Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Баткенде чек арадагы жер талаш маселеси көтөрүлдү


Ак-Сай айылы. Архивдик сүрөт.
Ак-Сай айылы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймагындагы Баткен районунун Ак-Сай айылында бүгүн, 11-февралда 50дөй адам чогулуп, облустук жана райондук бийликтен чек ара маселесине байланыштуу кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты.

Элүү чакты адам ушул эле жерге кечээ, 10-февралда да чогулуп, Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайыт жерди тажик чек арачылары 8-февралдан баштап кайтарууга алганын, аксайлыктарды киргизбей жатканын айтып чыгышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал жерди буга чейин кыргыз жарандары пайдаланып, Кыргызстандын чек арачылары кайтарып келген.

Акцияга чыккандар жайытты кайтарып берүүнү же Ак-Сай айылынын Бакай аймагынан 600 гектар жерди бошотуп берүүнү талап кылышты. Алар бул жерди тажик тарап мыйзамсыз пайдаланып жатканын белгилешти.

10-февралдагы жолугушууда облус жетекчилиги маселе тиешелүү мекемелерге жеткирилгенин, өкмөттүк деңгээлде каралып жатканын айтып, элди тараткан.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев бул көйгөй боюнча Тажикстандын Исфара шаарынын жетекчилиги менен жолугушуу болгонун, орток пикир табылбаганын маалымдаган.

Тажик тараптын расмий органдары бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген.(JsA)

XS
SM
MD
LG