Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Орусиянын Европага өтчү газ кууру арсар абалда


Балтика деңизинде газ түтүктөрүн куруп жаткан Орусиянын «Фортуна» кемеси. Январь, 2021-жыл.
Балтика деңизинде газ түтүктөрүн куруп жаткан Орусиянын «Фортуна» кемеси. Январь, 2021-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Түндүк агым - 2» долбооруна каршы санкция киргизип кетти.  

Орусиялык «Газпром» компаниясы орус газын Германияга ташый турган «Түндүк агым - 2» долбоору токтотулушу мүмкүн экенин инвесторлоруна эскертти. Билдирүүдө буга «саясий кысым» негиз болуп жатканы белгиленген.

«Түндүк агым - 2» сыяктуу ири эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда ар башка аймактардагы саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер бар экени белгилүү болгон, биз аларга кабылганбыз жана алар боло берет», деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле орусиялык ири компания долбоор токтотулса инвестициялардын наркы түшүп, өнөктөштөр талап кыла турган компенсациялык төлөмдөргө жана чыгашаларга байланыштуу оор каржылык абалга кабыларын белгиледи. Долбоор бери дегенде 11 миллиард долларга бааланат.

Долбоордун картасы.
Долбоордун картасы.

Бир күн мурда Вашингтондо кызматын тапшырып жаткан Дональд Трамптын администрациясы Берлинге Балтика деңизинде газ түтүктөрүн куруп жаткан Орусиянын «Фортуна» кемесине каршы санкциялар 19-январдан тартып күчүнө кирерин кабарлаган. Анда «Түндүк агым - 2» долбооруна көмөк көрсөткөн бардык европалык компаниялар «кара тизмеге» кабылары эскертилген.

Бул орусиялык долбоорго караманча каршы турган Жо Байдендин президенттикке келиши менен Москвага карата мындан да катаал чаралар көрүлүшү күтүлүүдө.

Вашингтон башынан эле Орусия куурдун жардамы менен Европага карата «энергетикалык көзөмөлүн күчөтүп алат, Украинанын транзит өлкө катары ролу азаят» деген позицияда.

Бул долбоорго АКШдан сырткары Чыгыш Европа мамлекеттери да каршы болушкан.

Брюссел «Түндүк агым - 2» Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Расмий Москва «газ түтүгүн саясатташтырбай кароого» чакырып, анын Германиянын кызыкчылыктарына да туура келерин белгилеп, Европадагы өнөктөштөрүнөн колдоо табууга далалат кылып келет.

Вашингтондун соңку санкциясынан жана «Газпром» компаниясынын билдирүүсүнөн кийин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШны «мыйзамсыз кысым көрсөтүп жатат» деп айыптады.

«Эл аралык долбооор АКШ тарабынан мыйзамсыз одоно кысымга кабылып жатат. Экономикалык операторлорго каршы эл аралык укукка туура келбеген чектөөлөр улам киргизилип, күчөтүлүп жатат. Биз буга өкүнүч менен карайбыз», - деди Песков.

Долбоорго карата кызыкчылыгы бар үчүнчү тарап - Берлин. 15-январда Германиянын Гидрография жана кеме куруу боюнча федералдык кызматы долбоордун курулушун улантууга уруксат берип, ал үч күндөн кийин айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эки өкмөттүк эмес уюмдун доо арыздарына байланыштуу кайрадан токтотулган.

Ал арада ушул тушта орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын окуясынан улам Германияда немис өкмөтүнөн «Түндүк агым - 2» долбоорун токтотууну талап кылгандардын сыны күчөдү.

«Түндүк агым - 2» долбоору Орусиянын газын Украина менен Польшаны айланып Балтика деңизинин түбү менен Батыш Европага жеткирүүгө багытталган. Долбоорго Москва менен Берлинден сырткары Финляндия менен Швеция да кошулган. 2019-жылы күзүндө Дания газ түтүктөрүн өз өлкөсүндөгү суу аркылуу алып өтүүгө макул болгон.

«Түндүк агым - 2» долбоору план боюнча 2020-жылы ишке кириши керек эле. Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын мурунку санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында бир топко токтоп калган. Анда да «кара тизмеге» түтүктөрдү жаткырган кемелер киргизилген. Ошондон кийин курулуш иштери менен алектенген швейцариялык компания ишин токтоткон. «Газпром» компаниясы 94% бүтүп калган долбоорду Орусия өзү аягына чыгара турганын билдирген болчу.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG