Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Адвокат: Кадыр Досонов УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барды


Кадыр Досоновдун 2012-жылдагы сүрөтү.
Кадыр Досоновдун 2012-жылдагы сүрөтү.

"Женго" деген каймана атка конгон, кылмыштуу топтун төбөлү атыккан Кадыр Досонов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгына өзү барды.

Бул тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгына өзү барганын маалымдайм. Балким эртең расмийлер "супероперация болуп, супер териштирүүдөн кийин кармалды" деп чыгышпасын", -деп жазды адвокат.

10-февралда УКМК Ош шаары менен Ош облусунун аймагында издөөдө жүргөн "Женго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду колго түшүрүү боюнча атайын иш-чара жүргүзүп жатканын кабарлаган. Мекеме бул операция уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттин алкагында уюштурулганын белгилеген.

Ички иштер министрлиги менен бирге Досоновду кармоо үчүн “Перехват” планы жарыяланган.

Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева 10-февралда "Азаттыкка" атайын кызмат аларга Досоновду убактылуу колго түшүп берүү суранычы менен кайрылганын маалымдаган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG