Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Сот Навальныйды абакта калтырды


Соттун жүрүшүнө көз салып турган журналисттер.
Соттун жүрүшүнө көз салып турган журналисттер.

Москва облустук соту 28-январда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апелляциялык арызын четке кагып, абакта калтырды.

Химки шаардык соту Навальныйды 30 күнгө камакка алуу тууралуу өкүм чыгарган. Шаршембиде саясатчынын тарапташтарынын үйлөрү, кеңселери тинтилди. Анын бир тууганы Олег Навальный менен оппозиционер негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболь 48 саатка камалды. Аларга санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузду деген айып коюлду.

27-январда полиция Москвадагы тергөө абагында отурган Алексей Навальный менен анын тарапташтарынын үйлөрүндө жалпысынан 15тей тинтүү жүргүздү. Күч органдары саясатчынын бир тууганы Олег менен ал негиздеген фонддун юристи Любовь Соболду өткөн ишембидеги каршылык акцияларынан улам кармап кетти. Алар "пандемия маалында эл топтоп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган" деп айыпталып жатат.

Навальныйдын командасы тинтүү мыйзамсыз экенин, анын максаты коркутуу болгону айтып чыгышты. Мунун алдында оппозициячыл саясатчыны колдогон кийинки акция 31-январда өтөөрү айтылган.

Алексей Навальный
Алексей Навальный

44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазанын эрежесин бузган деген айып коюлуп, бөгөт чарасы катары 30 күнгө камакка алуу тандалып алынган.

23-январда Орусиянын ондогон шаарларында Навальныйды абактан чыгарууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө төрт миңдей адам кармалган.

Навальныйдын ууландырылышын, кийинчерек камалып, анын коргоп чыккан тарапташтарынын камалышын бир катар Батыш мамлекеттери айыптап чыккан.

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндө Навальныйдын маселесин көтөргөнү белгилүү болду.

Кошмо Штаттарынын жаңы дайындалган мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен камтамачылыгын билдирди:

"Биз Навальный мырзанын коопсуздугуна терең тынчсызданып турабыз. Эң негизгиси аны үнү - бул көпчүлүктүн, көпчүлүк орусиялыктардын үнү. Бул үндү өчүрбөй, аны угуу керек".

Өткөн аптада Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген «хан сарай» тууралуу сөз болгон. Бул фильмди «YouTube» порталында он миллиондон ашык адам көрдү.

Путин бул имаратттар ага жана жакындарына тиешелүү эмес деп билдирген.

Апта башында Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Навальныйдан улам Москвага каршы жаңы санкцияларды салуу маселесин талкуулаган. Бирок Брюсселдеги жолугушууда кандайдыр бир чечим кабыл алынган эмес.

Еврошаркеттин лидери орус бийлигин Навальныйды бошотууга чакырып, аны азат кылууга аракет кыларын айтышкан. Уюмдун тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррель жакынкы күндөрү Москвага келиши мүмкүн экени айтылган.

Орусиянын бийлиги болсо Батыштын мындай аракетин ички ишке кийлигишүү катары баалап келет.

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

XS
SM
MD
LG