Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

15-февралда өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү көтөрүлгөн нааразылык акциясы өттү.

Өкмөт үйүнүн жанына чогулгандар. 15-февраль, 2021-жыл
Өкмөт үйүнүн жанына чогулгандар. 15-февраль, 2021-жыл

Акцияга чогулган отуз чакты адам өздөрүн Баткендин Баткен районунун жана Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары деп тааныштырып, өкмөттөн чек ара маселелерин чечүүнү, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүүнү талап кылып жатышат.

Баткен облусунун жетекчилери алмашты

Ал арада Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганы белгилүү болду. Бүгүн, 15-февралда аны облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын облустук башкармалыгына Кыялбек Төлөнбаев, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) облустук башкармалыгына Мурат Боронов, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалганы белгилүү болду.

Облустук администрациянын буга чейинки жетекчиси Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын башчысынын орун басары болду.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев иштен бошоп, ордуна Акыл Орозов дайындалды.

Облус башчысынын биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун ордуна Марип Тулаев келди.

Элдин талабы

14-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймакта жашагандар чек арага олуттуу мамиле жасоону талап кылып, мамлекет башчыга кайрылуу үчүн чогулушкан.

14-февралда өткөн жыйынга коомчулуктун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Чогулгандар чек арага байланыштуу маселелерге жергиликтүү бийлик жетишээрлик көңүл бурбай жатканын айтышты. Жергиликтүү кеңештин депутаты Дастанбек Эркинов буларды белгиледи:

“Биз чоң үмүт менен чогулдук. Биз көз карандысыз жол, суу, чек ара маселелери боюнча президентке кайрылалы деп чечтик. Антпесе бир топ маселелер болуп жатат. Жерлер аз-аздан жылып кетип бараткандай болууда. Ыңгайы келген жерлер болсо алмаштырышса да, эки тарап нааразы болбой тургандай кылыш керек. Бизге тынч жашоону камсыздап бериши керек. Биздин эл да жазгы талаа иштерин башташы керек. Урматтуу президент, "ишимди Баткенден баштайм" деген элеңиз. Эми маселени тездетип чечүүнү күтүп жатабыз”.

Баткен, 14-февраль, 2021-жыл.
Баткен, 14-февраль, 2021-жыл.

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында февраль айынын башында чек арага байланыштуу бир нече маселе чыкты. Айылдардан эл эки жолу облус борборуна чогулушту. Бул жолу көпчүлүктүн катышуусу менен атайын кайрылуу кабыл алуу үчүн эл өзү демилге көтөрүп жыйын өткөрүштү. Бирок жыйынга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан жок.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев (интервью алынган маалда аким кызматынан бошотула элек болчу - ред.) дем алыш болгонуна карабай, өзү да чек арада жүргөнүн айтып, элдик жыйынга катышууга эч ким чакырбаганын айтты:

“Азыр да Самаркандек айылынан келдим. Бир талаштуу маселе бар эле. Чогулушка эч ким чакырган эмес. Угушума караганда эл чек ара, суу, Баткендин губернаторуна атайын макам берүү, салыктар жана жер участоктору боюнча кайрылуу жасаптыр. Биз Тажикстандын Исфара шаар башчысы менен бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. 16-февралда дагы жолугушабыз. Чек ара маселеси менен тынымсыз алектенип жатабыз”.

Ак-Сай айылындагы жайыт талаш, аймактагы курлуштар, жол, суу талаштары, такталбаган аймакта жер иштетүү маселелери боюнча облус жетекчилери да телефондон сүйлөштү. Анда Баткен жана Тажикстандын Согди облус башчылары Ак-Сайдагы жайыт боюнча өкмөттүк деңгээлде паритеттик комиссия маселе бир жаңсыл чечмейин мурдагыдай калсын, бирок Тажикстандын аскерлери кирип келген жерден чыгып кетет деп макулдашкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов (интервью алынган маалда кызматынан бошотула элек болчу - ред.) буларды айтты:

“Мен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси менен телефондон чек арадагы маселелер боюнча улам сүйлөшүп жатам. Жайыт талаш маселесин комиссия кандай чечсе, ошондой болсун деп макулдаштык. Ага чейин абалды туруктуу кармап туруу үчүн биргелешип аракет жасап жатабыз. Өкмөткө сунуштарыбызды бердик. Ал эми курулуштар боюнча эки тарап комиссия түзүп, макулдашууга ылайык жүрүп жаткан курулуштар улана берет. Эгер такталбаган чек арага 500 метрден жакын болсо токтотулат. Комиссия 16-17-февралдан тартып иштей баштайт”.

Акыркы учурда чек арадагы талаштуу маселерди чечүүдө жергиликтүү денгээлдеги сүйлөшүүлөрдө эки тарап орток пикирге келе алышпай, маселелер ачык калып жатканы да айтылган.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 12-февралда 50дөй адам чогулуп, Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайыт жерди тажик чек арачылары 8-февралдан баштап кайтарууга алганын, аксайлыктарды киргизбей жатканын айтып чыгышкан.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 12-февралда жергиликтүү тургундар менен Чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү жолугушуп, Кош-Болот участогунда жаралган маселе талкууланган. Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек тилкесинде тактала элек жерге өзбек тарап зым тартып койгонуна, мал жая турган жерлери азайып жатканына нааразылыгын айтышкан.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген.

Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG