Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Апта митингдер менен башталды


Суу сактагыч боюнча өкмөт башчынын айткандарына каршы чыккан активисттердин пикети
Суу сактагыч боюнча өкмөт башчынын айткандарына каршы чыккан активисттердин пикети

Бүгүн Бишкекте бир нече нааразылык акциялары өтүүдө.

Эртең менен Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө каршы пикет өттү.

Анын катышуучулары өкмөт башчысынан айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сурап, түзөтүү айтуусун талап кылышты.

Пикетти уюштуруучулардын бири, коомдук активист, "Чек араны көзөмөлдөө" бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков премьер-министрдин социалдык медиага жазган билдирүүсү жетишсиз экенин "Азаттыкка" айтты.

"Жаңы шайланган өкмөт башчы Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычынын башаты Тажикстанга өтүп кеткен деп айтып алды. Кандай деңгээлде, кайсы платформада, кайсы трибунада сүйлөсө да жол-жобосуна ылайык депутаттардын, элдин алдында расмий билдирүү жасасын. Блогерге окшоп, социалдык медиага жазып койгону жарабайт. Стенограмманы карай турган болсок, ал жерде Кайырма тууралуу сөз болгон эмес. Марипов Интерттеги билдирүүсүндө Кайырманы айтып жатат, бирок Жогорку Кеңеште суу сактагычтын башатын айткан. Кайырма деле Кыргызстанга караштуу".

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар», - деген ал күнү Марипов.

4-февралда айрым эл өкүлдөрү бул боюнча депутаттык комиссия түзүп иликтөөнү сунушташкан. 5-февралда Баткенде облустук администрациянын алдында 250-300дөй адам нааразылык акциясына чыгып, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылышкан.

Премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн аппараты Төрткүл суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирген.

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында нааразылык акциясы

Түштө Бишкекте бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы акция өттү. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин жанында кыргыз бийлигине таасир этүү өтүнүчү менен пикет уюштурду.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Токтонасыров “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мыйзамсыз деген пикирин билдирип, Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдин талкуусунан өтпөгөнүн белгиледи:

“Эмне үчүн өз мөөнөтүн узартып алган легитимсиз Жогорку Кеңеш өлкөнүн Баш мыйзамынын долбоорун элден жашырат? Конституция – бул жалпы коомдук келишим. Биз ЕККУга мүчөбүз да. Эмне үчүн ЕККУ мындай башаламандыкка көңүл бурбай отурат? ЕККУ Кыргызстандагы ушул кыйчалыш абалга көңүл буруп, башаламандыкка жол бербөөгө чакырып, моралдык жактан таасир көрсөтүүсүн чакырам”.

Токтонасыровдун билдирүүлөрүнө азырынча бийлик органдары жана ЕККУ өкүлчүлүгү расмий комментарий бере элек.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган, бирок айрым депутаттар ал долбоорду көрбөгөнүн айтышкан. Долбоорду талкуулоо үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Жаңы Баш мыйзамды кескин сындап чыккан саясатчылар, юристтер жана активисттер ал кеңешменин курамына кирген эмес.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 2,5 айдан ашык иштеген топтун миссиясы аяктаганын 3-февралда билдирип, “Талкуу ачык болду. Талаш-тартыштар болду. Мен кемчилиги жок деп айтпайм. Бирок бардыгынын оюн уктук” деп айткан.

Аламүдүн районунун тургундары Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгышты

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 50 чакты тургуну бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын алдына пикетке чыгышты.

Алар шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин Көк-Жар айылындагы айдоо жерлерин мыйзамсыз басып алуу тууралуу айткандарына каршы чыгып жатышат.

Айыл тургундары Бишкек шаарына караштуу эмес жерге Түлөбаевдин кийлигишүүсү туура эмес дешүүдө.

Буга чейин Балбак Түлөбаев шаар менен чектешкен Аламүдүн районунун айрым жер тилкелеринде шаардын инфратүзүмүнө тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштар, соода жайлары курулуп кеткенин түз эфирде көрсөткөн.

Пикетке чыккандардын ичинен эки адам мэрия менен сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Аламүдүн районунун айрым айылдары Бишкек менен чектеш жайгашкан. Алардын ичинде Көк-Жар, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка айылдары бар.

Бул айылдардагы айдоо жерлери менен жол жээгиндеги тилкелер талаш болуп келет.

XS
SM
MD
LG