Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү кескин кыскарды


Кыргызстандын товарлары чет жакта.
Кыргызстандын товарлары чет жакта.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2020-жылкы тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн баштапкы эсептерин чыгарды.

Ага ылайык, былтыркы жылдын январь-декабрь айларында соода жүгүртүүнүн көлөмү 5,6 млрд. долларды түзүп, 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 19,0% төмөндөдү. Анын ичинде экспорт 1,1%, импорт 26,2% кыскарды.

2020-жылдын январь-декабрында республиканын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2,4 млрд. АКШ долларын түзүп, 12,5% азайган. Мында экспорттук жөнөтүүлөр – 14,9%, импорттук келип түшүүлөр - 11,7% түзгөн.

Республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (64,9%) жана Казакстанга (33,1%) туура келди.

Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2017-жылы 6 млрд. 259 млн. сом, 2018-жылы 7 млрд. 128 млн. сом, 2019-жылы 6 млрд. 975 млн. сом болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG