Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

ИИМде аймактык жетекчилер алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) айрым аймактык жетекчилери орун алмашты. Айрымдары кызматынан төмөндөдү. Министрлик кадрдык өзгөрүүлөр милициянын иш сапатын жакшыртуу максатында жасалып жатканы менен түшүндүрдү. Ал эми адистер реформа жүргүзүү үчүн бул сыяктуу ротация жетишсиз деп эсептешет.

ИИМдеги ротация негизинен шаарлардагы жана облустардагы башкармалыктардын жетекчилери арасында жүрдү. Маселен, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Канат Жумагазиев Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына (ОИИБ) дайындалды.

Ысык-Көл облустук милициясын жетектеген Улан Асанбеков ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду.

Ал эми Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Аалиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жетекчи болуп келди.

Аалиевдин ордуна Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Жумабеков (экс-төрага Дастан Жумабековдун бир тууганы) барды. Талас ОИИБнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Марлис Асанов дайындалды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасеитов Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мурат Боронов менен орун алмашты.

Мындай орун алмашуу Ала-Бука менен Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин ортосунда да орун алды.

Мындан сырткары ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчылары да ротация аркылуу орун алмашты.

Атап айтканда, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ИИБга барды.

Ошондой эле, милициянын подполковниги Нурланбек Бурканов (Арзыбек Буркановдун бир тууганы) Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Ал буга чейин Баткен райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп келген.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева жетекчилерди ротация кылуунун себебин мындайча түшүндүрүп берди.

“Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу, милициянын ишмердүүлүгүн жогорулатууга, сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган. Жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен мамиле кылып, көйгөй жараткан маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат. Алар атайын сынактардан өтүшкөн. Эми алардын милдети - ыкчам кызматтык тапшырмаларды аткаруу, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы заманбап ыкмаларды иштеп чыгуу”.

Талдоочулар ротациянын жакшы жактары көп экенин белгилешет. Айрыкча, күч түзүмдөрүндө, сот, прокуратура тармагында орун алышы керек дегендер бар. Анткени көпчүлүк кадрлар өздөрү туулуп-өскөн аймакта иштегендиктен ириде кылмыштуулук, коррупция менен күрөшкө залалын тийгизерин белгилешет.

Бирок бул ыкма кодулоонун, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоонун бир амалы болуп калбашы керек экенин эскертишет.

Милициянын ардагери, полковник Замир Рысбеков ИИМдеги соңку ротациялык жүрүштү колдоду.

Замир Рысбеков.
Замир Рысбеков.

“Ротацияны туура эле кылышты. Мисалы, Канат Жумагазиев Бишкекте бир топ жыл иштеген. Аны Ысык-Көлгө кетирип туура эле кылышты. Бирок өлкөнүн түндүк аймагында иштегендерди түштүккө, ал жактагыларды кайра түндүккө жиберүү керек. Бир орунда көпкө отурган жетекчинин ишинде жыйынтык болбой калат. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетекчи үч-төрт жылда бир жолу орун алмаштырып турушу керек”.

Ошентсе да акыркы жылдары милициянын дарегине айтылган сындар арбын. Айрым адистер бул тармакты терең реформалоо зарыл экенин айтып эле келатышат. Алар жалпы абал оңдолбосо, милицияга сын айтуу улана берерин айтышат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жетекчилерди алмаштырып коюу менен бул система толук оңдолбойт деген пикирде.

“Ротация менен эле реформа жүргүзүп койдук деген туура эмес. Бул иш - реформанын кичинекей бир бөлүгү. Реформанын түпкүлүгүндө өтө чоң иштер, программалар жатат. Кадр саясаты туура жүрүшү керек. Мен милиция менен чогуу иштеп жүрүп, алардын ички саясатын билем. Таасирлүү адамдардын балдары бул системада иштеп калса алар бат эле кызматтан көтөрүлөт. Иштегенине үч-төрт жыл болуп-болбой эле жогорку аскердик чендерге жетишет. Ошол эле учурда милицияда 20 жылдап иштеп жүргөндөр кесипкөй адис болсо колунда жоктугунун айынан кызматынан көтөрүлө алышпайт. Мындай болбошу керек”.

Былтыр октябрь айындагы тополоңдон кийин Улан Ниязбеков ички иштер министри болуп дайындалган.

Ага чейин бул тармакты башкарган Кашкар Жунушалиев 2020-жылдын 5-октябрындагы нааразылык митингдеринде президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имараты талкалангандан бери кайда экени белгисиз.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG