Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Германия менен Австрияга жакпаган чечим


иллюстрация
иллюстрация

Германия менен Австрия АКШ Сенаты жактырган санкциялардын айрымдарына кескин каршылык билдирди. Бул мыйзам долбоору колдоо тапса андан Орусия эле эмес, айрым европалыктар да жабыр тартары белгиленүүдө.

АКШ Сенаты 14-июнда дээрлик бир добуштан Орусияга каршы санкцияларды кеңейтүүнү жана бекемдөөнү колдогон. Ага Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү, Крымды аннексиялашы жана Сирияда Башар Асаддын режимин колдошу негиз болгон.

Андагы жоболордун биринде орус газын Балтиканын түбү аркылуу Германияга жеткирүүнү караган "Түндүк Агым 2" кууру Украинага коркунуч жаратышы ыктымал деп, курулушка каршылык айтылган.

Австриянын канцлери Кристиан Керн менен Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл буга кескин каршылыгын туюнткан билдирүү таратышты. Ал эми немис экономика министри Бригит Циприс буга жооп кайтарыларын да эскертүүдө:

- Баарынан мурда Европа менен АКШнын Орусияга карата чогуу аракеттери жана санкциялары үзгүлтүккө учурап, жолдо калганына өкүнөм. Анткени биз бул жаатта ийгиликтерге жеткен болчубуз. Эми АКШ президенти муну кабыл алабы, ушундай жолду көрүп турабы күтөлү, карай туралы. Эгер ал кабыл алса, бизге ага каршы эмне кыларыбызды караштырууга туура келет.

Австрия, Германия аткаминерлери мыйзам долбоору колдоо тапса, Европага орус газын жеткирүү долбоорундагы европалык компанияларга да айып салынат дешет.

"Түндүк агым 2" долбоорунун түтүктөрү
"Түндүк агым 2" долбоорунун түтүктөрү

Орусия Европага сатылып жаткан газын өз аймагы аркылуу өткөндө Украина уурдап жатат деп, ишенимсиз транзиттик өнөктөш катары айыптап келгени белгилүү. Мына ушундан улам Орусия менен Германия Украинаны кыйгап өткөн газ куурун куруп жаткан.

"Түндүк агым 2нин" жарым баасын орусиялык "Газпром" компаниясы, берки жарымын англо-голландиялык Royal Dutch Shell, франциялык Engie, австриялык OMV жана германиялык Uniper менен Wintershall компанияларынан турган топ моюнуна алган.

"Европаны энергетика менен камсыздоо Кошмо Штаттардын эмес, Европанын маселеси" делет Керн менен Габриэлдин биргелешкен билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда өткөн жылы АКШ бул түтүк курулса, Европанын орусиялык энергетикага көз карандылыгы артарын эскерткен.

Канцлер менен министр Сенаттын мыйзам долбоорун алып чыгышына түрткү болгон себептердин бири орусиялык атаандаштарынын эсебинен америкалык ишканаларга жардам берүү деп жатышат.

"Америка-Европа мамилелерин таптакыр башка, өтө негативдүү ченемге алып барат" деп эскертишет алар.

Аз мурда АКШ Польшага суюлтулган жаратылыш газын жеткирген. Эми аны башка европалыктарга да сатууну көздөөдө.

15-июнда орус президенти Владимир Путин Сенаттын жаңы жаза чараларын комментарийлеп жатып, "Бул АКШдагы ички саясий күрөштүн уланып жатканынын белгиси. Мен муну жок жерден чыгарышты деп санайм" деген эле.

Ал эми америкалык сенаторлор мыйзам долбоорун республикачылар да, демократтар да колдошкондуктан муну компромисттүү кадам деп баалашууда. Долбоор мыйзамга айланып күчүнө кириши үчүн эми Конгресстеги Өкүлдөр палатасы карашы керек, анан АКШ президенти кол коюуга тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG