Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Трамп ж.б. тууралуу америкалык азилдер


Президент Д.Трамптын Улуу Британияга жасаган сапарына нааразы болгон айрым лондондуктар британдык парламенттин имаратынын жанындагы аянтка чогулган кез. 2018-жылдын 13-июлу.
Президент Д.Трамптын Улуу Британияга жасаган сапарына нааразы болгон айрым лондондуктар британдык парламенттин имаратынын жанындагы аянтка чогулган кез. 2018-жылдын 13-июлу.

“Күлкү кербени” түрмөгүнүн бул жолку юмордук шиңгили АКШнын 20-январда кызматтан кеткен президенти Д.Трамп, ордуна келген Байден ж.б. тууралуу америкалыктардын соңку азилдеринен куралды.



* * * * * * *
Кыргызстанда “Үч пахан” сыяктуу сатиралык оюндарга бөгөт коюлуп жаткан чакта, АКШда президент Доналд Трамптын бийликте кезинде эле абдан көп азилдер миллиондогон көрүүчүлөрү бар сыналгы шоулар жана интернеттеги коомдук тармактар аркылуу элге тартууланып келди.

* * * * * * *

“Трамп БИРИНЧИ деген суроого байланыштуу тарыхта даңазаланып калаары шексиз. Ал эки жолу импичмент жүрүмүнө кабылган БИРИНЧИ президент болуп калмакчы. Ага чейинки 44 президенттин эч кимиси мындай абройго жетише алган эмес”.


* * * * * * *
Ал эми үчилтик китеби көп санда сатылган жазуучу айым Рэйчел Хокинс – өзү АКШнын Алабама штатынан. Ал триллерлерин “Rachel Hawkins” ысымы менен, ал эми романстарын “Erin Sterling” адабий ысымы менен жарыялап келет.


Трамптын экинчи импичменти тууралуу Хокинс айым “Твиттерде” мындайча азил жазды:
“Чынын айтсам, демейде мен сиквелдерди жактыра бербейм. Бирок мен “Импичмент – 2: Кайталоо” дегенди жактыргандай сезип турам. Биринчи жолкусунда мен кабылган кээ бир олуттуу көйгөйлөр бул жолкусунда оңдолот окшойт деп турам”.

(“Сиквел” — сюжети жагынан мурда жарык көргөн кайсы-бир чыгармага уланды же анын өнүгүшү катары жаралган жаңы көркөм тасма, китеп, компүтер оюну же башка чыгарма).
* * * * * * *


Дагы бир азил.
“Трамптын биринчи импичменти эмне менен бүттү эле?”
“Аны билгенге үлгүрбөсөңүз эч нерсе эмес. Экинчисин ыракат кылып көрсөңүз жетиштүү. Баягы эски фильмди кайра жаңыртып сиквел тарткандай: ошол эле каарман, ошол эле өнөрпоз, ошол эле сот залындагы окуя...”

* * * * * * *


47 жаштагы америкалык куудул Сет Адам Майерс — сценарист, продюсер, сыналгы алып баруучу жана өнөрпоз катары да таанымал. Ал 2014-жылдан тартып “Түн бир оокумда Сет Масйерс менен” деген калайык сүйгөн ток-шоу жанрындагы берүүнү алып барат.

Ал 4 жыл бою Трампты колдоп келип, акыркы күндөрү андан оолактап калган республикачы саясатчы, АКШ Сенатынын көпчүлүгүнүн 20-январга чейинки лидери, сенатор Митч КакКоннелл тууралуу мындайча азил кылды:

– Сенатор Митч МакКоннелл, “Нью-Йорк Таймстын” билдиришинче, демократтар президент [Трампка] импичмент жарыялаган жатканына ыраазы болуп жаткан экен. Бул – өтө олуттуу нерсе, анткени, эгерде сиздер көркөм тасмаларды көрүп жүргөн болсоңуздар, анда “ыраазы болуу” – бул жамандык кылгандардын бактылуулукка жетишинин эң жогорку сереси экенин билесиздер. “Алар сиздин далаалатыңызга өзгөчө ыраазы болуп турушат, лорд Вейдер!

(Мында “лорд Вейдер” – америкалык “Жылдыздар мейкиндигиндеги согуштар” аттуу көп сериялуу көркөм тасманын алгачкы 6 сериясынын каарманы Дарт Вейдер (Darth Vader). Ал кара күчтөргө кызмат кылуудан баш тарткан жана анын сөзү америкалыктарда мурдагы турмуштан баш тартуунун символу катары көп колдонулат).


* * * * * * *
20-январда бийликке киришип жаткан Жо Байден тууралуу да АКШда азилдер көп айтылып келет.
Ага жем таштагандардын бири – Байдендин өзү болду. Президенттикке талапкер кезинде ал журналисттер менен баарлашып жатып, өзүн “АКШ Сенатына мындан 180 жыл эле илгери келген” киши катары тамашалап күлгөн. Ал өзүнүн тажрыйбалуу экенин көрсөткүсү келген.

Атаандашынын тарапташтары болсо дароо муну илип ала коюп, Байденге “Унутчаак Жо” деген ат коюшту.
Дагы бирөөлөр Байденди президенттикке талапкер катары катталууга мажбурлап жаткандар “ушунча узак жылдар бою жашап келген карыяларга карата ырайымсыз мамиле жасагандыгы үчүн айыптуу деп табылышы керек”, – деп жазып чыгышты.


* * * * * * *
Дагы бир азил.
“Трамп өзүн АКШнын бозгундагы президенти деп жарыялоону чечти”.

* * * * * * *
– Карагым, “Твиттерде” эмне үчүн улам-улам ач айкырык чыгып жатат?
– Бул – америкалык шайлоо системасына каршы Трамп арызданып жаткандагы добуш.
– Деги Трампка анын эмнеси жакпай жатыптыр?
– Бул системанын иштеп жаткандыгы, сэр.

* * * * * * *

Трамп Конституция жараксыз деп жарыялады, анткени бул документке кол койгондор эчак эле өлүп калышыптыр.

* * * * * * *

(Ар кыл интернет барактарынан иргелип алынды).

XS
SM
MD
LG