Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Трамп: Кытай менен иштешүү жеңил эмес


Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Кытай менен иштешүү жеңил эмес» деп билдирди.

Кошмо Штаттардын лидери коронавирустун жайылышы тууралуу «Твиттерге» жарыялаган билдирүүсүндө: «Кытай менен иштешүү жеңил эмес. Биз жакында эле соода келишимине кол койгонбуз. Анын сыясы кургай электе дүйнө жүзү Кытайдан чыккан илдеттен жабыркап отурат», - деп жазды.

Күн мурун Трамп Кытай менен АКШнын ортосундагы соода келишимин кайрадан карап чыгуу ниети жок экенин билдирген. Медиа каражаттардын маалыматына караганда, Бээжин соода келишимин жокко чыгарып, COVID-19 пандемиясынын шартында Вашингтон менен өзүнө пайдалуураак макулдашуу түзүүнү көздөп жатат.

АКШ менен Кытай соода келишимине быйыл январдын ортосунда кол коюшкан. Документте Кошмо Штаттардан Кытайга мунай, газ жана көмүр экспортун 200 миллиард долларга көбөйтүү, ошондой эле кытай товарларына карата америкалык бажы алымдарын төмөндөтүү каралган.

Трамп коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн Кытайга жүктөөдө. Ал вирус Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан болушу мүмкүн экенин айтып келет. Кытай мындай божомолдорду четке кагууда.

АКШ дүйнөдө COVID-19 инфекциясынан эң көп жабыркаган өлкө болуп турат. Акыркы маалыматтар боюнча Кошмо Штаттарда коронавирус жуккандардын саны 1,4 миллион кишиден ашты. Алардын ичинен 85 миңден ашык бейтап каза болду.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG