Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Сенат Трамптын экинчи импичменттик сотун улантууну жактап добуш берди


АКШ Сенатындагы импичмент жүрүмү. 2021-жылдын 9-февралы.
АКШ Сенатындагы импичмент жүрүмү. 2021-жылдын 9-февралы.


АКШ Сенаты 9-февралда кеңири талкуудан соң мурдагы президент Доналд Трампка каршы импичмент сотун жүргүзүүнүн өлкөнүн Башмыйзамына каршы келээр-келбестиги жаатындагы маселени добушка салды.

Добуш берүүнүн натыйжасында, 100 сенатордун 56сы Трампка каршы экинчи импичменттин Баш мыйзамга ылайык экендигин тастыктады, 44 республикачы сенатор бул сунушка каршы добуш беришти.

Эми 10-февралдан тартып Сенатта экс-президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча сот жүрүмү улантылмакчы.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн импичмент боюнча тобунун жетекчилери 8 саат ичинде, андан соң Трамптын жактоочулары 8 саат ичинде өз жүйөөлөрүн ортого салышат. Ар күнкү отурум 8 сааттан ашпоого тийиш.

Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана көз каранды эме сенаторлор азырынча республикачылардын алтоону гана өздөрүнө тарта алышты.

Жыйынтыктоочу добуш берүүдө алар кеминде 17 республикачы сенаторду өз тарабына тарта алышпаса, анда республикачылардан болгон мурдагы президент Трамп бул сот жүрүмүндө деле акталып чыгышы ажеп эмес.

Бирок Трамп акталып чыкканда деле баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген атка кабылаары шексиз. (TT)

XS
SM
MD
LG