Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Навальныйдын штаб башчысына издөө жарыяланды


Леонид Волков.
Леонид Волков.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аймактык штабдарынын башчысы Леонид Волковго мамлекет аралык издөө жарыяланды.

Өткөн айдын аягында ага Тергөө кызматы федералдык издөө салган эле. Волковго "Уруксатсыз каршылык акцияларга жашы жете электер өспүрүмдөрдү чакырган" деген айып коюлган. Ал муну саясий куугунтук катары сыпаттап, дооматтардын баарын четке кагып келет.

Орусияда Навальныйдын бошотулушун талап кылган кийинки каршылык акциясы 14-февралда өткөнү жатат.

Леонид Волков тууралуу соңку маалымат "Москва соттору" телеграм-каналына жарыяланды. Анда "Волковго мамлекет аралык издөө жарыялангандыктан тергөөчү ал кармалганда бөгөт чарасы катары эки айга камоо тууралуу өтүнүч келтирет" деп айтылат.

Бул иш боюнча материалдар Басман райондук сотуна 10-февралда жөнөтүлдү. Оппозиционер ушул тушта чет өлкөлөрдүн бирине чыгып кеткен. Мамлекет аралык издөө Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдө жүргүзүлөт.

Леонид Волков өзү "Ачык медиа" порталына комментарий берип жатып, Батыштан башпаанек сурабай турганын билдирди. Анын сөзүнө ылайык, камакка алуу аракеттери Навальныйдын штабдарынын ишине таасир этпейт жана аны Орусияга экстрадициялоо иштеринен майнап чыкпайт.

Ал буга чейин медиа каражаттарынын бирине берген комментарийинде кийинки акция 14-февралда өтөөрүн жарыялаган:

"Биз соңку акцияларда 12 миң адам кармалганын көрдүк. Бул Сталиндин убагынан берки эң чоң репрессия. Муну соңку 70 жылдан берки эч бир окуя менен салыштырууга болбойт. Биз ошондуктан дагы миңдеген адам камакка алынбашы үчүн каршылык ыкмасын өзгөрттүк. Кийинки акция 14-февралда өтөт".

Волков каршылык акциясынын форматы өзгөргөнүн билдирген. Ал келерки жекшембиде ири шаарларда жарандарды кечки саат 8де үйлөрүнүн короолоруна чыгып, чөнтөк телефондун жарыгын күйгүзүп, аны бир канча мүнөт өйдө көтөрүп турууга чакырган. Мунун алдында Волков кийинки каршылык акциялары жазында өтөөрүн билдирген.

Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков 9-февралда Волковдун чакырыгын комментарийлөөдөн баш тарткан. Бирок аны менен катар ал мыйзам бузган бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Волков 21-январда "Ютубга" акциялар тууралуу видео жарыялаган жана аны бир катар социалдык тармактар аркылуу да бөлүшкөн. Тергөөчүлөр анда оппозиционер жашы жете элек өспүрүмдөрдү каршылык акцияларга чыгууга үндөгөн деп айып койгон.

Тергөө кызматы Волковго 29-январда федералдык издөө жарыяланган. Мындан көп өтпөй анын ата-энесинин үйүндө тинтүү жүргөн.

Путиндин келишкис сынчысы, 44 жаштагы Алексей Навальный 17-январда Берлинден дарылануудан келери менен камалган. 2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кескен.

Орусияда 23-январда, 31-январда жана 2-февралда Навальныйдын бошотулушун талап кылган калайман каршылык акциялары өткөн. Полиция демонстранттарга каршы электрошокер, желим союл колодонуп, күч менен кууп тараткан. Анда ондогон кылмыш иштери козголуп, жүздөгөн адам камакка алынган.

Эл аралык коомчулук Навальныйдын бошотулушун талап кылып, демонстранттарга каршы аёосуз күч колдонулганын айыптаган.

XS
SM
MD
LG