Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Жоржия штатынын прокурорлору Трампка каршы кылмыш ишин ачышты


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 20-январь, 2021-жыл.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 20-январь, 2021-жыл.

Маалымат каражаттары 10-февралда кабарлагандай, Жоржия штатынын прокурлору АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамптын аймактагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети боюнча кылмыш иш козгоду.

3-январда "The Washington Post" басылмасына жарыяланган аудиодо Трамп штаттын мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге басым жасап жатканын угууга болот. Экс-президент Трамп (ал кезде бийликте болчу) жеңиш үчүн жетиштүү добуштарды «тапкысы келгенин» айткан.

Маалыматтарга караганда, аймактык прокурордун штаб жетекчилигине жазган катында Трамптын телефондук чалуусуна байланыштуу документтерди жакшылап сактоо өтүнүчү келтирилген.

"The New York Times" кабарлагандай, Трамп бир гана Раффенспергерге гана эмес, губернатор Брайан Кемпке чалып, штаттын мыйзам чыгаруучуларын жыйнап, президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган

2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Жо Байден 12 миңден ашуун добуш көбүрөөк алып, Жоржия штатында Трампты уткан.

Ушул тапта 20-январда президенттиктен кеткен Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси Сенатта каралып жатат.

Демократтар жана аларды колдогон айрым республикачылар тарабынан 6-январдагы Капитолийдеги тополоңго Трамп тарапташтарын шыкактаган деген айып тагылууда. Мурдагы президенттин адвокаттары мындай доону четке кагып жатышат.

XS
SM
MD
LG