Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Европарламент «Түндүк агым - 2ни» токтоткусу келет


Орусиядан Германияга Балтика деңизинин түбү менен түз газ жеткирүү каралган «Түндүк агым - 2» долбоору дээрлик 94% чейин аяктап калды.
Орусиядан Германияга Балтика деңизинин түбү менен түз газ жеткирүү каралган «Түндүк агым - 2» долбоору дээрлик 94% чейин аяктап калды.

Европа парламенти 21-январда Евробиримдикти Орусиянын «Түндүк агым - 2» долбоорун токтотууга чакырган резолюция кабыл алганы жатат.

Бул орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышынан улам санкцияны кеңейтүүнүн ыкмасы катары сунушталууда. «Газпромдун» долбооруна ылайык, Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирүү каралган.

Европа парламентинин өкүлдөрү Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышынан улам расмий Москвага каршы санкцияларды кеңейтүүнү сунуш кылып жатышат. Саясатчы 17-январда Берлинден Москвага учуп келгенде аэропорттон эле камакка алынган.

Сот анын бөгөт чарасын карап жатканда «Ив Роше» компаниясынын иши боюнча шарттуу жазанын эрежелерин бузду деп айыптап, 30 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарган. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 3,5 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Орусия Навальный тууралуу эл аралык коомчулуктун талап-дооматтарын четке кагып келет.

Милдеттүү түрдө аткаруу талап кылынбаган резолюцияда Навальный ууландырылгандан кийинки санкциялык тизмени кеңейтүү, ага саясатчынын камакка алынышына жооптуу адамдарды да кошуу сунушталып жатат.

Ага ылайык, «кара тизмеге» «орусиялык олигархтар», президент Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү адамдар жана «пропаганда менен алектенген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү» кириши керек.

«Европа Биримдиги мындан ары киреше булагы күмөн орусиялыктардын байлык-мүлкүнө жол берген жер болбошу керек», деп айтылат Европарламенттин депутаттары тараткан билдирүүдө.

Документте ошондой эле Еврошаркетке кирген мамлекеттер «Орусия менен түрдүү тышкы платформалардагы кызматташтыгын, анын ичинде «Түндүк агым - 2» сыяктуу долбоорлор боюнча алака-катышын кайра карап чыгышы керек, бул долбоор чукул арада токтотулушу зарыл», деп айтылат.

Буга чейин Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков долбоорго байланыштуу басым-кысым күчөгөнүн сынга алган:

«Бул эл аралык долбоор АКШнын орой, мыйзамсыз басымына туш болуп жатат. Эл аралык укуктун алкагынан алып караганда бул долбоорго тиешеси бар энергетикалык операторлорду мыйзамсыз чектөө уланып жана кеңейип жатат. Ушундан улам биз өкүнүчүбүздү билдиребиз... Бул долбоорду өз ыргагында ишке ашырыш үчүн кырдаалды жакшылап байап, талдап-баалап турабыз».

«Түндүк агым - 2» долбоорун токтотууга чакырган резолюцияны Европарламенттеги көпчүлүк фракциялар колдоп жатат. Алардын арасында консервативдүү Европа элдик партиясы (EVP), либералдык ALDE тобу, жашылдар жана социал-демократтар да бар.

Немис канцлери Ангела Меркелдин саясий өнөктөшү, Европа элдик партиясынын лидери Манфред Вебер «Der Spiegel» басылмасына «Навальныйдын ууландырылышынан жана кийин камакка алынышынан улам энергетикалык долбоорлор токтотулушу керек» деп билдирди.

«Бул биздин колубузда күчтүү курал болуп турат. «Түндүк агым - 2» долбоору басым-кысым кылуунун бир ыкмасы», - деди ал.

Ички-тышкы доомат-сынга карабай немис өкмөтү долбоор боюнча планын өзгөртпөй турганын эскертип келет.
Ички-тышкы доомат-сынга карабай немис өкмөтү долбоор боюнча планын өзгөртпөй турганын эскертип келет.

Орусияга санкция салыш үчүн Евробиримдиктин бардык 27 мүчөсүнүн тең макулдугу керек. Бул маселени уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери келерки аптада талкуулашмакчы. Бирок Навальныйга карата соттук териштирүүлөр аягына чыкмайынча кандайдыр бир чечим кабыл алынбай турганы айтылып жатат.

Кошмо Штаттар 19-январда дээрлик 94% бүткөрүлгөн долбоорго тоскоолдук кылыш үчүн түтүктөрдү жаткырган кемелерге санкция салган. Түтүктөрдү жаткыруу иштери АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

Өткөн аптада Германия долбоордун алкагындагы курулушка уруксатты май айынын аягына чейин узарткан. Бир катар доомат-сынга карабай немис өкмөтү долбоор боюнча планын өзгөртпөй турганын эскертип келет.

Германиянын сууларында дагы 16, ал эми Дания аймагында дагы 60 чакырым газ түтүктөрү жаткырылыш керек.

Баштапкы планга ылайык, «Түндүк агым - 2» долбоору 2020-жылы ишке кириши керек эле. Бул газ кууру аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат.

Долбоорго чыгыш европалык мамлекеттер да каршы болуп келет. Маселен, Брюссел «Түндүк агым - 2» Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG