Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Кемпирабад плотинасы Өзбекстанда калат, сууну эки өлкө биргелешип пайдаланат (видео)


Кемпирабад суу сактагычы. 2017-жылдын 21-майы
Кемпирабад суу сактагычы. 2017-жылдын 21-майы

Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашты. Бул тууралуу 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, демаркация болгондо Өзбекстан Кыргызстанга компенсация иретинде Анжиян облусунун ичинен 1000 гектар жер берет. Мындан тышкары, Шахрихансай каналынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга калтырылып, өзбек тарап Кыргызстанга Өзгөн менен чектеш жерден 50 гектар жер берет.

«Суу толгондо 5737 гектарды ээлейт. Биз 900 горизонталь деп эсептегенде суунун территориясы кыскарды. 1300 гектар Кыргызстанга өттү, 4400 гектар суунун астында калды. Өзбек тарап бизге 1973-жылы компенсация катары бизге 4100 гектарды берген. Демек, дагы 300 гектар бериши керек. Ошол 300 гектардын ордуна компенсация иретинде биз 1000 гектар жерди алдык Өзгөн, Сузак райондорунун жерлерине”.

Ташиев билдиргендей, Кемпирабаддын ичи толуп, жээктеги үйлөргө суу кирген учурлар эми болбойт:

“Мурда ал 908 горизонталь менен каралчу. Эми 900 менен каралат. Суу жээкке чыкпайт, 900дөн көтөрүлбөйт. Жээктен болжол менен 2 чакырымдай ич жакка кирди. Мындан ары Өзгөн районунун Жаңы-Арык, Правда, Кароол айылдарына суу теппей калат”.

УКМК башчысы кыргызстандыктар Кемпирабаддын суусунан толук пайдалана аларын белгиледи:

“Кыргызстандыктар ал жерден суу алса, пайдаланса, балык кармаса болот. Өзбекстандын аскердик кароол кайыктары ал жерде жүрбөйт, суунун чекесине тосмо койбойт”.

Кемпирабад суу сактагычы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Өзгөн жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондору менен Өзбекстандын Анжиян облусу чектешкен аймакта жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG