Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзүлмөй болду


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилери ортодогу тактала элек чек ара тилкесине жакын жердеги курулуштар боюнча эки тараптуу комиссия түзмөй болушту. Бул тууралуу 13-февралда “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов билдирди.

Жалаловдун айтымында, орток чечим кабыл алынганга чейин эки тарап тең ал жерди пайдаланбайт.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек ара сызыгына 500 метр жакын жерде курулуш жүргүзбөө тууралуу макулдашуу бар.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 11-февралда 50дөй адам чогулуп, облустук жана райондук бийликтен чек ара маселесине байланыштуу кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Ага чейинки күнү ошончо эле адам Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайыт жерди тажик чек арачылары 8-февралдан баштап кайтарууга алганын, аксайлыктарды киргизбей жатканын айтып чыгышкан.

Тажикстандын чек ара мекемеси бул боюнча расмий комментарий бере элек. Исфара шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Икбол Тешаев 13-февралда “Фейсбуктагы” баракчасына “тажик чек арачылары кыргыз жарандарына Тажикстандын аймагына өтүүгө жол беришкен жок” деген маалыматты бөлүшкөн.

Баткен облустук бийлигинин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова ага жооп кайтарып, чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырган жана чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин айткан.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген. Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.(JsA)

XS
SM
MD
LG