Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кыргызстан Тажикстан менен Ворух анклавын алмаштырууга даяр (видео)


Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрөгасы Камчыбек Ташиев 26-мартта журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

“Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлеринен алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Бирок азырынча коңшу мамлекеттен жооп келе элек”.

Ташиев Тажикстандын Ворух анлавындагы маселени чечүү үчүн мындан башка да сунуштар болгонун кошумчалады.

“Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Бул анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана, пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот”.

16-18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн.

Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация барды.

Сүйлөшүүгө Тажикстан тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштаган ырасмий кызмат адамдары катышты.

Кыргызстанда Тажикстандын Ворух жана Кайрагач анклавдары жайгашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. (MiK)

XS
SM
MD
LG