Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

АКШ Европага газ экспорттой баштады


Мэриленддеги суюлтулган газды жүктөөчү терминал. АКШ
Мэриленддеги суюлтулган газды жүктөөчү терминал. АКШ

Европага газ жеткирүүдөгү тобокелдиктерди басаңдатуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кошмо Штаттар Түндүк Европага үзгүлтүксүз газ экспорттой баштаганын энергетика министри Рик Перри жума күнү маалымдады.

Бейшемби күнү АКШнын суюлтулган жаратылыш газын ташыган танкерлер Нидерланд менен Польшага жеткен. Бул Түндүк жана Батыш Европага АКШ жеткирген биринчи жаратылыш газы.

“Европа Кошмо Штаттарды буга чейин аймакка энергия ресустардын жеткирген Орусиянын таасирин азайтуучу энергетикалык ачкычтын туруктуу булагы катары карады” - деп билдирди Перри.

Дональд Трамптын администрациясынын экономикалык приоритеттүү тапшырмаларынын бири суюлтулган газды экспортоону көбөйтүү болгон.

Энергетика министри Рик Перри газ экспорттоо үчүн Мексика булуңундагы бир катар терминалды жактырган.

АКШнын суюлтулган газы Испания, Португалия, Италия, Түркия жана Мальтага экспорттолот. Перинин айтымында, АКШ үч жыл ичинде жаратылыш газын экспорттоо боюнча үчүнчү өлкөгө айланышы керек. “Биз дүйнөдөгү союздаштарыбызга, өнөктөштөрүбүзгө энергетикалык коопсуздукту сактоого жардам беришибиз керек” – деди министр.

XS
SM
MD
LG