Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Путин Навальныйдан эмнеге коркот?


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды кармап баратышат. 18-январь, 2020-жыл.

17-январда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Берлинден Москванын "Шереметьево" аба майданына учуп келгенде кармалган.

Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын кайрылуусу менен 30 күнгө камакка алынган оппозициячыл саясатчы тарапташтарын нааразылык жыйындарга чыгууга чакырды.

Орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын камалышы Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга таасир тийгизиши мүмкүнбү? Кремль эмне себептен бул кадамга барды? Укук коргоочу Эржан Кайыпов жана саясат таануучу, жарандык активист Руслан Акматбек жооп беришет.

Дүйнөлүк басма сөз Алексей Навальныйдын камалышынын Путиндин бийлиги үчүн узак мөөнөттүү кесепети болушу мүмкүн экенин жазып жатышат. Кремль мындай кадамдары менен Навальныйдын популярдуулугун дагы арттырган жокпу?

Эржан Кайыпов: Ооба, Кремль 17-январда, дүйнө жүзүнүн баары көз салып турган учурда ушундай өзүнө, демократиялык баалуулуктарга каршы ишке барды. Бул деген Орусия бийлигин, алар өзүлөрү атагандай “блогер Навальный” тынчсыздандырарын далилдеди. Бир инсан, бир жаран, жарандык активист ушундай чоң мамлекеттин бийлигин кооптондурганы, бул, албетте, таңкалычтуу. Москвада болгон окуя жакшы көрүнүш эмес. Бирок жарандык коом өзгөрүүлөрдүн булагы боло аларын, коомдун көңүлүн өзүнө бура аларын, жигердүү иш алып бара аларын далилдеди.

Руслан мырза, Кремль Навальныйды камоо ушундай реакцияга алып келерин, чуу менен коштолорун билген да. Эмне себептен ушундай кадамга барды деп ойлойсуз?

Жарандык активист Руслан Акматбек.
Жарандык активист Руслан Акматбек.

Руслан Акматбек: Путиндин администрациясы, Кремль Навальныйды орусиялык саясатчыдан, дүйнөлүк масштабдагы фигурага айлантып жиберди. Ал камалгандан кийин Батыштагы дээрлик бардык мамлекеттердин жетекчилери реакция жасап, Навальныйды токтоосуз бошотууну талап кылышты. Орусиянын авторитардык режими жарандык коомдон, сөз эркиндигинен корккону үчүн Навальныйды камады. Мурдагы советтик мамлекеттерде Путин менен ФСБ абдан күчтүү болуп көрсөтүлө берет го, чындыгында Навальныйга байланыштуу операция ФСБ “жүдөмүш, деградацияга кабылган орган” экенин бизге эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө айгинеледи.

Алексей Навальныйдын кайтышы, анын дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдура алышы жарандык коомдун жигердүүлүгүн арттырат деп айтылып жатат. Мындай окуялар Кыргызстандагы жарандык активисттерге, жемкорлукка каршы аракеттерге кандай таасир этиши мүмкүн?

Руслан Акматбек: Сөзсүз түрдө дем берет. Анткени чоң мамлекеттик аппаратты, Путинди ушунчалык тынчсыздандырганы - бул Навальныйдын «ийгилиги» десек болот. Ошого карабай, ал өз өлкөсүнө саясий ишмердүүлүгүн улантуу үчүн келгени - бул чоң эрдик. Сөзсүз түрдө биздин жарандык коомго да таасирин тийгизет.

Биздин тартип коргоо органдарыбызга да бул кандайдыр бир деңгээлде белги болуш керек. Анткени кандай чоң «машинени» колдонсоң дагы жарандык коомдун үнүн азыркы доордо баса албайсың. Бизде дагы Навальный сыяктуу адам чыкса, албетте жакшы болор эле, бирок биз андай адамды күтүп эле отура бербешибиз керек. Анткени Навальный дагы жарандык коомдун колдоосу менен чыкты да.

Азыр Орусияда дагы Навальныйды жарандык коом колдоосун улантпаса, жыйынтык такыр башкача болуп калышы мүмкүн.

Укук коргоочу Эржан Кайыпов.
Укук коргоочу Эржан Кайыпов.

Эржан Кайыпов: Навальныйдын ушундай жол менен кармалышы жана бүтүндөй дүйнө жүзүнүн ага көңүл бурушу биздеги жарандык активисттерге, албетте, дем берет.

Кыргызстанда акыркы жылдары көрүп жаткандай, керек болсо оппозициянын функцияларын, миссиясын жарандык сектор аткарып, парламенттеги оппозиция көтөрбөгөн маселелерди, парламенттин сыртындагы оппозициячыл институттар көтөрбөгөн көйгөйлөрдү жарандык коом жана активисттер көтөрүп калышты.

Ошондой эле буга чейинки жана Кыргызстандагы азыркы бийликтин дагы көңүлүн бурууга, алардын кандайдыр бир аракеттерге баруусуна аргасыз кылды. Бийликтин реакциясы болду.

Албетте, ал реакциялар дагы сынга алынып жатат. Кайсы бир адамдар "чындап жоопкерчиликке тартылып жатабы же жөн эле театр болуп жатабы?" деген да суроолор бар. Бул - башка кеп. Ошентсе дагы баары бир жарандык секторго Навальныйдын окуясы дем берет жана туура сигнал деп эсептейм.

- Адатта, Орусиядагы жүрүмдөр, бийлик кабыл алган чечимдер пост-советтик чөлкөмдө, анын ичинде Кыргызстанга да илеби тиет эмеспи… Ушул сыяктуу окуяларды Борбор Азиянын жана Кыргызстандын өңүтүнөн кандай баалайт элеңиз?

Руслан Акматбек: Навальный постсоветтик мамлекеттерде принципиалдуу саясатчы өз ишмердүүлүгүн жасай аларын далилдеди. Ал ошондой эле Борбор Азияда же Орусияда болобу, таза, элдин колдоосуна ээ болгон, Путиндей адамдан, ФСБдан коркпогон саясатчы өз ишин уланта алаарын көрсөттү.

Андан тышкары ФСБ, Росгвардия сыяктуу күчтүү органдары бар мамлекет дагы Навальный сыяктуу саясатчыларды тыя албастыгын далилдеди. Балким, мурда телекөрсөтүү, гезит-журналдардын доорунда баарынын оозун жабуу мүмкүн эле, ал эми азыр мындай нерсе мүмкүн эмес экени анык болуп калды.

Навальный ошондой эле бир кишинин өзүм билемдик менен башкаруусуна каршы туруу мүмкүн экенин көрсөттү.

- Орусиядан чыгып кеткен ишкер Михаил Ходорковский Навальныйды камаган Путиндин режимин Борбор Азияда бийликтеринин ыкмасындагы репрессияларга салыштырды. Сиз буга кошуласызбы?

Эржан Кайыпов: Кошулам, туура салыштыруу болду. Мындай окуялар бизде деле көп болгон. Ошол эле азыркы шайланган президент Садыр Жапаровду бийликтер ал чет жактан учуп келгенде камакка алышкан.

Андан башка да саясатчыларды мисал келтирсек болот. Коңшу Казакстандан дагы чет жакка чыгып кеткен саясатчылар бар. Алар да барса эле камалышарын билишкен үчүн мекенине кайтышпайт.

17-январда биз буга чейин биздин мамлекеттерде болуп жүргөн окуяларга окшош нерсени көрдүк. Тактап айтканда, постсоветтик аймактардагы авторитардык бийликтердин бирдей аспаптарды колдонгону - адам укуктарына, демократиялык баалуулуктарга каршы жасалган стандарттуу кадамдардын көрсөткүчү.

Негизгиси - мындан башка мамлекеттердин жетекчилери, ошол эле биздин бийлик жана жарандык коом туура жыйынтык чыгарышы керек. Бул деген постсоветтик аймакта жарандык коомдун көзөмөлү күчөрүн, күчтөнөрүн көрсөтүп турат. Ошол себептен бийлик менен жарандык коом мындан ары жаңы бир багытта кызматташуусу зарыл.

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG