Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ташкентте кыргыз-өзбек өкмөт аралык жыйыны аяктады


Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов. Ташкент шаары. 2021-жылдын 26-марты.
Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов. Ташкент шаары. 2021-жылдын 26-марты.

Өзбекстандын борбору Ташкентте бүгүн, 26-мартта премьер-министрлер Улукбек Марипов менен Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзбек тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун айрым тилкелерин долбоорлоого жана курууга катышууга даяр экенин билдирди.

Тараптар темир жол аркылуу жүк ташуу шарттарын жеңилдетүүнү, Ташкенттен Ысык-Көлгө автобус каттамын ачууну, үчүнчү өлкөдөн автомашина менен жүк ташууга уруксат бланктарын алмашуу квотасын 2 миң даана деп аныктоону макулдашышты.

Жыйында капиталы 200 миллион долларлык Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ачылса ири долбоорлор каржыланары, өнөр жай кооперациясы боюнча “жол картасы” аркылуу 550 миллион долларга 60 долбоор ишке ашары айтылды.

Кыргызстан соода кызматташтыгын кеңейтип, Өзбекстан аркылуу Ооганстандын, Пакистандын базарына чыгууга кызыкдарлыгын билдирип, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу багытында сүйлөшүүлөрдү улантуу маанилүү экенин белгиледи.

Өзбекстан жакын арада Кыргызстанга мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 10 миң көчөтүн бекер бермей болду жана кыргызстандык студенттердин бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алышына квота берүүгө даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, эстрада жылдыздарынын, улуттук жана классика музыкасынын концерттерин уюштуруу тууралуу да сөз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG