Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Түркия Айга ракета жиберүүнү көздөйт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия өзүнүн улуттук космос программасынын алкагында 2023-жылы Айга ракета жиберүүнү көздөйт. Бул тууралуу мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган 9-февралда билдирди.

«Эл аралык кызматташуунун алкагында орбитага 2023-жылы биздин улуттук гибриддүү ракетабыз чыгарылат жана ал алгач ирет Айга конот»-деди Эрдоган. Ал өткөн айда «Тесла» жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск менен жолугуп, түрк компаниялары менен космос технологиялары жаатында кызматташуу тууралуу сөз болгон.

Түркиянын президенти ошондой эле 10 стратегиялык максат тууралуу айтты. Алардын ичине түрк жаранын космоско илимий миссия менен жиберүү да кирет.

Январь айында Түркия "SpaceX" менен биргеликте "Turksat 5A" спутнигин АКШдан учурган. Кийинки "Turksat 5B" спутнигин 2021-жылдын экинчи жарымында ааламга жиберүү пландалууда.

«Биздин бутубуз жерде болсо да, көздөрүбүз космосто болот. Тамырларыбыз жерде болсо да, бутактарыбыз асманда болот»-деген Эрдоган Анкара эл аралык колдоо менен космодром курууну көздөп жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG