Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Байден менен Си Цзинпин телефондон сүйлөштү


Архивдик сүрөт
Архивдик сүрөт

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден кызматка киришкенден бери биринчи жолу Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөштү.

Ак үй 10-февралда тараткан билдирүүдө “Байден Бээжиндин адилеттүү эмес экономикалык ыкмаларына, Гонконгдогу куугунуктоолорго, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна, региондогу барган сайын агрессивдүү болуп бараткан аракеттерге, анын ичинде Тайванга каршы багытталган кадамдарга терең тынчсыздануусун белгиледи” деп айтылат.

Эки кубаттуу державанын өз ара мамилелери бир катар саясий, экономикалык жана адам укуктарына байланышкан маселелерден улам начарлаган.

Коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөгөн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп былтыркы март айынан тартып Кытай лидери менен сүйлөшкөн эмес.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы маалымдагандай, Си Цзинпин Байденге ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салса болорун айтты. Кытайдын суверенитети жана аймактык бүтүндүгүнө тиешелүү маселелерге, анын ичинде Тайвань, Гонконг, Шинжаң иштерине кийлигишүүдөн оолак болууга чакырды.

Вашингтон администрациясынын маалыматына караганда, жетекчилер пандемияны, климаттагы өзгөрүүлөрдү, курал-жарактын жайылышын алдын алуу маселелерин талкуулашты

Ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, америкалык президент Вашинтондун жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Бээжин менен кызматташтык уланарын билдирди.

XS
SM
MD
LG