Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

FH: Орусия демократияны алсыратууда


Freedom House уюмунун 2014-жылы чыккан отчету боюнча карта.
Freedom House уюмунун 2014-жылы чыккан отчету боюнча карта.

Freedom House бейөкмөт уюму жаңы докладында постсоветтик өлкөлөрдөгү демократиянын төмөндөшүндө Орусия чоң роль ойноп жатканын белгилейт.

Freedom House эл аралык уюму жаңы докладында постсоветтик өлкөлөрдөгү демократиянын төмөндөшүндө Орусия чоң роль ойноп жатканын белгилейт.

АКШда жайгашкан уюмдун 12-июнда жарык көргөн отчетунда мурдагы СССР, Балкан жана Борбордук Европадагы 29 өлкөнүн демократиялык абалына баа берилген. Анын авторлору өткөн жылы Орусияда куугунтуктоолор “жаңы, кооптондурган деңгээлге” жеткенин белгилейт.

“Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр” долбоорунун директору Силвана Хадбанк-Колачковска "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы менен маекте Орусияда демократиянын көрсөткүчтөрү кескин төмөндөгөнүн, бул өлкө “демократия жолунда тескери багытка бурулганын” айтты:

- Албетте, Орусия постсоветтик аймактагы эң авторитардык режим деген ойдон алыспыз. Региондогу эң төмөн көрсөткүч Өзбекстан менен Түркмөнстанда. Бирден алып талдасак, Орусия жана ошол өлкөлөр ортосундагы ажырым азайып баратканын байкаса болот.

Сөз болгон аймактарда 2013-жылы демократиянын орточо деңгээлинин буга чейинкидей эле төмөндөө процесси уланды. 16 өлкөнүн рейтинги ылдыйласа, бешөөндө жакшырган, ал эми 8 өлкөдө эч кандай өзгөрүү болгон эмес.

Региондун бардык өлкөлөрүндө коррупция күчөгөн. Отчетто Европа биримдигине мүчө 10 мамлекет камтылган. Алардын жарымында абал начарлаган.

Еврошаркетке кирбеген постсоветтик 12 өлкөдө он жылдан бери демократиянын деңгээли кескин төмөндөгөн. Ошентип, аймакта жашаган калктын 80%, Freedom House сөзү менен айтсак, “калыптанган авторитардык режим” бийлиги астында жашайт. Ал топко Орусия, Тажикстан, Казакстан, Азербайжан, Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан киргизилген.

Докладга ылайык, Орусия, Азербайжан жана Казакстанда жарандык коомдун абалы начарлады. Кремль куугунтуктоо саясатын активдүү улантканы, ЛГБТ, көз карандысыз жарандык коомго каршы бир катар жаңы мыйзамдар кабыл алынып, мамлекет ММК жана Интернетти көзөмөлдөөнү күчөткөнүн авторлор белгилеген.

Орусиянын эркин институттардан чегинүү саясатын Евразиядагы башка өлкөлөр да кайталоодо. Алсак, Орусиянын артынан Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Түркмөнстан, Украиана, жада калса Еврошаркетке мүчө Латвияда кумсаларга каршы жана чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү жоболор талкууланып, сунуш кылынып же кабыл алынды.

Казакстанда жарандык коомдун абалы 4 жыл катары менен төмөндөөдө. Доклад авторлору муну 2011-жылы кабыл алынган "диний ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамдын кеңири, укуктук негизсиз колдонулуп жатышы" менен байланыштырат.

Хадбанк-Колачковсканын ырастоосунда, 2013-жылы Казакстанда бир топ камоо, айып тагуулар болуп, диний материалдар конфискацияланган.

Азербайжанда былтыр октябрда өткөн президенттик шайлоо учурунда жарандык коомдун активисттери, саясий оппоненттер жана маалымат каражаттары өкмөттүн катуу куугунтугуна кабылган. Беларуста болсо жарандык кыймыл "президент Александр Лукашенко бийлигинин туруктуу куугунтуктоолоруна туш болууда" деп айтылат докладда.

Өзбекстан менен Түркмөнстан буга чейинкидей эле жарандык коомдун абалы боюнча эң төмөн баа алды. Эки өлкөнүн калган көрсөткүчтөрү да төмөн бааланган. Кыргызстан менен Украинада, тескерисинче, жарандык коомдун рейтинги жакшырган.

- Бул өлкөлөрдөгү жарандык коом начар башкарууга, жарандык эркиндиктерге доо келтирген жоболорго, мыйзам долбоорлоруна каршы чыгууда.

Кыргызстандан тышкары мурдагы советтик өлкөлөрдөн Грузияда гана демократиянын көрсөткүчтөрү өсүүдө. "Бул эки өлкөдөгү эркин жана калыс шайлоо плюрализмдин күчөшүн шарттады", - деп белгилейт Freedom House.

XS
SM
MD
LG