Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

Мониторинг: Журналисттердин укугу бузулушу боюнча бир айда сегиз маалымат жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Январь айында Кыргызстанда журналисттердин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) укугу бузулушуна байланыштуу сегиз маалымат жарыяланды. Бул тууралуу 13-февралда "Азаттык" радиосуна «Сорос-Кыргызстан» фондунан кабарлашты.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жүргүзгөн мониторинг январда журналисттердин саясий өңүттөгү абалын аныктоочу алты жана алардын укуктарынын бузулушун мүнөздөгөн эки маалыматты каттоого алганы белгилүү болду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын чыныгы абалын аныктоочу социалдык, административдик жана укуктук климатты мүнөздөгөн маалыматтар катары төмөнкүлөр аталды: “ЭлТР” каналы “Азаттыктын” программаларын көрсөтүүдөн баш тартканы, “Клооп” басылмасы иликтөөсүн жарыялаганы, шайлоо учурунда журналисттерге тоскоолдук жаратпоо тууралуу милицияга эскертүү айтылганы, журналисттердин бири басым болуп жатканын айтып чыкканы жана кабарчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча өткөн эки окуу тууралуу.

Ал эми укук бузулушу тууралуу маалыматтар эки ЖМКга каршы доо боюнча сот отуруму жана Каракол шаарында журналисттин соттошуусу жөнүндө болгону белгиленди.

Мониторингди өткөрүүгө «Сорос-Кыргызстан» фонду жана «Медиа Полиси Институту» уюму жардам беришти.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы чыккандан кийинки пресс-конференциясында сүйлөп жатып сөз эркиндигин толук коргоого ынтызар экенин айткан жана журналисттерден элге маалыматты эки тараптуу кылып калыс жеткирүүнү суранып, жоопкерчиликтүү болууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG