Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Марипов Өзбекстандагы кыргыздар үчүн өзбек бийлигине рахмат айтты


Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстандын бийлигине бул өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга карата көрүлгөн камкордук үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-мартта кабарлагандай, Ташкентке иш сапары учурунда ал Жизак районунун Манас айылында отурукташкан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Марипов айылдын өзүнө барууга жетишпегенин, бирок алар жашоо шартына ыраазы экени тууралуу кабары бардыгын белгиледи жана “Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жатканы үчүн Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет» деди.

Ал эми мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салтын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык айтты.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Өзбекстанда 300 миңден ашуун этникалык кыргыз бар. Өткөн кылымдын 60-жылдарында негизделген Манас айылында 6,5 миң адам жашайт. Өзбекстанда жалаң кыргызча окуткан 14 мектеп бар.

Марипов Ташкентке иш сапар менен 25-мартта барган. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өкмөт аралык комиссиянын тогузунчу отурумуна катышат. Мындан тышкары Марипов Ташкенттеги айрым ишканаларды кыдырууда. Кыргыз делегациясынын курамына бир катар мекемелердин жетекчилери кирди. (RK)

XS
SM
MD
LG