Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Түркиядагы уйгурлар Кытай министринин сапарынын алдында акцияга чыгышты


Түркиядагы этникалык уйгурлар Кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы саясатына каршы акцияга чыгышты. Анкара менен Стамбулда өткөн акциялар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Түркияга сапарына нааразылык иретинде өттү.

25-мартта Стамбулдагы Беязит аянтына чогулган 1000дей адам түрк өкмөтүн Шинжаң боюнча катуу позиция карманууга чакырышты. Алар колдоруна Кытайда лагерлерде, түрмөлөрдө отурган жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, «Кытай диктатор», «Уйгурлардын геноцидин токтотуп, лагерлерди жапкыла» деген ураандарды чакырып жатышты.

Министр Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп жатканда Кытайдын Анкарадагы элчилигинин алдына нааразылык акциясы өттү. Ага уйгурлар менен катар түркиялык оппозициячыл саясатчылар, айрым окумуштуулар катышты.

Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында жашаган уйгурлардын ичинен бери дегенде бир миллиондой киши, алардан башка казак, кыргыз сыяктуу этностук азчылыктардын миңдеген өкүлдөрү, тарбия лагерлеринде азап тартып жатканын укук коргоочулар айтып келишет.

Анын ичинде жүз миңдеген адамды «кайра тарбиялоо лагерлеринде кармап, коммунисттик режимдин атрибуттарын, кытай тилин мажбурлап окутуп жатканы» ачыкка чыккан.

Расмий Бээжин куугунтук тууралуу четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлерин “кесипке үйрөткөн борборлор” деп сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG