Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:02

Суваналиев: "Садыр Жапаров менен мүдөөбүз бир жерден чыкты"


Өмүрбек Суваналиев (Архивден. 2017-жылдын 3-октябры)
Өмүрбек Суваналиев (Архивден. 2017-жылдын 3-октябры)

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалды. Ал “Азаттык” менен болгон интервьюсунда чек ара маселеси курч турган облуста коопсуздук, аткезчилик көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Ошондой эле буга чейин бир нече жогорку кызматты ээлеген генерал эмне шарт менен жаңы кызматка барууга макул болгону тууралуу да айтып берди.

- Өмүрбек мырза, бүгүн Баткен облусунун өкүлү болуп дайындалдыңыз. Баткен өлкөдө эң маселеси көп, көйгөйлөрү көп, чек ара маселелери курч турган аймак. Бул жакка кызматка дайындалууда макул болгон шартыңыз эмне болду? Эмнелерди өзгөртүүнү пландап жатасыз?

- Мен генерал катары, коопсуздук системасында иштеген киши катары бул маселелерди чечүү мага сунушталганда макулдугумду бердим. Көп маселелерди мурун деле коопсуздук системасында иштеп жүргөндө билчүмүн. Эми азыр Баткен жергесинде тажрыйбам жардам берет деген ойдомун. Президенттин аппараты менен, өкмөттүн аппараты менен чогуу иштеп, комиссияларга көмөгүбүз тийет деген мааниде макулдугумду бердим.

- Акыркы күндөрү Баткен дубанынын жашоочулары чек ара маселесине өтө тынчсызданып, бир нече акцияларды өткөрдү. Сиз да кабардар болсоңуз керек. Мисалы, чек ара көйгөйүн чечүү үчүн эмнелерге көңүл буруш керек. Буга чейинки бийлик эмнелерге көңүл бурбай келди эле?

- Биринчиден, комиссиялардын иши эки тараптуу болуш керек. Ошону чечиш керек. Учурда коронавирус пандемиясы болуп токтоп калды. Ошол иштерди жандандырсакпы деп жатабыз. Азыр Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев комиссиянын жетекчиси болгон. Ал келгенден кийин иштерди жандандыралы деп күтүп жатабыз. Ыйгарым укуктуу өкүлү болгон биз, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштешебиз деген үмүттөбүз. Бир четинен өмүр бою иштеген ишибиз мыйзамдын чегинде болгон. Эми облуста да мыйзамдуулук болсо экен деп жатабыз. Тартип, мыйзамдуулукту катуу сактайбыз го. Элге иштеп беребиз, кызмат кылабыз.

- Буга чейин сиз Коопсуздук кызматынын катчысынын орун басары болуп иштеп турганда өзүңүз да айттыңыз эле "Баткенге байланыштуу аткезчилик, наркотрафик деген маселелер көп айтылганы менен бийлик тарабынан көп көңүл бурулбай жатат" деп. Ушул жаатка да көңүл бурулабы - Тажикстан менен Кыргызстандын арасындагы аткезчиликке?

- Ооба, мыйзамдын чегинде биз аткезчилик боюнча иштерди жүргүзөбүз. Көп кызматкердин орду алмашты. Жаңы ички иштер башкармалыгы болду. Жакында жаңы прокурор болот. Дагы жаңы алмашуулар болуп атат, анткени бул күрөштү жаңы деңгээлге алып келебиз.

- Сиз өзүңүз президент Садыр Жапаров менен сүйлөштүңүзбү? Анткени акыркы учурда мурун губернаторлук институт болгон облустардагы өкмөттүн өкүлү көп бюджети жок, көп таасири жок кызматка айланып бара жатат, саясий колдоо болбосо кыйын деп келе жатышат?

- Премьер-министр жана президент менен сүйлөштүм. Алар койгон максаттарыма көмөк көрсөтүшөт. Кудай буюрса пландын баары жакшы. Ошолордун баары ишке ашса болот. Анткени президент да, премьер-министр да көзөмөлгө алабыз деп жатат.

- Сиздин негизги шартыңыз эмне болду? Өзүңүздүн тажрыйбалуу салмагыңыз бар адамсыз. Анан кандай учурда сизге карата жакшы шарт түзүлдү деп айта аласыз?

- Президенттин саясий эрки жана премьер-министрдин эрки болуп атат. Баткен облусуна чоң жардам беребиз деп жатышат. Мунун өзү эле чоң шарт. Анан мен ошонун бардыгын угуп туруп макулдугумду бердим. Баткен облусундагы маселелерди тез арада колдон келишинче жоюуга алардын мүдөөсү да, менин мүдөөм да бир болуп атат.

- Ишиңизге ийгилик, чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG