Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Нуркан Турсунбаевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет


Нуркан Турсунбаев.
Нуркан Турсунбаев.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, обончу, актёр Нуркан Турсунбаевдин 80 жылдык мааракеси быйыл жыл бою бир нече иш-чаралардын коштоосунда белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучулар тобу билдирди.

Алгач 13-февралда, саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада актёрдун өмүр бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмө уюштурулат. Иш-чарада Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, Улуттук филармониянын ырчылары Нуркан Турсунбаевдин обондуу ырларын аткарышат.

14-февралда, саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Турсунбаевдин баскан жолун, өнөр көрөңгөсүн чагылдырган «Биротоло келдим сага бүгүн мен» аттуу театралдаштырылган концерт коюлат.

Уюштуруучулар - Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Нурканбек Турсунбаев атындагы эл аралык кайрымдуулук фонду.

Нуркан Турсунбаев 1940-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында өнөрлүү үй-бүлөдө туулган. Театр жана кино актёру Турсунбаевдин «Алтынчы күнү кечинде», «Ай баратат» аттуу обондору эл ичинде кеңири белгилүү болгон. Нуркан Турсунбаев белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы.

XS
SM
MD
LG