Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Чекеге чыккан чек ара чатактары


Чек арага байланыштуу нааразылык митинги. 2021-жылдын 15-февралы
Чек арага байланыштуу нааразылык митинги. 2021-жылдын 15-февралы

15-февралда Бишкекте өткөн митингдин катышуучулары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы кол башчысы, президент Садыр Жапаровду чек ара коопсуздугуна көңүл бөлүп, тез арада чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышты.

Баткенде чек ара маселелери улам көтөрүлүп, чек арага жакын айылдарда да, Бишкекте да бийликке талап коюп жыйындар өтүп жаткан учурда Баткенде облус жетекчиси, орун басары, район акими жана күч кызматтарынын облустук башкармалыктарында кадрдык алмашуулар жүрдү.

Эми Баткен облусун Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев жетектемей болду. Суваналиев чек арадагы маселелерди чечүүдө борбордук бийликтен колдоо жакшы болоорун айтат.

Аны 15-февралда облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын облустук башкармалыгына Кыялбек Төлөнбаев, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) облустук башкармалыгына Мурат Боронов, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганы белгилүү болду.

Облустук администрациянын буга чейинки жетекчиси Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары болду. Облус башчысынын биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун ордуна Марип Тулаев келди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов жана Баткен районунун акими Каланбек Маркаев башка кызматка өттү. Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызмат ордуна милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев дайындалды. Ал эми Баткен районунун акимдигине Акылбек Орозов келди.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев иштен бошоп, ордуна Акыл Орозов дайындалды.

Президентке кайрылуу

Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында февралдын башында жайыт, курулуш, жол жана суу сыяктуу чек ара талашы курчуп, бир нече маселе чыкты.

Буга карата "Чек ара" коому 15-февралда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы кол башчысы, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Чек ара" коомдук бирикмесинин төрагасы Гүлжигит Исаков президент Садыр Жапаровду чек ара көйгөйүнө көңүл бурбай жатат деп сындады:

Гүлжигит Исаков
Гүлжигит Исаков

"Жаныбызды кашайткан нерсе өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип, сырттан бирөөлөр чек арага бастырып кирип, отуруп алса, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы кол башчысы Садыр Нургожо уулу көп маектеринин биринде дагы ал тууралуу такыр сүйлөбөй жатат. Менимче, ал чек арадан дагы маанилүү башка маселелер менен алек окшойт. Тажик тарап Аксайга техникасын алып кирип, өзүнүн чек ара аскерлерин алып кирип алыптыр. Ал эми мында негизги маселе ал жерди күзөткөн биздин чек ара нөөмөтүн алып койгондо болуп жатпайбы. Азыр биз аны ордуна алып келүүнү жана Көк-Таштагы тигилген бак көчөттөрүн алып салууну жана 1991-жылга чейинки чек аранын турпатын толук калыбына келтирүүнү талап кылабыз".

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу президенттин чек ара көйгөйүн жөнгө салууга чакырды:

"Он күндөн бери көп эле маек курду. Бирок бир жолу да чек ара тууралуу маселе көтөргөн жок".

"Чек араны чечүү оңой иш эмес"

Активисттердин талаптарына дароо жооп берген өкмөт өкүлдөрү "Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагындагы айрым жер тилкелеринин коңшу өлкөгө өтүп кеткени жөнүндө айтылып жаткан сөздөр негизсиз" экендигин билдиришти. 15-февралда өткөн маалымат жыйынында өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев буларды айтты:

“Көп жарандарыбыз кээде такталбаган маалыматтын негизинде "жерибиз өтүп кетти" деген дооматтарды коюп жатат. Маалыматты так алып, анан айтсаңыздар. Бизде тийиштүү карталар, картографиялык материалдар бар. Ошол эле материалдар кошуналарда да бар. Ошолор менен биз такташып, макулдашып, кээ бир маалыматтарды Москванын архивдеринен таап келип, кошуналар менен далилдеп, чек араны чечип жатабыз".

Ал эми ушул эле маалымат жыйынында паритеттик комиссиянын мүчөсү, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Абдулат Мырзаев чек ара тилкелери алмашылган мисалдар бар экенин айтып, коомчулукту ага түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды:

Абдулат Мурзаев
Абдулат Мурзаев

"Мисалы үчүн Көк-Серек айыл аймагындагы кыргызстандыктар колдонгон Теңге тилкеси 1961-жылдагы указ менен бекитилген карта боюнча Өзбекстанга таандык болгон. Ошол эле кезде Абадан деген тилке бар. Ал картографиялык материалдар боюнча аталган тилке Кыргызстанга караштуу болуп, бирок өзбекстандыктар пайдаланып келген. Анан муну мурда эле өз ара сүйлөшү жолу аркылуу ал жер тилкесин өзбекстандыктар пайдаланып келсе, анда мына ошол 14,37 гектар жер тилкеси ал жакта калсын, ал эми жалпысынан 61,63 гектар жер аянтынын ордуна 38,04 гектар жер аянтын берип, мына ошол эки жер тилкесин алмашуу аркылуу чек ара сызыгы такталып, жазылган".

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагынын кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги тактала элек жерге 12-февралда өзбек тарап бир тараптуу зым тартып алганын айтып чыккан жергиликтүү тургундар алардын мал жая турган жайыттары тарып жатканына даттанган. Ал эми Тажик чек арачылары 8-февралда Баткендин Аксай айыл аймагындагы төмөнкү "Тандыр" жайытын ээлеп алганына аксайлыктар даттанып чыгышкан. Андан соң тажик тарап Көк-Таш айылына жакын тилкеге бак көчөттөрүн отургузуп салганы катталган.

Өкмөт Тажикстанга чек арада жер берилбегенин билдирди (видео)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:34 0:00

Буга чейин Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, Ак-Сайдагы жайыт маселеси өкмөттүк деңгээлдеги паритеттик комиссия аны бир жаңсыл чечмейин мурдагы абалында каларын, тажик чек арачылары кирип келген жерден чыгып кете турганын макулдашкан.

Күч түзүмдөрүнүн ардагери Жалалидин Мамытбеков кесипкөй жетекчилер келип, чек ара такталбай, чек арадагы чыр-чатактар өнөкөткө айланганын айтты:

"Баткенде бир эле учурда эки жерде чек ара чатагы чыгып отурат. Аксайдын ар жагындагы "Тандыр" тилкесиндеги 30-40 гектардай жерге тажик чек арачылары кирип, басып алышты. Экинчиси жанагы Көк-Таштын ары жагындагы каналдын үстүндөгү кара деген тилкеде тажиктер көчөттөрүн отургузуп салышкан. Делимитация жана демаркация маселеси бүтмөйүнчө мындай болбошу керек эле. Бирок аталган маселе эмнеге чечилбей келе жатат. Анткени жердин нугун, картаны билген кесипкөй жетекчилерди дайындабай, кимдин жакынына кызмат керек болсо эле коё беришип, аягында маселени терең билбей, биз көп жерден уттуруп келе жатабыз".

Садыр Жапаров жана Уларбек Шаршеев. 26-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров жана Уларбек Шаршеев. 26-октябрь, 2020-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кырдаал жөнгө салынып, тигилген көчөттөр алынганын, кооптонуууга негиз жок экенин билдирди:

"Чек ара кызматы унчукпай отурган жери жок. Мен ошол күндөрү эле тапшырма бергемин. Биздин чек арачылар тиешелүү жерлерде күчөтүлгөн тартипте чек араны кайтарууда. Түзүлгөн кырдаалга тез арада реакция жасап, тиешелүү чаралар көрүлдү. Чек ара тилкесиндеги тигилген бак көчөттөрү жулдурулган. Калган маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө".


Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов кызматына киришип жатып, Баткендеги Төрткүл суу сактагычына куйган суу каналдарынын башаты кошуналарга өтүп кеткенин айткан. Бирок Баткендеги жергиликтүү калк андан түшүндүрмө талап кылганда, ал өзүнүн билдирүүсүнө тактоо киргизген.

Андан кийин Тажикстан кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымалдыгын билдирди.

10-февралда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленди.

Тажик тарап жакында Жогорку Кеңештин депутаты Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өтүп кеткени тууралуу айтканын, эл аралык укук нормалары боюнча ал тилке делимитация боло элек деп эсептелерин жана бүгүнкү күндө кайсы бир талаш жерди өткөрүп берүү тууралуу сөз жок экенин жазды.

XS
SM
MD
LG