солгун. Ушул тапта коронавирус коркунучу күч экенине карабай, коңшу Тажикстанда базарлар ачык.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG