Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

"Фридом Хауз" эркин жана эркин эмес өлкөлөрдү атады


Америкалык “Фридом Хауз” бейөкмөт уюму дүйнөдөгү эркиндиктердин индексин жарыялады. Бүгүн шардана кылынган баяндамада уюм “араб жазы” авторитардык өлкөлөрдө жашаган элди шыктандырганын белгилейт.

Ошол эле маалда саясий жана жарандык эркиндик сакталган өлкөлөрдүн саны 6-жыл катары менен азайып баратканы байкалган. Былтыр Жакыңкы Чыгыш менен Түндүк Афирикада башталган демократиячыл козголоң авторитардык режимдер үчүн советтик коммунизмдин кулашына тете чоң сокку болду, - делинет докладда.

“Фридом Хауз” эркин деп атаган 87 мамлекетте дүйнө калкынын 43 проценти жашайт. 26 өлкөдө эркиндиктин көрсөткүчү төмөндөгөн, абал жакшыргандардын саны болсо 12 өлкөнү гана түзгөн.

Докладда айтылгандарга караганда, былтыр Азербайжан жана Казакстанда эркиндиктин абалы начарлаган. Кыргызстан буга чейинки жылдагыдай эле “жарым-жартылай эркин” деп таанылган.

XS
SM
MD
LG