Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кремлдин сынчысынын табышмактуу ууланышы


Орусиянын атайын кызматы оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны эки жолу ууландыруу артында турушу мүмкүн. Бул тууралуу Bellingcat тобунун жаңы иликтөөсүндө айтылат.

Bellingcat тобу оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзаны ууландыруунун табышмактуу жагдайлары боюнча иликтөөнү 11-февралда жарыялады.

Анда 2015-2017-жылдары Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматында (ФКК) иштегендер саясатчынын артынан аңдуу уюштурганы айтылат.

Дал ушул жылдары эки ирет уулануунун симптомдору менен өтө оор абалда ооруканага түшкөн Владимир Кара-Мурзанын ал учурда эмнеден жабыркаганы толук иликтенген эмес.

Владимир Кара-Мурза 2015-жылы ууландыруудан соң ооруканада
Владимир Кара-Мурза 2015-жылы ууландыруудан соң ооруканада

Оппозициячыл саясатчы Орусиянын кайсы аймагына барбасын ФККнын кызматкери артынан көлөкөдөй ээрчип жүргөнү иликтөөдө белгилүү болгон.

«Жети багыт жана 14 каттам боюнча сапарлар жөн эле дал келип калышы мүмкүн эмес. Кара-Мурзанын ишмердиги жана туруктуу түрдөө аңдуу ФККнын бул тобу ишке ашырган башка кол салууларга окшошуп турат», - деп айтылат.

Иликтөөдө Кара-Мурзанын артынан аңдыган атайын органдын кызматкерлеринин бири Константин Кудрявцев экени ашкере болгон.

Кудрявцевдин дагы бир оппозиционер Алексей Навальныйды ууландырууга тиешеси бар экени буга чейинки иликтөөлөрдө айтылган.

Кийин Навальный телефондон сүйлөшкөндө оппозиционерди Коопсуздук кеңешинин чоң кызматкери катары кабыл алган Кудрявцев ууландыруунун жагдайларын кеңири баяндап берген эле.

Константин Кудрявцев
Константин Кудрявцев

Bellingcat тобунун иликтөөсү боюнча дал ушул Константин Кудрявцев Кара-Мурза 2015-жылы ууландырылар алдында Калининградга сапарлаш болсо, 2016-жылдын аягында да саясатчыны Нижний Новгородго да жашыруун коштоп барган. Бул сапардан көп өтпөй эле саясатчы оор абалда ооруканага түшкөн.

Владимир Кара-Мурза иликтөө жарыяланган соң “Азаттыктын” орус кызматына курган маегинде акыркы маалыматтар абдан маанилүү экенин белгилеген.

«Биринчиден, Bellingcat жана The Insider, Христо Грозев жана Роман Доброхотовго иши үчүн ыраазычылык билдирем. Алар Орусиянын Тергөө комитети кылышы керек болгон ишти иликтөөчүлөр жасады. Ал эми расмий орган "Орусиянын аймагында орус жараны эки жолу өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иши козголдубу?" деген суроого жооп бербей келет. Ошол эле учурда АКШнын Федералдык кызматынын жумушун да аткарды. Бул орган мени ууландырган соң биоматериалымдын үлгүлөрүн алып, кийин анализдердин жыйынтыгын жашырып койгон. Bellingcat дал ушул эки тергөө органы кылбаган, тагыраагы кылгысы келбеген иштерди жасашты», - деп билдирди.

Чынында эле жаңы иликтөө АКШнын бийлигине Владимир Кара-Мурзанын ууландырылышы боюнча кошумча маалыматты ачыкка чыгарууга түрткү болушу мүмкүн.

2017-жылы саясатчы экинчи жолу ууландырылган соң анын анализдерин жубайы АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна жөнөткөн. Америкалык расмий орган анализдерди изилдеп, жыйынтыгы менен тааныштырарын убада кылганы менен ал ишке ашкан эмес.

Кийин сот Иликтөө бюросун илиздөө жыйынтыгын жарыялоого милдеттендиргенде отчеттун айрым гана бөлүгүн ачыкка чыгарган. Калгандары купуя маалымат катары аталган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна белгилүү болгондой, Кара-Мурза Федералдык иликтөө бюросунда сакталып турган өзүнө байланыштуу калган маалыматтарды алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

40 жаштагы Владимир Кара-Мурза оппозициячыл журналист, саясатчы катары белгилүү. Ал орус аткаминерлерине каршы АКШ бийлиги санкцияларды киргизиши керектигин жактайт. Ууландыруудан соң ден соолугу начарлаган Кара-Мурза акыркы жылдары АКШда жашайт.

Орусияда дагы бир бийликке каршы саясатчыны ууландыруу артында атайын кызмат турушу мүмкүн деген иликтөөнүн жарыяланышы оппозицияга карата басым күчөп турган учурга туш келди.

Буга чейин оппозиция лидери саналган Алексей Навальный үч жарым жылга соттолуп, камакка алынган. Ага карата дагы бир арыз 12-февралда Москванын Бабушкин сотунда каралды. Бир катар Батыш өлкөлөрү орус бийлигине кайрылып, Навальныйды бошотууга чакырууда.

Орус бийлиги оппозиция өкүлдөрүнүн ууланышына байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG