Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Чек ара чыры: эки тараптан тең жараат алгандар бар


Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Тажикстан менен чектеш аймакта абал салыштырмалуу турукташканы тууралуу маалымат таратты.

Өкмөттүн маалымат кызматы Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал жөнгө салынып, жарандардын таш ыргытуулары токтогонун, Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин, эки тараптын облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатканын билдирди.

Кырдаалды Баткен жана Согд облустарынын башчылары көзөмөлдөп турганы маалым болду.

Буга чейин окуя болгон жерде жүргөн “Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысы үч кыргызстандыкка таш тийип, ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы окуя тууралуу маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматына Кожалы (Хожа Аъло) айылынын тургуну Ашурбай Сафаров 15тей адам жараат алып, ооруканага баратканын билдирген.

"Күбөлөр чыр токтогонун, эл үйүнө тараганын билдирди" деп жазды "Озоди".

Окуя боюнча Баткен милициясы Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык башаламандык) менен иш катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганы кабарланды.

Өкмөттүн маалыматында 28-апрелде, эртең менен саат 11:30да буга чейинки макулдашууларга ылайык, Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун башчылары жолуккан.

Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан "Кызыл-Бел" жана "Гулистон" чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймактагы чатырда өткөн.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстан Республикасынын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын курамында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Согд облусунун Гафуров жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана эки тараптын Кадастр ишканасынын, Суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери болгон.

Жолугушууда Суваналиев менен Ахмадзода чектеш аймактардагы элдин коопсуздугун сактоо, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырмаларды беришкен.

Жолугушууда эки облустун жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүүнү макулдашкан.

"Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын ("Головной") айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн, облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Бирок эки райондун башчылары бир пикирге келе алган эмес. Ага Баткен жана Согд облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алган. Исфара районунун акиминин мындай мамилесинин себеби азырынча белгисиз", - деп жазылган өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бул маалыматка чейин УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү чек арада абал чыңалып турганын кабарлаган болчу.

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожа Аъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда.

Окуядан көп өтпөй Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара кызматкерлери менен эки тараптуу жолугушуу өткөн. Анда кыргыз тарап видео камераларды алып салууну талап кылып, бирок тараптар бир пикирге келе алган эмес.

Натыйжада “Головной” тилкесине жакын жашаган Кыргызстандын тургундары видео көзөмөл коюлган электр мамыларын араалап, эки тараптын ортосунда жаңжал чыккан.

Болжол менен 100-150дөй киши бири-бирине таш ыргытып, чыккан чырды чек ара аскерлери басууга аракет кылды", - деп жазылган маалыматта.

"Головнойдогу" талаш

17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыгып, тирешүү болгон.

Кыргыз тарап анда суу бөлүштүрүүчү жайда ремонт иштерин жүргүзүүгө тажик тараптан 30дай адам тоскоолдук кылганын билдирген. Эки тарап кайым айтышып, натыйжада иш токтогон.

22-апрелде Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү "Головнойдогу" сууну бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүү өткөрүп, бир пикирге келе албаганы маалым болгон.

Суу бөлүштүрүүчү жакын жерде жашаган элдин тирешүүсү буга чейин да болуп келген. 2014-жылы чырда эки тараптан 9 адам жабыр тарткан. "Головной" 1960-жылдары Кыргыз ССРинин өтүнүчү менен курулган.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келгенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50% жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан. Ошондой эле ал Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG