Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Баткендеги аскердик машыгуунун тек-жайы


“Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу-2021” аскердик машыгууларынын жүрүшү. Баткен облусу. Март айы, 2021-жыл.
“Коопсуздук-2021” жана “Калыптандыруу-2021” аскердик машыгууларынын жүрүшү. Баткен облусу. Март айы, 2021-жыл.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Баткенде “Коопсуздук-2021” аскердик машыгуусу башталганын 1-апрелде маалымдады. "2021-жылдын 1-апрелинде «Коопсуздук-2021» Биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды" деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.

Буга чейин 1-2-3-апрель күндөрү Баткен облусунда“Коопсуздук-2021” “Калыптандыруу-2021” деп аталган ири масштабдуу машыгуулар өтө турганын айтылган. Мындай ири машыгуу көптөн бери боло элек эле. Атургай бул ирет Баткенге шарттуу түрдө коменданттык саат киргени турат.

1-апрелде машыгуунун башталыш аземинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Омуралиев:

«Биргелешкен машыгуубуз Куралдуу Күчтөр биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, топтордун терс кара өзгөй ойлоруна бөгөт коюбузга даяр экенибизди далилдейт. Мындай шарттарда биз кыраакы гана эмес, Кыргызстандын жана анын жарандарын коргоо үчүн бардык өзгөрүүлөргө даяр турууну камсыздашыбыз керек»,- деп билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи этаптын максаты – аймактын мамлекеттик башкаруу органдары жана өзүн-өзү башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында өзүнчө аймактарда тапшырмаларды аткаруу жана даярдыкка келтирүү болуп саналат.

Коопсуздук үчүн зарыл машыгуу

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, машыгууда аскердик өзгөчө абал киргизилген шартта аскер органдары менен жергиликтүү бийликтин иштешүүсү, мобилизациялоо сыяктуу тапшырмалар иш жүзүндө аткарылат. Ошондой эле ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аскер күчтөрү тартылган. Башкы штабдан "Азаттыкка" маалымдашкандай, машыгуунун максаты - жергиликтүү бийлик менен күч түзүмдөрүнүн, аскердик бөлүктөрдүн чогуу аракеттенүүсүнө шарт түзүү.

"Коопсуздук 2021", "Калыптандыруу 2021" аскердик машыгуусуна даярдык учуру.
"Коопсуздук 2021", "Калыптандыруу 2021" аскердик машыгуусуна даярдык учуру.

Аскердик машыгуулар учурунда Баткен облусунда кыска убакытка шарттуу коменданттык саат киргизилет. Облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, коменданттык саат жарандарга ыңгайсыздык жаратпайт:

"1-2-3-апрель күндөрү Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо- 2021" машыгуусу өтөт. Бул машыгуунун алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2021-жылдын 2-апрель күнү кечки саат 20.00дөн 3-апрель таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Ушул 10 сааттын ичинде жарандардан тартипти сактоого жана кырдаалды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырабыз. Бул убакыт аралыгында сиздерге көчөдөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайрылса, түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз. Ал эми шаарга кирип чыгуучу жерге коюлган блок посттор жарандарды текшерүүгө албайт. Жарандардан эч кандай пропуск талап кылынбайт".

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги катышат.


Иш-чарага 2 миңге жакын адам, жүзгө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, жыйырмадай артиллериялык системалар, он авиациялык техника тартылат.

Баткен согушунун катышуучусу, аскер эксперти Асылбек Молдобаев Баткендеги машыгуунун өлкөнүн коопсуздугу үчүн зарылдыгын белгиледи:

Асылбек Молдобаев.
Асылбек Молдобаев.

"Өлкөнүн коопсуздугу башкы орунда. Ошондуктан, мындай машыгуулар мүмкүн болушунча аралыгы узартылбай өткөрүлүп турганы зарыл. Себеби түрдүү чукул кырдаалдарда куралдуу күчтөрдөн тышкары МСЧ, Ички иштер министрлиги, саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү жана борбордук бийликтин күч-аракети талап кылынат. Ошондой учурларда бул структуралар биргелешип, мобилдүү иштөөгө даяр болууга тийиш. Ал үчүн азыртадан дал ушундай машыгуулар керек".

Чек арага чукул жердеги аскердик машыгуу

Баткендеги улуттук деңгээлдеги ири масштабдуу аскерий машыгуу кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде өткөрүлүп жатканын эки өлкөнүн чек ара маселесине байлагандар да жок эмес. Серепчи, журналист Айданбек Акмат уулу ушундай пикирде:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

"Менимче, бул Тажикстан тарапка күч көрсөтүү аракети. Анткени буга чейин эле тажик тарап чек арага күч топтоп, биздикилер мылтык менен атса, алар миномёт менен атып, чагым кылып жүрүшкөн. Ошондуктан, бул машыгууну Тажикстандын мурда жасаган мамилесине жараша "Кыргызстанда да жооп кыла ала турган адекваттуу күч бар" деген ишара деп эсептейм. Чек ара маселесинде Ворух анклавы боюнча эки тарапта тең чоң талкуу болуп жатат. Азыркы учурда Тажикстанга Кыргызстан жактан бир тараптуу транзиттик жүк өткөрүү да токтотулуп, аткезчилик, жөн соода - баары токтотулуп, машыгууга киришти".

Ал арада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келе турганы кабарланып жатат.

"Азаттыктын" тажик кызматынын жазышынча, "Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келишинин себеби Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аталган анклав тууралуу билдирүүсү бул мамлекеттин жарандары арасында тынчсыздануу жаратканы менен байланыштуу".

Тажикстандын президентинин маалымат катчысы Абдуфатто Шарифзода Эмомали Рахмон Исфарага, андан ары Ворух анклавына бара турганын 31-мартта “Азаттык” радиосунун тажик кызматына ырастады. Бирок, азырынча президенттин Ворухка качан барары жана сапардын күн тартиби белгисиз.

Бейрасмий түрдө Рахмондун Ворухка сапары 4-апрелге дайындалганы айтылып, бирок расмий тастыктала элек.

Кыргыз бийлиги жакында эле Өзбекстан менен чек ара сызыгы 100% такталганын маалымдады. Ошол эле учурда коңшулаш Тажикстан менен талаштуу тилкелер чечиле элек.

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Ворух анклавын алмашуу сунушу тажик тарапка берилгенин маалымдаган:

"Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлеринен алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка бердик. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Бул анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана, пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот”, -деген эле Камчыбек Ташиев.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай аскердик машыгуу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Муну белгилеген талдоочу жана аскер эксперти Артур Медетбеков Баткенде өтүп жаткан машыгууну кыргыз-тажик чек ара маселесине такыр байланышы жок деген пикирин билдирди. Медетбеков Сирияда бүлгүнгө учураган "ИМ" тобунун калдыктары Борбор Азияда экстремисттик-террордук аракеттерди жүргүзүүгө аракеттенип жатканын белгилеп, аскердик машыгуунун Баткенде өтүп жатканы максаттуу деген оюн билдирди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"1999-2000-жылдары Баткенге экстремисттик- террордук топтор басып киргени тарыхта "Баткен согушу" деген ат менен калды. Азыр дагы Ооганстандын түндүгүндө, өзгөчө Кундуз провинциясында ИГИЛдин калдыктары чогулуп жатат деген маалыматтар бар. Демек, аймакта коопсуздук маселеси бар. Ушундан улам бул машыгууларды түрдүү экстремисттик-террордук топторго каршы турууга даярдык деп гана айта алам. Чек ара маселесине эч кандай байланышы жок. Биздин куралдуу күчтөргө кирген бардык күч түзүмдөрүн биргелешкен байланыш системаларын өздөштүрүп, оперативдүү маалыматтардын негизинде кандай чара көрүп, кантип аракеттенүү болоорун иш жүзүндө көрсөтүү үчүн мындай машыгуулар маанилүү!"

Артур Медетбековдун айтуусунда, Баткен облусунун аймактык рельефи мындай ири масштабдуу аскерий иш-чараларды өткөрүүгө да ыңгайлуу.

Жыл сайын өткөрүлүп жүргөн аскердик машыгуу былтыр пандемияга байланыштуу болбой калган.

Жетекчилер алмашты

Баткендеги чоң иш-чаранын алдында Коргоо министрлигинин жетекчилиги алмашты. Президент Садыр Жапаровдун 29-марттагы жарлыгы менен Башкы штабдын башчылыгына Эрлис Тердикбаев дайындалган. Андан тышкары Коргоо министринин орун басарлары да алмашкан. Коргоо министринин орун басары Нурлан Чомоев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Алмазбек Карасартов дайындалды.

Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгууга көз салууда. 2020-жылдын 9-декабры.
Башкы штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев машыгууга көз салууда. 2020-жылдын 9-декабры.

Министр Таалайбек Өмүралиев азырынча ордунда. Ал Бишкек шаардык сотунун 13-марттагы чечими менен "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталып, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Учурда бул чечим боюнча даттануу Жогорку сотко жолдонгону кабарланды.

Аскер кызматкерлерине берилген батирлерге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдараак коргоо министринин бир нече орун басарына да айып тагылып, кызматынан бошотулган. Алардын ордуна президент Жапаровдун 29-марттагы буйругу менен Нурлан Кирешеев, Акылбек Ибраев, Руслан Мукамбетов дайындалды.

(Коргоо министрлигин Баткендеги аскердик машыгуусу. Видео Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына таандык. )

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG