Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Ворух маселеси, эки элдин үмүтү


Ворух айылынын жергиликтүү башкармалыгынын имараты

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы маселелерди чечүү үчүн Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен жерди алмаштырууну Тажикстанга сунуштаганы маалым болду.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында Тажикстан менен чек ара көйгөйүн чечүү аракеттери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыр Ворух анклавы негизги маселе болуп жатат. Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында жашагандар Ворух анклавына байланышкан маселе чечилсе чыңалуу кыйла жеңилдеп, чыр-чатактар кыскармак деген ойдо. Ал үмүттүн ишке ашуусунан күмөн санагандар да бар.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, Тажикстанга Ворух анклавы боюнча эки сунуш берилди:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз - аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек".

Тажикстан тарап бул сунушка расмий жооп бере элек. Бирок социалдык тармактарда ар кандай талкуулар күчөдү. Тажикстандык интернет колдонуучулардын көпчүлүгү бул сунуш ишке ашпай турганын айтып жатышат. Чек ара көйгөйүн чечүү үчүн ылайыктуу жерди алмаштыруу керектигин айткандар да бар.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эми чек арай боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү Бишкекте өтөт.

Ворух анклавы менен чектешкен жана чыр-чатак көп орун алган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары кандай болсо да талаш чечилсе деген үмүттө. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев мындай пикири менен бөлүштү:

"Эгер Ташиев айткандай болуп маселе чечилип калса биз кош колдоп макул болобуз. Кандай болсо да, кайсы варианты ишке ашса да жакшы. Анткени, Тажикстандын Ворух анклавынын калкы улам көбөйүп, кеңейип жатат. Айланасы чек ара зымдары менен тосмолонсо да, башка жерге алмашып алса да макул дейбиз. Кандай болсо да бул чек ара, "мындан бул жагы силердики, бул жагы биздики" деп ачыктап койсо жакшы да. Ушул Ворух маселесин чечип, тынч жашоо камсыздап беришсе болду. Азырынча бул сунуш ишке ашканы эсеп. Тажикстандын Ворух анклавынын эли кыйналган жок. Аларга эч кандай тоскоолдук, кысым болгон жок да".

Азырынча бул сунуш. Бирок тажик тараптын буга карата пикири белгисиз. Ошого карабай божомол пикирлер айтылып, талкууланып жаткан кези. Баткендик талдоочу Хаитали Айкынов 40 миңдей калк жашаган Ворух айылын башка жерге көчүрүп чыгып кетүү оңой менен ишке ашпайт деп эсептейт:

"Буга чейин тажик бийлиги Ворух анклавында эл көбөйүп, эл жыш жайгашуусу маселе жаратканда Тажикстандын башка аймактарынан жаштарга жер берип көчүп барууну сунуштаган. Бирок, ворухтуктар ага макул болбой, көчүп кетпей жашап жатышат. Эми бийлиги мажбурлап алып чыгып кетиши да кыйын деп ойлойм. Кыргызстан тарап Ворух үчүн кандай жер сунуштады деген маселе да турат. Анткени, тажик тарап Ворухту бошоткусу келбейт. Алмашчу жер сунушталганда ошондой сапаты, маанилүүлүгү, аянты каралат да. Ал эми Ворухтун айланасын аныктап, тосмолоп чек араны тактап туруп, жол каттамын карап берүү маселеси эки тараптын чечими менен болот. Ушул жеңилирээк чечилчүдөй. Эгер ошондой кылып тактап, чечип берсе эки тарап тең утушка ээ болот. Чыр-чатак токтоп, талаш болбойт эле".

Ворух анклавына алмашуу үчүн Баткен жана Лейлек райондорунун аймагынан сунушталганы айтылды. Бирок так кайсыл жерлер экени ачыкталган жок. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин баамында, Ворух анклавына кошо кыргыз айылдары менен дээрлик аралашып жайгашып калган Тажикстандын Мачаьи кыштагынын да маселеси чечилүүсү керек:

Мамат Айбалаев.
Мамат Айбалаев.

"Архивди көтөрүш керек. СССР мезгилинде Баткен районунун кээ бир аймагы Тажикстанга өтүп кеткен да. Разаковдун, Усубалиевдин, Масалиевдин, андан кийин Акаев, Бакиевдин мезгилинде жерлер берилген да. Ошонун баарын көтөрүп, "мына туугандар, силерге жерлер берилген, союз кулады, эми ошол мезгилде берилип кеткен Мургаб менен Жерге-Тал райондоруна алмашалы" деген туура болот. Ушундай болсо Кыргызстан тарапка ыңгайлуу чечим болот. Ансыз деле СССР мезгилинде Лейлек, Баткен райондорунун бир топ аймактары кошуналарга өтүп кеткен да. Эми ошол жерди бергендер жооп бериши керек".

Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче аткезчилик толук токтобой турганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде кошумчалады:

“Буга чейин аткезчиликке ийкемдүү мамиле жасалып келген. Мыйзамсыз иштер орун алган учурлар болгон. Эми мындай болбойт. Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт”.

Чек арадагы туруктуулукту орнотуу багытында бир топ долбоорлорду ишке ашырып жүргөн активист Айбек Муратов болсо аткезчилик чек араны тактоого ультиматум боло албайт деген ойдо:

"Менимче чек араны тактоодо негизги маселе паритеттик комиссиянын чечими жана макулдашуусу. Аткезчиликти токтотуу менен чек араны чечиш бир аз кыйын. Анан маселе биротоло чечилди деп айтуу да кыйын. Ансыз деле аткезчилик мыйзамсыз аракет болгондон кийин, ал чек араны тактоого курал катары болбой эле токтошу керек. Эки тарап мунасага барып, элдин кызыкчылыктарын, мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилиши керек".

Тажикстандык серепчи Негматулло Мирсаидов буга чейин “Азаттык” радиосуна кандай гана жаңжал болбосун, Ворух басым көрсөтүүнүн куралы бойдон калып жатканын белгилеп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи кезекте Ворухтун маселесин чечиши керек деп ой бөлүшкөн:

"40 миң калкы бар айыл Исфарага тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алышы зарыл”.

Ворухтун макамы тууралуу чечим совет мезгилинде, ошол кездеги жетекчилер тарабынан кабыл алынган. Анда бул чечим аймактын баары "СССРге тиешелүү" деген концепциянын негизинде ишке ашкан.

“Эгер совет мезгилинде айыл тургундары эч кандай кысылууну сезбесе, азыр ал жол, суу жана жер ресурстарын пайдаланууда тоскоолдуктарга туш болууда”, - деп билдирген Негматулло Мирсаидов.

Тажик тарап Ворухту "анклав" деп эсептебей турганы айтылып жүрөт. Ушул жылдын башында Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражобий Ахмадзоданын тажикстандык журналисттер менен жолугушуусунда Ворух "анклав болгон эмес, мындан ары да анклав болбойт" деген билдирүүсү тараган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган. Калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат.

Акыркы жылдары Тажикстан менен чек араны тактоодо жакшы жылыш болбой, делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын олтуруму өткөн жылдын февраль айынан бери токтоп калган. 16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн. Ал отурумга баратып Камчыбек Ташиев чек арадагы Самаркандек айылынын эли менен жолугушкан. Тажикстан менен чек араны тактоодо жылыштар болот деп ишендирген.

Ошол күндөрү Баткен облусунун жетекчилиги менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчилиги да жолугушуп, чек арада өткөн жылдан бери жабык турган бекеттерди ачуу боюнча сунуштар макулдашылган. Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жыйынында мунаса табылдыбы же жокпу, азырынча маалымдала элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясынын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн жылы февраль айында акыркы жыйынында 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин сунуштоо жана чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча сунуштар каралып, маселе кийинки жолугушууда талкууланмай болгон.

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:39 0:00

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG