Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Али Токтакунов: Сот чечими Матраимовдун коррупциялык схемасынын гүлдөшүнө жол ачты


Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу сот чечими тууралуу видеокайрылуу таратып, муну кескин айыптады.

Ал экс-бажычыны мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков байытканын белгилеп, азыркы президент Садыр Жапаровдун тушунда анын ишмердүүлүгүнө дагы кенен шарт түзүлгөнүн билдирди.

«Бүгүн кол жоолук прокуратура, сот органдары аркылуу Садыр Жапаровдун бийлиги Матраимовду калкалап, ээн-эркин элден уурдай беришине жол ачты. Бүгүнкү күндө дагы Матраимовдор рейдерлик жол менен тартып алган кирешелүү бажы терминалдарын иштетип жатышпайбы. Матраимовдун туугандары, жек-жаат, достору бажыдан кеткен жок. Анын коррупциялык схемасы талкаланбады. Эми тескерисинче гүлдөп-өнүгүшүнө жол ачылды. Буга бүгүнкү сот чечими далил», - деди «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы Али Токтакунов.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду Жазык кодексинин «Коррупция» деген 319-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, тергөө менен кызматташканы үчүн жаза катары 260 миң сомдук айыппул салды. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды.

Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору белгилүү болду. Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылары айтылды. Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG